Асад кызматтан кетүүдөн баш тартты
вторник, 8 января 2013 г. 7:47:33
Сириянын президенти Башар Асад козголоңчуларды куру сөз менен колдогонду токтотууга чет мамлекеттерди чакырды

Сириянын оппозициясы Сириянын президенти сунуш кылган тынчтык планын «куру сөз» деп баалады, анткени Асад өз кызматында калууга жана террорчулардын зомбулугу менен күрөштү улантууга убада берди.
Башар Асад террорчулардын зомбулугу менен күрөштү улантууга убада берди, ошондой эле чет өлкөлөрдү анын душмандарына колдоо көрсөтүүнү токтотууга чакырды. Сириянын президенти мындан тышкары улуттук диалогду жүргүзүүнү жана Сириядагы кандуу кризисти соңуна чыгарыш үчүн Конституция боюнча референдум өткөрүүнү сунуш кылды.
Жекшемби күнү Асад Дамаскиде сөз сүйлөдү. Өзүнүн бир сааттык сөзүндө ал өкмөттү кеңейтүү сыяктуу баарын камтыган планды сунуш кылды. Бирок ал кызматынан кетүүгө даяр экенин эч кандай көрсөткөн жок. Сириядагы бардык оппозициялык топтор Асаддын кызматтан кетишин талап кылышууда, бул өз кезегинде саясий өткөөлдүн биринчи баскычы болуп калмакчы. «Мен күндөрдүн биринде кетем, бирок өлкө калат», - дейт ал.
Өз сөзүндө Сириянын башчысы анын мамлекетине каршы кутум жана «Аль-Каиданын» ролу тууралуу жагдайды бир нече ирет баса белгиледи. Анын айтымында, «Аль-Каида» террорчу тобу 2011-жылы мартта элдик көтөрүлүш катары башталган революциянын негизги элементи болуп калган. «Сирияга революция коркунуч келтирип жаткан жок, ага кылмышкерлердин тобу коркунуч жаратууда», - дейт ал.
«Биз азыр согуш абалында турабыз», - дейт Сириянын президенти өз тарапташтарына. «Бул бир нече сириялыктар жана абдан көп сандагы чет өлкөлүктөр катышып жаткан Сирияга каршы согуш. Ошентип, бул улутту коргош үчүн болгон согуш», - деп белгиледи ал.
Асаддын анын кайрылуусу режимдин күчтөрү менен козголоңчулар катышып жаткан кандуу чатактан чыгуунун жолу болуп калышы мүмкүн деп сириялыктарды ынандырууга аракет кылганы түшүнүксүз болууда. БУУнун маалыматына таянсак, акыркы эки жылда Сирияда болгон согушта 60 миң адам курман болду.
Сириянын революциялык жана оппозициялык күчтөрүнүн улуттук коалициясы БУУ менен Араб Мамлекеттер Лигасынын ортомчусу Лахдар Брахими башында турган дипломатиялык аракеттердин аяктаганын түшүндүргөн Асаддын кайрылуусун кунт коюп укканын билдирди. «Бул жөн гана убакытты коротуу болду. Ал конструктивдүү эч нерсе айткан жок», - дейт «Al Jazeera» менен болгон маегинде Сириянын революциялык жана оппозициялык күчтөрүнүн улуттук коалициясынын басма сөз катчысы Луай Сафи. «Бул куру сөз», - деди ал. Валид аль-Бунни аттуу активист: «Сириянын ичинде жана анын чегинен тышкары жүргөн оппозиция Асаддын сунушуна макул эмес», - дейт.
«Асаддын эки жүздүү сөздөрү бардык чектен чыгып кетти», - деп «Twitter»ге комментарий берди Улуу Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг. «Ал Сирияны өлүм, зомбулук жана азап-кайгы кучагына алышына мүмкүндүк берди, ал эми куру убадалары карапайым калкты алдай алган жок», - дейт ал.
Акыркы жолу Асад ноябрь айында элге комментарий берген. Ошондо айтылган сөзүндө ал «Сириядан эч кайда кетпесин жана ушул мамлекетте өлөөрүн» айткан. Анын акыркы кайрылуусу 2012-жылдын июнь айында болгон эле.
Жекшемби күнү Асад Дамаскидеги опера театрынын сценасынан сүйлөдү. Анын сөзү кызуу кол чабуулар жана ыр ырдоо менен коштолду. Айрым байкоочулардын пикиринде, Асад абдан тыкыр тандалган аудиториянын алдында сүйлөгөн. Баш калаанын жашоочуларынын айтымында, шаар иш-чара башталар алдында курчалып коюлган.
Асаддын тастыктаганы боюнча, ал Сирияга чыккынчылык кылбаган адамдар менен гана элдешүүгө даяр. Ал ошондой эле тынчтыккка келиш үчүн ага шериктер керек экенин айтты. Асад саясий чечимден тышкары зомбулук менен террордун аягына чыгара турган вариант бар экенин билдирди. Ал Сирия аскерлеринин каармандыгын жогору баалаган кезде аудитория катуу кол чаап кыйкыра баштады.
Асад «улуттук диалог Сириянын тарыхындагы жаңы бөлүмдүн жазылышына себеп болот» деп билдирди. Улуттук диалог улуттук референдумга коюлуп, анын артынан парламенттик шайлоо өтүп, андан соң жалпы элдик мунапыс жарыяланмакчы. Оппозициянын комментарийлери болуп көрбөгөндөй көп болду. Атын атабаган активисттердин бири: ««Ал киши өлтүрүп, андан соң анын тажиясына келди» деген араб макалы бар», дейт.
Асад ошондой эле АКШ, Улуу Британия жана Франция кысмакка алып жаткан Сирияны колдогону үчүн Россия, Кытай менен Иранга ыраазычылык билдирди.

Иан Блэк
«Guardian», 7-январь, 2013-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Теги: Иан Блэк Асад кызмат сөз
Другие материалы раздела:
Комментарии
машины в бишкеке


Публикации Авторов:

22.09.2020
V.Panfilova, NG
Вашингтон не прочь изменить московский вектор Бишкека

20.09.2020
E.Pogrebnyak, R.EurA
Россия и Китай укрепляют обороноспособность Таджикистана

18.09.2020
M.Orlova, 24.kg
Что ждет кыргызстанцев, если кандидат "против всех" победит на выборах?

18.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Туркменистан избавляется от русского языка

16.09.2020
V.Panfilova, NG
Ашхабад предлагает Кабулу площадку для мирных переговоров

15.09.2020
"Kabar.kg"
Кыргызстан суверенное государство - остальное это говорильня

15.09.2020
"Ritm EurAsia"
На территории ЕАЭС введут систему полной прослеживаемости товаров

14.09.2020
"IA-Center"
Будущее Казахстана в Беларусском зеркале

14.09.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстану угрожает рост протестных настроений после выборов

11.09.2020
E.Pogrebnyak, Vzd
«Белорусский майдан» созревает в еще одном осколке СССР

09.09.2020
"Ritmeurasia"
Узбекистан пересмотрел свое отношение к ЕАЭС

07.09.2020
"Ritmeurasia"
Президент Кыргызстана не стал подписывать закон, где говорится о коррупционерах

04.09.2020
"Ritmeurasia"
ЕЭК изучит ситуацию по прекращению Казахстаном поставок металлического лома в Россию

03.09.2020
"Eurasianet"
Китай, возможно, хочет открыть новые военные базы в Таджикистане, утверждает Пентагон

02.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Бердымухамедову предлагают уйти по-хорошему

01.09.2020
G.Alekseenko (Afganistan.ru)
Центральная Азия стала спасательным кругом для мирных афганцев

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней