Кыргызстанда ишке ашпай калган төңкөрүштү уюштуруучулар соттолуп жатат
пятница, 11 января 2013 г. 7:49:51
Кыргызстандын улуттук партиясынын башчысы «мамлекеттик төңкөрүш кылууга аракет кылган» деп айыпталды

Бишкек, Кыргызстан. Бейшемби күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кыргызстандын улутчул партиясынын башчысынын тарапташтары чогулушту. «Ата-Журт» партиясынын лидери мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылганы үчүн күнөөлөндү.
Камчыбек Ташиев мурдагы Советтер Союзунун мамлекетинин саясий жана улуттук жактан бөлүнгөн түштүк аймактарында күчтүү колдоого ээ болгон «Ата-Журт» партиясын жетектейт. Байкоочулардын айтымында, массалык нааразылык акциялары бул мамлекеттеги алсыз туруктуулукка олуттуу коркунуч келтириши мүмкүн.
Эгерде Ташиев күнөөлүү деп табылса, 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал. Анын тарапташтары, ошондой эле укук коргоочулар үч депутаттын үстүнөн болуп жаткан сотту саясий буйрутма деп баалап жатышат. Алар ошондой эле «Ташиевдин жоругу «коомдук тартипти бузууга аракет кылды» деп каралууга тийиш» деп эсептешүүдө.
Камчыбек Ташиев өткөн жылдын октябрь айында элдин тобун бул Борбор Азия мамлекетинин борборунда жайгашкан парламенттин жана өкмөттүн мекемелерине баштап баргандан кийин камакка алынган.
Ташиев менен анын бир нече тарапташтары өкмөттүн имаратынын дарбазасынан ашып түшүүгө үлгүрүшкөн, бирок алар имараттын өзүнө киргенге чейин кармалып калышкан. Башаламандыктар нааразылык акциясына чогулган катышуучулар Кыргызстан үчүн экономикалык жактан маанилүү болгон алтын кенин мамлекетке өткөрүүнү талап кылган митингден кийин башталган.
«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 2010-жылы Кыргызстандын мурдагы президентин бийликтен кулатууга алып келген элдик төңкөрүш маалында буга окшогон иштерди кылган адамдар сот алдында жооп бербегенин, ал эми азыр бийликте олтурушканын айтат.
Советтер Союзу 1991-жылы тарап, өз эгемендигин алгандан бери Кыргызстан эки төңкөрүшкө күбө болду. 2005-жылы май айында коррупцияга жана начар башкарууга каршы бир апталык нааразылык акцияларынан кийин президент Аскар Акаев бийликтен кеткен. Беш жыл өткөн соң жаалданган элдин тобу президенттик администрациянын имаратына кол салып, ондогон адамдар өкмөттүк аскерлер тарабынан атылышы президент Курманбек Бакиевдин бийликтен куулушуна алып келген.
Айрым талдоочулардын айтымында, Ташиевдин ачык улутчулдугу улут аралык ажырым байкалып жаткан өлкө үчүн туруксуздаштыргыч жагдай болуп саналат. 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон улут аралык кагылышуунун маалында жүздөгөн адамдар курман болушкан. Ташиев Кыргызстандын түштүк аймактарынын тургундарынын күчтүү колдоосунан пайдаланат деп эсептелип жүрөт.
Ошондой эле Кыргызстанда түштүктөгүлөр менен түндүктөгүлөрдүн ортосунда ачык атаандаштык байкалууда. Айрым байкоочулар «Кыргызстандын түштүк бөлүгү консервативдүүрөөк жана эл негизинен айылда жашайт, ал эми Кыргызстандын түндүгү өнөр жайлуу» деп белгилешет.
5 миллион калк жашаган өлкө Кытайдын батыш чегарасында жайгашкан. Кыргызстанда Россия менен АКШнын аба базалары бар. Американын «Манас» аба базасы Афганистандагы аскердик операцияларга колдоо көрсөтөт.
Биринчи уктурууда Ташиевдин актоочулары соттоочуну алмаштырышкан, анткени ал саясатчыны камоодогу санкцияга катышкан. Ошондой эле Ташиевдин эки өнөктөшү, тактап айтканда Садыр Жапаров менен Талант Мамытовго «мамлекеттик төңкөрүш кылууга аракет кылды» деген айып тагылды.

Лейла Саралаева
«Associated Press», 10-январь, 2013-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Лейла Саралаева Кыргызстан төңкөрүш
Похожие материалы:
Другие материалы раздела:
Комментарии
авторынок


Публикации Авторов:

17.09.2019
RIA Novosti
Главы МИД Кыргызстана и Таджикистана обсудили инцидент на границе

12.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев меняет экономическую повестку в связях с КНР

10.09.2019
"KazTAG"
Китайцы атаковали системы связи Казахстана ради слежки за уйгурами – СМИ

06.09.2019
"Regnum"
Кыргызстан занимает 110-е место во Всемирном рейтинге туризма

05.09.2019
"Afghanistan.ru"
Бывшие американские дипломаты опасаются гражданской войны в Афганистане

05.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Из Кыргызстана уходят инвесторы

03.09.2019
A.Konstantinov, Ъ
Президент Казахстана поменял местами базис и надстройку

03.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев вывел элиту Казахстана за рамки госзакупок

31.08.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Узбекский парламент готовится стать местом для дискуссий

29.08.2019
V.Panfilova, NG
Туркменистан примерил сингапурское экономическое чудо

29.08.2019
R.Mamtchiz, "Gundogar"
Иностранный бизнес проникает в Туркменистан

26.08.2019
G.Ibragimova, RIA
США готовятся к схватке за Центральную Азию. Вытеснят ли они Россию и Китай

24.08.2019
V.Panfilova, NG
США проявляют интерес к Казахстану и Узбекистану

23.08.2019
A.Alehova (365info)
Конфигурация политического поля страны меняется — Ашимбаев

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней