Каддафи Саркозиге пара берген
понедельник, 7 января 2013 г. 11:02:06
Француз сотчусу Муаммар Каддафи чыны менен Николя Саркозиге 50 миллион доллар бергенин билдирди

Француз сотчусу «бардык далилдер Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози Ливиянын акыркы диктатору Муаммар Каддафиден 50 миллион евро алганын далилдейт» деп эсептейт.
Бүгүн пайда болгон далилдерди Иса пайгамбардын туулган күнүнүн алдында акыркы 20 жылда Франция менен Жакынкы Чыгыштын ортосунда болгон мыйзамдуу жана мыйзамсыз саналган келишимдерге ортомчулук кылган ливандык ишкер Зияд Такиеддин келтирди.
Буга чейин Каддафинин уулдарынын бири айтып бергенине жана француз веб-сайтына жарыялангандарга кеңири токтолуу менен Такиеддин далил катары сотко 2006-2007-жылдары болгон Николя Саркозинин биринчи президенттик өнөктүгү толук бойдон Триполи тарабынан каржыланганын тастыктай турган документтерди берээрин айтат. Анын айтымында, Саркози президент болгондон кийин дагы акча алуусун уланткан.
Ал француз жана британ аба чабуулдарынан улам ливиялык режим кулаарына аз калганда, 2011-жылы Саркози баш-аягы Каддафинин колунан 50 миллион евродон ашуун каражат алганы тууралуу Каддафинин улуу Саиф аль-Исламдын айткан сөздөрүн тастыктады.
Саркозинин айланасындагы булактар Такиеддиндин билдирүүсүн четке кагышты жана анын айткандарын «өтө нааразы кыла турган жана арам ойду көздөгөн сөздөр» деп аташты. Былтыр «Mediapart» веб-сайтына жарыяланган мындай кептерди Франциянын президенти Саркози да «болбогон сөз» деп айткан болчу.
Ливандык ишкердин өзүнө курал сатуу боюнча мыйзамсыз келишимдерди уюштурганы жана алганы үчүн айып тагылып, тергөө иши жүрүүдө. Ал француз сот системасы менен келишим түзгөнүн жана анын айыптоолоору бул келишимдин алкагында айтылып жатканын мойнуна алды.
Ал «Le Parisien» гезитине Каддафи Николя Саркозини каржылаган каржы системасын берүүгө даяр экенин айтты. Анын айтымында, ал француз саясатчыларына карата иликтөөгө алмаштыруу менен мындай маалыматты бөлүшүүгө даяр. Бул болсо ал 1993-жылдан башталган өзүнө каршы дооматтарды абдан эле азайткысы келип жатат дегенди түшүндүрөт. «Ооба, Ливия Саркозини каржылаган», - деп билдирди «Le Parisien» гезити менен болгон маегинде ливан ишкери.
Бирок жеке кызыкчылыгын көздөп айтылып жатышы мүмкүн болгон билдирүү Николя Саркозизинин аброюна олуттуу сокку урду. Бир нече жылдар бою Такиеддин Франциянын оңчул борборчу саясатчылары менен тыгыз иштиктүү жана жеке мамиледе, анын ичинде мурдагы президент Брис Ортефенин бала чагындагы досу, Саркозинин, Франциянын мурдагы ички иштер министри Клод Геандын, Саркозинин оңчул борборчу партиясынын азыркы башчысы Жан-Франсуа Копенин жакын тарапташы болгон. Ал ошондой эле 2007-жылы Ливияда камакка алынган болгар медайымдарын куткарууда маанилүү роль ойногон.
Ошондой эле Саркози 2007-жылы Франциядагы эң бай аял Лилиан Бетанкур анын партиясына каржылык колдоо көрсөткөн деп айыпталган. «Франциянын мурдагы президенти, балким, Бетанкур колдоо көрсөткөнүн билбеши мүмкүн» деген божомолдор бар. Өткөн айда былтыр жеңилүү менен аяктаган президенттик өнөктүк жөнүндөгү расмий маалыматтар шайлоо алдындагы өнөктүктүн байкоочулары тарабынан четке кагылды.
Каддафи менен болгон мыйзамсыз келишимдер үчүн тагылган айып француздардын мурдагы президентине абдан эле катуу таасир тийгизет. Саркози менен Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон акыры Каддафинин режиминин кулашына жана 2011-жылы октябрь айында анын өлүмүнө алып келген ливиялык оппозицияны уюштуруунун жана эл аралык колдоонун башында турушкан. Ошонун эле алдында Саркози өз тарапташтарын тынчсыздандырган болчу. 2007-жылы Саркози Каддафини шаан-шөкөт менен кабыл алган. Кийинчерээк Франция менен Ливиянын ортосунда келишимдерге кол коюлганы, анын ичинде Ливиянын чалгын күчтөрүнө байкоочу жабдууну жеткирүү боюнча келишим түзүлгөнү белгилүү болгон.
Такиеддин учурда тергөөдө жана бир нече жасалышы мүмкүн болгон кылмыштар боюнча күнөөлөнүп жатат. Ал ошондой эле Франция Пакистанга жана Сауд Арабиясына саткан курал тууралуу келишимге ортомчулук кылган деп айыпталууда. 19-декабрда өз айыптарын сотчу Рено ван Румбеке менен талкуулап жаткан маалда Такиеддин француз сот системасына «2007-жылдагы Саркозинин шайлоо алдындагы өнөктүгүн каржылоонун кат жүзүндөгү далилдерин бере алам» деп сунуш кылды. Ал Франциянын мурдагы президентинин шайлоо алдындагы штабынын башчысы Геан, ошондой эле Каддафинин жеке катчысы Башир Салехи менен 2006-2007-жылдагы шайлоо алдындагы өнөктүктүн төлөмдөрүн уюштурууну талкуулаган бир нече жолугушуу болгонун айтты.
Такиеддиндин айтымында, аталган жолугушуулардын кат түрүндөгү далилдери Ливиянын мурдагы өкмөт башчысы Аль-Багдади аль-Махмудиге берилген. Ливиядагы революциядан кийин Махмуди Франциядан башпаанек тапкан. Бир аз мурда Тунис аны Триполиге кайтарып берген, ал жактан мурдагы өкмөт башчы былтыр Саркози президенттик шайлоодон утулуп калган соң Францияга келген.

Джош Личфилд
«Independent», 4-январь, 2013-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Джош Личфилд Каддафи Саркози пара Зияд Такиеддин
Другие материалы раздела:
Комментарии
дизель kg


Публикации Авторов:

23.09.2019
"Nur.kz"
СМИ: Мечети начали уничтожать в Китае

23.09.2019
"Afghanistan.ru"
Окружение Трампа боится вьетнамского сценария в Афганистане

23.09.2019
"KP.ru"
Кыргызстан предложил США усилить торгово-экономическое сотрудничество

21.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев выбрал имидж президента для бедных

20.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Кыргызстан готовится вернуть своих граждан из Ирака и Сирии

18.09.2019
K.Karabekov&Co, Ъ
Дипломатия минометов. На границе

18.09.2019
V.Panfilova, NG
Пограничники начали войну на футбольном поле

17.09.2019
RIA Novosti
Главы МИД Кыргызстана и Таджикистана обсудили инцидент на границе

12.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев меняет экономическую повестку в связях с КНР

10.09.2019
"KazTAG"
Китайцы атаковали системы связи Казахстана ради слежки за уйгурами – СМИ

06.09.2019
"Regnum"
Кыргызстан занимает 110-е место во Всемирном рейтинге туризма

05.09.2019
"Afghanistan.ru"
Бывшие американские дипломаты опасаются гражданской войны в Афганистане

05.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Из Кыргызстана уходят инвесторы

03.09.2019
A.Konstantinov, Ъ
Президент Казахстана поменял местами базис и надстройку

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней