Буштун улуусу катуу ооруп жатат
пятница, 28 декабря 2012 г. 13:10:55
Джордж Буштун улуусу реанимацияга которулду

Дарыгерлердин тастыктаганы боюнча, АКШнын мурдагы президенти Хьюстон шаарындагы оорукананын реанимация бөлүмүнө которулду.
«АКШнын мурдагы президенти Джордж Буш Хьюстон шаарынын бейтапканасынын реанимациясына температурасы түшпөй жатканы үчүн которулган, бирок ал акыл-эси ордунда жана медициналык кызматкерлер менен сүйлөшүп жатат», - деп айтты анын басма сөз катчысы.
Буштун басма сөз катчысы Джим Макграт жекшемби күнү Буш Хьюстон шаарындагы Методистский госпиталынын интенсивдүү дарылоо бөлүмүнө жаткырылганын маалымдады. Анын айтымында, дарыгерлер АКШнын мурдагы президентинин саламаттыгы көзөмөлдө турганын белгилешип, аны дарылоо жөнүндө этият оптимизм маанайында болушкан. Макгарт Буштардын улуусунун абалы тууралуу кошумча майда-чүйдөгө токтолгон жок, бирок ал Буштун үй-бүлөсү жанында экенин айтты.
88 жаштагы Буш бронхиттен улам дарылоо курсунан өтүп, 23-ноябрдан бери ооруканада жаткан болчу. Буга чейин шаршемби күнү Макграт Буштун бейтапканага жатууга аргасыз кылган калтыратма күчөп кеткенин айткан. Анын айтымында, дарыгерлер ага катуу диета карматышкан.
«Акыркы бир-эки күндө Буштун температурасы жогору болууда», - деп айтты «Associated Press» менен болгон маегинде Макграт. «Дарыгерлер анын температурасын төмөндөтө алышкан жок», - деп кошумчалады ал. Бирок Макграт Буштун жөтөлү айыкканын айтты.
«Иса пайгамбардын туулган күнүнө карата Бушка анын аялы Барбара, уулу Нил жана анын келини Мария, ошондой эле небереси келип кетишти», - дейт Макграт. Күтүлүп жаткандай, шаршемби күнү Хьюстонго Мэриленд штатынын Бетес шаарында жашаган Буштун кызы Доротинин келиши күтүлүүдө. Ошондой эле АКШнын 41-президентине анын уулдары - АКШнын 43-президенти кичүү Джордж Буш менен Флорида штатынын мурдагы губернатору Джеб Буш келип кетишкен. Жылдын кыш мезгилинде Буш менен анын аялы Хьюстондо, ал эми жайкысын Мэн штатынын Кеннебанкпортундагы үйдө жашашат.
Экинчи дүйнөлүк согуштун маалында АКШнын мурдагы президенти аскер-деңиз учкучу болуп кызмат өтөгөн жана Тынч океандын үстүндө анын учагын талкалап кеткенге чейин флоттогу эң жаш учкучтардын бири болгон. 1992-жылы Ак Үйдөн кеткенден кийин ал өзүнүн туулган күнүн эң аз дегенде үч жолу парашюттан секирүү менен белгилеген.

«Associated Press», 27-декабрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Джордж Буш оору Хьюстон
Другие материалы раздела:
Комментарии
авто из киргизии


Публикации Авторов:

21.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев выбрал имидж президента для бедных

20.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Кыргызстан готовится вернуть своих граждан из Ирака и Сирии

18.09.2019
K.Karabekov&Co, Ъ
Дипломатия минометов. На границе

18.09.2019
V.Panfilova, NG
Пограничники начали войну на футбольном поле

17.09.2019
RIA Novosti
Главы МИД Кыргызстана и Таджикистана обсудили инцидент на границе

12.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев меняет экономическую повестку в связях с КНР

10.09.2019
"KazTAG"
Китайцы атаковали системы связи Казахстана ради слежки за уйгурами – СМИ

06.09.2019
"Regnum"
Кыргызстан занимает 110-е место во Всемирном рейтинге туризма

05.09.2019
"Afghanistan.ru"
Бывшие американские дипломаты опасаются гражданской войны в Афганистане

05.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Из Кыргызстана уходят инвесторы

03.09.2019
A.Konstantinov, Ъ
Президент Казахстана поменял местами базис и надстройку

03.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев вывел элиту Казахстана за рамки госзакупок

31.08.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Узбекский парламент готовится стать местом для дискуссий

29.08.2019
V.Panfilova, NG
Туркменистан примерил сингапурское экономическое чудо

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней