АКШда бала асырап алуу жөнүндө Россиянын мыйзамы сынга алынды
понедельник, 31 декабря 2012 г. 13:51:50
Россия менен АКШнын ортосундагы мамилелердин бузулушунун шартында АКШнын расмий тараптары Путин кабыл алган россиялык балдарды асырап алууга тыюу салган мыйзамды сынга алышты

РФнын президенти америкалыктарга россиялык балдарды багып алууга тыюу сала турган мыйзамга кол койду, ал эми Вашингтон бул мыйзамды «саясий негизделген мыйзам» деп атады.
АКШнын өкмөтү америкалыктарга россиялык балдарды асырап алууга тыюу сала турган Кремлдин чечимин «саясий жактан негизделген» деп баалады, ошондой эле Москва менен болгон мамиленин мындан аркы начарлашы жөнүндө эскертти.
Жума күнү Россиянын президенти Владимир Путин 2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган талаштуу мыйзамга кол койду. Ошондой эле мыйзам АКШда болжолдуу дайындалган ата-энесине барууну күтүп жаткан 52 баланын тагдырына таасир тийгизиши мүмкүн. Россиянын жаңы мыйзамы юрист Сергей Магнитскийдин урматына аталган Американын мыйзамына өч алуу катары кабыл алынды.
Магнитский 2009-жылы анын айтымында 230 миллион доллар уурдап алууга катышы бар делген офицерлер тарабынан камакка алынып, түрмөдө өлгөн. АКШнын Магнитскийдин иши боюнча нааразылыгы Магнитскийдин ишине тиешеси бар кызмат адамдарынын Америкадагы банк эсептерине акча сактоосуна же болбосо саякат кылышына тыюу салууга алып келди.
Жума күнү АКШнын Мамлекеттик департаменти Путин кол койгон россиялык балдарды америкалыктардын багып алуусуна тыюу салган мыйзамды сынга алды. «Россия өкмөтүнүн саясий жактан мотивдешкен чечими азыркы учурда мамлекеттик мекемелердин багуусунда турган балдарга таасирин тийгизет», деп айтылат АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө.
Ошондой эле АКШнын Мамлекеттик департаменти акыркы 20 жылда америкалыктар 60 миңден ашуун россиялык балдарды багып алганын тастыктайт. «Бул балдардын көбү азыр аларды сүйгөн ата-энесинин колунда жакшынакай жашап жатат», деп айтылат АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө.
АКШ америкалык үй-бүлөлөрдө жаңы жашоо баштай турган ондогон наристелер менен балдардын кыйын акыбалына өзгөчө көңүл бурду. АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү: «Биз ошондой эле жакын арада өздөрүнүн америкалык ата-эненелерине келе турган балдардын иши дагы токтотула турганы жөнүндө билдирүүгө тынчсызданып жатабыз. Биз Россиянын өкмөтү бул өздөрүнүн болочоктогу ата-энерлери менен жолугушуп жана жакындап калган балдарга алар өздөрүнүн жаңы үй-бүлөсүнө келиши үчүн зарыл болгон юридикалык процедураларды бүткөрүүгө уруксат берет деп үмүттөнөбүз», - деп айтты.
Бирок жаңы мыйзам кабыл алууда россиялык аткаминерлер ашыкча болгон кээ бир жагдайлар менен америкалык үй-бүлөлөрдө болгон 19 баланын өлүмүн бетине кармоого аракет кылышты. Жума күнү Путин кол койгон мыйзам Дима Яковлевдин урматына аталган. 21 айлык бул бала Вирджиния штатында унаанын ичинде ысыктан улам камыгып өлгөн. Анын багып алган атасы айыпталып, кийинчерээк «атайлап киши өлтүргөн эмес» деп табылган, бул Россиянын ММКларынын кескин сынын пайда кылган.
Путин бала асырап алуу тууралуу жаңы мыйзамды мекенчилдик чакырыгынын артына жаап-жашырууга аракет кылды. Ал «Россия өз жарандары үчүн кам көрүүгө тийиш» деп билдирди. Бирок Россиянын ичинде мыйзам оппозиция тарабынан сынга кабылды. Оппозициянын өкүлдөрү жаңы мыйзамды «киши жегичтик» деп аташты. Ошондой эле Россиянын оппозициясы жаңы мыйзамга каршы чыккан 100 миңден ашуун адамдын колун топтогон.
Ички сынды азайтыш үчүн Путин Россиядагы жетим балдар үчүн медициналык жардамды жакшыртуу тууралуу декретке кол койду. Бирок Кремлдин жогорку даражалуу аткаминерлери АКШнын жаңы декрет тууралуу аракеттерин сынга алууга аракет кылышты. РФнын президентинин басма сөз катчысы «Магнитский» мыйзамы «кансыз согуш» маалынан берки мурдагы душмандардын ортосундагы мамилелерди калыбына келтирүү аракетин олуттуу түрдө бузат» деп билдирди.
Москванын акыркы кадамына карата жасаган өзүнүн расмий жообунда Вашингтон бала асырап алууга тыюу салуу жөнүндөгү жаңы мыйзам бала багып алууга байланышпаган тармактарга таасир этээрин эскертти. Ошондой эле мыйзам россиялык жана америкалык өкмөттүк эмес уюмдардын адам укуктарын коргоо, ачык өкмөт жана шайлоонун таза өтүшү тууралуу маселелерди камтыган ар түрдүү тармактар боюнча кызматташтыгына тоскоолдук кылмакчы.
«Кошмо Штаттар мурдагыдай эле бүт дүйнөдө, анын ичинде Россияда жарандык коомду өнүктүрүүдөн жана демократиялык процесстерди колдоодон тайбайт», - деп белгилейт Вашингтондун өкүлү.
Юристтин өлүмүнө байланыштуу сот залында турган жалгыз адамга карата жума күнү чыгарылган актоочу өкүм дагы көптөгөн суроолорду пайда кылды. Магнитский өлгөн түрмөнүн дарыгери Дмитрий Кратов буга чейин ишиндеги шалаакылыгы үчүн күнөөлүү деген айыпты мойнуна алган эмес. Ал Магнитскийге тиешелүү медициналык жардам берүүгө ылайыктуу медициналык кызматкерлери жок экенин айтып келген.

Мэтт Виллиамс
«Guardian», 29-декабрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Теги: Мэтт Виллиамс АКШ Россия мыйзам бала асырап алуу сын
Другие материалы раздела:
Комментарии
опель


Публикации Авторов:

18.09.2020
M.Orlova, 24.kg
Что ждет кыргызстанцев, если кандидат "против всех" победит на выборах?

18.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Туркменистан избавляется от русского языка

16.09.2020
V.Panfilova, NG
Ашхабад предлагает Кабулу площадку для мирных переговоров

15.09.2020
"Kabar.kg"
Кыргызстан суверенное государство - остальное это говорильня

15.09.2020
"Ritm EurAsia"
На территории ЕАЭС введут систему полной прослеживаемости товаров

14.09.2020
"IA-Center"
Будущее Казахстана в Беларусском зеркале

14.09.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстану угрожает рост протестных настроений после выборов

11.09.2020
E.Pogrebnyak, Vzd
«Белорусский майдан» созревает в еще одном осколке СССР

09.09.2020
"Ritmeurasia"
Узбекистан пересмотрел свое отношение к ЕАЭС

07.09.2020
"Ritmeurasia"
Президент Кыргызстана не стал подписывать закон, где говорится о коррупционерах

04.09.2020
"Ritmeurasia"
ЕЭК изучит ситуацию по прекращению Казахстаном поставок металлического лома в Россию

03.09.2020
"Eurasianet"
Китай, возможно, хочет открыть новые военные базы в Таджикистане, утверждает Пентагон

02.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Бердымухамедову предлагают уйти по-хорошему

01.09.2020
G.Alekseenko (Afganistan.ru)
Центральная Азия стала спасательным кругом для мирных афганцев

01.09.2020
V.Panfilova, NG
Страны бывшего СССР создают новый консультативный альянс – без России

30.08.2020
"Gazeta.uz"
«Накинули на голову мешок и забрали на вертолете» — отец блогера из Соха

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней