Түндүк Кореянын мурдагы башчысы өз каарына какап калганбы?
понедельник, 31 декабря 2012 г. 9:05:00
Ачуулануу Ким Чен Ирдин өлүмүнө себеп болгонбу?

Расмий түрдө жүрөк оорусунан көз жумду делген Ким Чен Ирдин өлүмүнө бир жыл өтсө да, корей башчысынын өлүмүнүн себептери тууралуу көп нерсе белгилүү эмес. ММКлар «башчы 17-декабрда саат 8ден 30 мүнөт өткөн кезде кезектеги иш сапарынын маалында өзүнүн жеке поездинде каза тапкан» деп маалымдашкан.
Анын кеч уктай турган адатын жана жандоочтон алынган сүрөт боюнча бул маалда поезд дагы эле Пхеньянда экенин эске алганда, бул версия жөнүндө айрым күмөн ойлор, чындап эле Ким поездде болгонуна ишенбестик келип чыккан.
Түштүк кореялык «Chosun Ilbo» гезити бейшемби күнү автору «Кимге ГЭСтеги олуттуу маселелер жөнүндө кабар жеткен соң кыжырланган башчынын жүрөк пристубу кармаган» деп болжолдогон макаланы жарыялоо менен бул жоромол кептерге бир аз боек кошту.
Версиялардын көптүгүн эске алып, маалыматты атын жашыруун калтырууну каалаган булак айткан жана ушундан улам аны бир аз шектенүү менен кабыл алууга болот. Бирок бул кеп чыны менен кызыгууну пайда кылат, анткени Ким долбоордун мааниси менен анын татаал мүнөзүн эске алганда ГЭС жөнүндө жаңылыкка абдан эле катуу нааразы болушу мүмкүн. Буга начарыраак жүрөктү кошуп койгула, бүттү, трагедия болоорунан шектенбейсиз.
Өлкөнүн алыскы түндүгүндөгү «Huichon» ГЭСи быйыл апрель айында ачылды жана ал Пхеньянга электр жеткирүүчү негизги булак болууга тийиш болчу. Ким курулуштун жүрүшүнө бир нече ирет барганы тууралуу маалыматка таянсак, мамлекет башчысы курулуш 2012-жылы-анын атасы Ким Ир Сендин туулган күнүнө карата бүтүшүн каалаган.
Түндүк Кореядагы гидроэлектроэнергиянын мааниси ГЭС тартылган гербде өзгөчө көрсөтүлгөн.«Chosun Ilbo» гезитинин булагы берген маалыматка таянсак, «Huichon» ГЭСинин маселеси абдан начар болгон. «Бул жөн ган жарака эмес болчу. Бүт дамбанын коопсуздугу маселе жараткан», - дейт ысымын атабаган булак.
Ошол эле маалда Кимдин кызуу кандуу мүнөзү баарына белгилүү эле. Кимдин үй-бүлөсүндө көп жыл иштеген япон ашпозчусу Кенджи Фуджимото Ким ката кетирген аткаминерлерге колуна тийген нерселер менен тап бергенин айтат. Ким Ир Сен түштүк кореялык «Daewoo» компаниясынын өкүлдөрү менен 1990-жылы болгон чатактын маалында уулун тынчтандырыш үчүн ортого түшүүгө аргасыз болгон. Жана сиз кичүү Кимдин кыйыгына тийген адамды эмне күтөөрүн көпкө деле издеп убара болбойсуз.
Ошондой эле Кимдин ден соолугу жөнүндө абдан жакшы белгилүү эле. 2008-жылы анын жүрөк оорусу кармаган. «Chosun Ilbo» гезити ГЭСтеги кыйынчылыктар акыркы тамчы болуп калганын, анткени ага чейин Ким маанилүү долбоорлор деп саналган болот жана текстиль өндүрүү боюнча заводдордо олуттуу кемчиликтер бар экенин билген. Түндүк Корея өнөр жай долбоорлоруна кандай маани бергенин эске алганда мындай болушу толук ыктымал, албетте, биз Кимге жаман кабар айтууга тапшырма берилген байкуш аткаминерди аяп койсок болот.
Өлгөндөн кийин жана ГЭСтин курулушу бүткөн соң мамлекеттик ММКлар Кимди долбоордун ийгилиги менен байланыштырууну улантышты. Балким Кимдин өлүмү долбоордун өз убагында бүтүшүнө жана маселенин чечилишине стимул болду деп эч ким айта албайт.
«Huichon» ГЭСи Ким Чен Ир өлкөгө жана өз элине калтырган баалуу мекенчил мурас жана улуу монументалдуу курулуш», - деп жазды борбордук маалымат агенттиги ушул жылдын башында.

Аластейр Гейл
«Wall Street Journal», 27-декабрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Аластейр Гейл Түндүк Корея Ким Чен Ир жүрөк
Другие материалы раздела:
Комментарии
колеса кыргызстан


Публикации Авторов:

23.09.2019
"Nur.kz"
СМИ: Мечети начали уничтожать в Китае

23.09.2019
"Afghanistan.ru"
Окружение Трампа боится вьетнамского сценария в Афганистане

23.09.2019
"KP.ru"
Кыргызстан предложил США усилить торгово-экономическое сотрудничество

21.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев выбрал имидж президента для бедных

20.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Кыргызстан готовится вернуть своих граждан из Ирака и Сирии

18.09.2019
K.Karabekov&Co, Ъ
Дипломатия минометов. На границе

18.09.2019
V.Panfilova, NG
Пограничники начали войну на футбольном поле

17.09.2019
RIA Novosti
Главы МИД Кыргызстана и Таджикистана обсудили инцидент на границе

12.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев меняет экономическую повестку в связях с КНР

10.09.2019
"KazTAG"
Китайцы атаковали системы связи Казахстана ради слежки за уйгурами – СМИ

06.09.2019
"Regnum"
Кыргызстан занимает 110-е место во Всемирном рейтинге туризма

05.09.2019
"Afghanistan.ru"
Бывшие американские дипломаты опасаются гражданской войны в Афганистане

05.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Из Кыргызстана уходят инвесторы

03.09.2019
A.Konstantinov, Ъ
Президент Казахстана поменял местами базис и надстройку

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней