Араб мамлекеттери Иранга каршы бирикти
пятница, 28 декабря 2012 г. 9:46:34
Перс булуңунун кызматташтык боюнча кеңеши аймактагы өлкөлөрдүн ишине кийлигишкени үчүн Иранды сынга алды

Манамада болгон саммитте Перс булуңун алты мамлекети өз коңшусунан алардын ички иштерине кийлигишпөөнү талап кылды.
Перс булуңунун алты мамлекети Иранды сынга алышты, муну менен катар «ал биздин ички иштерибизге кийлигишкенин тез арада токтотсун» деп талап кылышты жана эл аралык коомчулукту Сириядагы массалык кыргын менен эл аралык укуктардын бузулушунун аягына чекит коюуга чакырышты.
Манамада болгон эки күндүк саммиттин жыйынтыгында Перс булуңунун өлкөлөрүнүн кызматташтык боюнча кеңешинин мүчөлөрү Бахрейнди колдошоорун айтышты. Ошондой эле кеңештин мүчөлөрү Тегеранды сынга алып, аны былтыркы шииттик көтөрүлүштү тутандырды деп айыпташты.
Шейшемби күндөгү саммиттин жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүүдө: «Кеңеш Ирандын Перс булуңунун өлкөлөрүнүн кызматташтык боюнча кеңешинин ишине кийлигишүүсүн улантып жатканын сынга алды жана муну кабыл албасын билдирди, ошондой эле Иранды буга окшогон аракеттерди токтотууга чакырды», - деп айтылат.
Кеңеш «мүчө болгон мамлекеттер Ирандын өз кезегинде бүткүл аймактагы туруктуулук менен коопсуздукка коркунуч келтирген жана аймактык чыңалууну күчөткөн кийлигишүүсүн сынга алат жана четке кагат», - деп билдирет.
Сауд Арабиясы, Катар, Бахрейн, Кувейт, Оман менен Бириккен Араб Эмираттары Иранды эмираттын «үч аралын оккупациялашы» үчүн доомат коюшту жана бул өлкөнү сынга алышты. Алардын айтымында, Иран Ормуз кысыгында жайгашкан Абу-Муса, Чоң жана Кичи Томб аралдардын оккупациялап алууга аракет кылууда.
Аралдар тууралуу чатакка кошумча болуп, былтыр Перс булуңунун аскерлери нааразылык акциясын басууга жардам бериш үчүн Бахрейнге киргенден кийин, Иран менен Перс булуңунун өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешине мүчө болгон мамлекеттердин көпчүлүгүнүн ортосундагы мамиле курчуган.

Кара булуттай болгон коркунуч
Бахрейндин ички иштер министри Шейх Халид бин Ахмед аль-Халифа: «Иран абдан олуттуу жана көп тараптуу коркунуч келтирет. Саясий коркунуч бар жана сиздер айтып өткөндөй, Иран Перс булуңунун мамлекеттеринин ишине абдан эле кийлигишип кетти. Биздин аймакка экологиялык коркунуч туулуп жатат. Ирандын айрым өзөктүк объектилеринде колдонулуп жаткан технология аймактын баарына олуттуу коркунуч пайда кылат. Жана албетте, биздин аймактын үстүнө кооптуу жагдайлар жаралууда, анткени Ирандын өзөктүк программасынын айынан кайсы учурда болбосун чатак чыгып кетиши ыктымал. Мындайча айтканда, кооптуулуктун деңгээли жетишерлик жогору», - деп белгиледи.
Ошондой эле Перс булуңунун өлкөлөрүнүн кызматташтык боюнча кеңеши Сириядагы чатак тууралуу дагы кеп учугун чубашты. Кеңештин баш катчысы Абдулатиф аль-Зайяни: «Биз эл аралык коомчулуктан Сириядагы оор кылмыштар менен киши өлтүрүүнүн аягына чекит коюш үчүн олуттуу жана токтоосуз чараларды көрүүнү өтүнөбүз», - деп билдирди.
Перс булуңунун өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин башчылары Сирияда уланып жаткан кан төгүүгө, бул мамлекеттин инфраструктурасы менен шаарларынын кыйрашына терең кайгырышканын билдиришти. Ошондой эле кеңештин башчылары эл аралык коомчулуктан өлкө жетекчилигин алмаштыра турган кечиктирилгис чараларды ишке ашырууну суранышты.
Мындан тышкары Перс булуңунун өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешине мүчө болгон мамлекеттер Сириянын кайрадан түзүлгөн улуттук коалициясын колдой турганын айтышты жана аны Сирия элинин мыйзамдуу өкүлү катары таанышты.
Саммит Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африканын ири бөлүгүн кучагына алган толкундоолордун маалында тыгызыраак экономикалык интеграция жана биримдикке чакыруу менен дүйшөмбү күнү ачылды.

«Al Jazeera», 26-декабрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Перс булуңу араб мамлекеттери Иран саммит
Другие материалы раздела:
Комментарии
продажа авто в бишкеке


Публикации Авторов:

17.01.2020
"Intrefax"
На переговорах Мирзиёева в Кремле присоединение Узбекистана к ЕАЭС будет одним из главных вопросов

13.01.2020
A.Groshev, Vesti.uz
Почему И.Каримов пожертвовал своей дочерью

10.01.2020
"Eurasia.expert"
Кыргызстан примет меры по устранению заторов на казахстанской границе

08.01.2020
"Zakon.kz"
Возможна ли Третья мировая война из-за эскалации конфликта на Ближнем востоке

08.01.2020
G.Gracheva, NG
Президент Казахстана ужесточил наказания за общественно опасные преступления, как и обещал перед выборами

30.12.2019
"Ferghana"
Самые громкие события, которые случились с мигрантами в России в 2019 году

25.12.2019
K.Krivosheev, A.Vinokurov, Ъ
Узбекские выборы отошли от традиции

24.12.2019
Y.Roks, V.Panfilova, NG
Ташкенту предстоит усилить парламент

23.12.2019
"Asia +"
Зимний отдых в Центральной Азии: куда ехать кататься на Новый год

20.12.2019
N.Mayorova (Zvezda)
Патрушев: боевики ИГИЛ готовят плацдарм на севере Афганистана для вторжения в Центральную Азию

19.12.2019
"Interfax"
Политики Узбекистана изучают возможность вступления страны в ЕАЭС

19.12.2019
Y.Roks, NG
Кыргызы и таджики Баткена опять сошлись в рукопашной

17.12.2019
"Eurasia.expert"
Советник Токаева прокомментировал заявления о переименовании Алматы

17.12.2019
O.Suharevskaya, Vesti.uz
Средняя Азия: Взрыватели уже тикают

12.12.2019
P.Leonard, EuAs
Узбекистан: выборы оживились, но выбор ограничен

11.12.2019
"Platon.Asia"
Порт Актау присоединится к Региональному форуму по торговле и транспорту

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней