Качкын генерал «Асад химиялык курал колдонду» деп жатат
пятница, 28 декабря 2012 г. 7:10:43
Оппозиция тарабына өтүп кеткен аскер полициясынын командачысы «Хомс шаарында химиялык курал колдонулду» деп билдирди

Качкын генерал сириялык козголоңчуларга кошулган жогорку даражалуу офицерлердин бири болуп калды.
Оппозиция тарапка өткөн Сириянын аскер полициясынын башчысы Асаддын режимин системалуу түрдөгү кыргындар үчүн айыптады жана тынчы жок Хомс шаарында козголоңчуларга карата химиялык курал колдонулганы чындык экенин маалымдады.
Генерал-майор Абдул-Азиз аль-Джасим Шаллал козголоңчулар тарапка өткөн Сириянын эң жогорку даражалуу офицерлеринин бири болуп калды. Ал президент Башар Асадды жактап согушуп жаткан күчтөрдү карапайым калкты кырганы үчүн айыптады. Сириядагы жарандык согуш эки жылдан бери уланууда.
«Мен Сириянын армиясынан ал мындан ары улутту коргой албаганы жана өлүм менен кыйроо алып келе турган бандага айланып бара жатканы үчүн качып кеттим», - деди ал Интернетте жайгашкан өзүнүн видео кайрылуусунда.
Ал аскерлерди шаарлар менен кыштактарды талкалангандыгы жана эркиндикти талап кылыш үчүн өлкөнүн көчөлөрүнө чыккан күнөөсүз адамдарды тыйпыл кырганы үчүн айыптады. Генерал Шаллал оппозиция менен бир нече айдан бери кызматташып келгенин, андан соң расмий түрдө козголоңчулар тарапка өтүүнү чечкенин айтты.
Генерал Сириянын оппозициясынын пайдасы үчүн качкан же болбосо бийликтен баш тарткан жогорку даражалуу аткаминерлердин акыркыларынын бири. Бирок анын айтымында, Иса пайгамбардын туулган күнүнүн алдында Хомс шаарында химиялык курал колдонулган. Көрүнүп тургандай, анын тастыктоолору Сириянын оппозициясы менен анын чет элдеги колдоочуларынын абдан катуу кызыгуусун жаратмакчы.
Буга чейин Хомс шаарында Сириянын күчтөрү нервди шал кылуучу ууландыруучу затты колдонгону тууралуу маалыматтар тараган. Өз сөзүндө генерал Шаллал жогоруда айтылган фактыны тастыктады. Ал эми ошол маалда «Al Jazeera» эң аз дегенде жети киши Хомс шаарындагы козголоңчу районго өкмөттүк күчтөр тарабынан чачылган уулуу газдан курман болгонун кабарлаган.
«Биз газдын түрүн билбейбиз, бирок медиктер уулануунун белгилери зарин газына окшоп жатат деп айтышууда», - деп кабарлады «Al Jazeera»га Хомс шаарынын активисти Раджи Рахмет Раббу.
Азырынча Хомс калаасында колдонулган зат эл аралык укук тарабынан тыюу салынганбы же жокпу, белгисиз. Ошого карабай, генерал «химиялык курал» деген сөздү так айтты. Ошону менен катар куралдын салттуу эмес түрүн колдонуу Сириядагы чатакка түз кийлигишкиси келбеген эл аралык коомчулук тарабынан тыюу салынган.
Кыязы, химиялык куралдын маселеси менен анын коопсуздугу БУУнун жана Араб Мамлекеттер Лигасынын элчиси Лахдар Брахиминин ишемби күнү Россиянын жетекчилиги менен боло турган сүйлөшүүлөрүнүн маалында башкы тема болчудай. Россия мурдагыдай эле Сириянын өкмөтүн колдоп жатат. Бирок козголоңчулар бир катар ийгиликтерге, анын ичинде Дамаскиде жеңишке жетишип жаткан маалда айрым россиялык аткаминерлер Россия тарап Асадга көрсөтүп жаткан колдоо азайышы мүмкүн экенин айтышты.
Генерал Шаллал оппозиция менен бир нече айдан бери кызматташып келе жатканын, анын формалдуу баш тартуусу бир нече апта болгонун тастыктады. Ал козголоңчулар менен режимдин оппозиция тарапка өткүсү келген дагы бир канча жогорку даражалуу аткаминерлери иштешип жатканын белгиледи. «Атын атагысы келбеген Сириянын коопсуздук кызматынын булагы генерал Шаллалдын качып кеткенин тастыктады, бирок анын маанисин азайтты», - деп кабарлайт «Reuters». «Жакын арада генерал Шаллал отставкага кетиши керек жана ал «баатыр» атанышы үчүн көтөрүлүшкө кошулду», - деп билдирди булак.
Шаллал «түндүктөгү Ракка провинциясындагы чабуулда аялдар менен балдар өлтүрүлдү» деген маалыматтардын учурунда оппозиция тарапка өтө качты. Видеодо сегиз бала менен үч аялдын сөөктөрү көрсөтүлдү. Активисттер кол салуу Кахтания кыштагында болгонун билдиришти.

Алистар Дабер
«Independent», 27-декабрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Алистар Дабер Асад химиялык курал генерал Шаллал
Другие материалы раздела:
Комментарии
avto


Публикации Авторов:

18.07.2019
"Dzen.Yandex"
Чт за народ каракалпаки в Узбекистане?

18.07.2019
"Afghanistan.ru"
Узбекистан собирается принять участие в строительстве афганского участка газопровода ТАПИ

17.07.2019
V.Panfilova, NG
Президента Кыргызстана перехватила Москва

15.07.2019
"Ritmeurasia"
Чем выгоден ЦА экономический коридор Пакистана и Китая

12.07.2019
K.Karabekov, K.Krivosheev, Ъ
Россия и Кыргызстан рекультивируют отношения

12.07.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский вектор становится менее привлекательным для стран ЕАЭС

12.07.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Премьер-министр Узбекистана доволен тем, как развиваются отношения его страны с Россией

09.07.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Евросоюз презентовал в Бишкеке новую стратегию для Центральной Азии

09.07.2019
V.Panfilova, NG
Русских в Туркменистане легализуют

07.07.2019
"Tengrinews"
Кыргызстан всколыхнуло убийство иностранца в центре Бишкека

04.07.2019
V.Panfilova, NG
Туркменские мигранты ищут «Путь к свободе»

01.07.2019
V.Panfilova, NG
Экс-президенту Кыргызстана грозит пожизненное заключение

26.06.2019
"EADaily"
В Афганистане формируется новая база ИГИЛ — эксперт

26.06.2019
"RIA Novosti"
В ОДКБ рассказали о возросшей угрозе терактов в Центральной Азии

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней