Түндүк Корея аскердик ракетаны космостук деп сынады
среда, 26 декабря 2012 г. 11:38:38
«Түндүк кореялык аскер технологиялары» «ракетаны космоско учуруу» деген шылтоо менен сыналды

Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги 10 миң чакырымдан учуп өтүүгө жөндөмдүү болгон ракетаны сыноо «космоско жандооч учурулду» деген шылтоо менен ишке ашканын тастыктоодо.
«Өткөн аптада түндүк кореялык ракетанын космоско кое берилиши - иш жүзүндө пайдалуу жүктү 10 миң чакырымга чейин жеткирүүгө жөндөмдүү баллистикалык ракетаны сыноо болчу», - деп кабарлайт Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги.
«Биздин талдоо менен моделдештирүүнү негиз кылсак, түндүк кореялык ракета 500дөн 600 килограмм салмакка чейинки дүрмөтбаш менен 10 миң чакырымдан ашык учууга жөндөмдүү», - деп билдирди жекшемби күнү Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинин өкүлү.
12-декабрда Түндүк Корея «Unha-3» үч баскычтуу ракетасын космоско учурду. Түндүк Кореянын жетекчилиги ракета космоско уюлдук-орбиталдык жандоочту жеткириш үчүн учурулганын тастыктады. Бирок сынчылар «Түндүк Корея ракетанын жардамы менен өзөктүк дүрмөтбаштарды алыс аралыкка жеткирүүгө зарыл болгон технологияларды текшериш үчүн ракета учурду», - деп белгилешет.
Түштүк Кореянын берген баасына таянсак, ракетанын учуу аралыгы ракетанын биринчи баскычы үчүн отун катары керектелчү азот кислотасы сакталган кычкылдандыргыч бакты талдоо жүргүзүүгө негизделген. Ракетанын биринчи баскычынын ажыраган бактары деңизге түшкөн.
Талдоого мүмкүн болгон ракетанын экинчи жана үчүнчү баскычынын сыныктарына ээ болбой туруп, расмий тараптар ракета кайтып келүүгө жөндөмдүүбү же жокпу деген суроонун жообун аныктай албай турганын айтышты. Ракетанын стратосферага кайтып келиши Континет аралык баллистикалык ракеталарды (КБР) куруу технологиясынын негизги элементи болуп саналат.
Бир катар өлкөлөр жана эл аралык уюмдар, анын ичинде БУУнун Коопсуздук Кеңеши баллистикалык ракетаны жашыруун сынады делген Түндүк Кореянын ракета учурушун сынга алышты. БУУнун аткаминерлеринин тастыктаганы боюнча, Түндүк Корея 2006-жылы жана 2009-жылы бул мамлекет өзөктүк сыноолорду жүргүзгөндөн кийин бул өлкөгө милдеттендирилген БУУну резолюциясын бузду.
Түндүк Корея «ракета космоско жандооч алып чыгыш үчүн учурулду» деп билдирди. Айрым байкоочулар, анын ичинде Түндүк америкалык аэрокосмикалык коргоо командачылыгы (NORAD) «объект» космоско ракетанын жардамы менен кое берилгенин ырасташты.

Баш ийбеген Түндүк Корея
Көптөгөн эксперттер ракетаны кое берүүнүн ийгилигин обочолонгон Түндүк Корея үчүн алдыга кетүүдөгү маанилүү стратегиялык кадам катары баалашты. Бирок ракета куруу тармагындагы адистер ракета көрсөткөн баллистикалык деңгээл боюнча ар башка пикирлерди айтышты.
Түштүк Кореядан чогултулган ракетанын сыныктары сегиз катар болуп жаткырылган жана кол менен ширетилген алюминий менен магнийдин эритмесинен жасалган.
«Ракетанын бириккен жерлерин ширетүү иштетилген эмес жана колго жасалган», - деп белгиледи Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинин өкүлү. Ал ошондой эле уулуу химикаттар сакталган кычкылдандыргыч бактарды алдыңкы космоттук техникаларды пайдаланышкан өлкөлөр сейрек колдонушаарын кошумчалады.
Өткөн аптада ракета учурулгандан кийин Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ун ракетанын кубаттуураак түрлөрүн иштеп чыгууга чакырды. Ишемби күнү Түндүк Кореянын расмий ММКлары жума күнү Ким Пхеньянга ракета менен иштеген бардык окумуштууларды чогултканын кабарлашты. Ошондой эле ракета кое берилген күнү Ким космоско илимий жандоочторду көбүрөөк учурууга чакырган. Анын жума күнкү сөзү өзүнүн мамлекетиндеги узак мөөнөттүү ракета программасын алдыга сүрөөнүн башталышын билдирди.

«Al Jazeera», 25-декабрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Түндүк Корея ракета
Другие материалы раздела:
Комментарии
dizel.kg


Публикации Авторов:

17.01.2020
"Intrefax"
На переговорах Мирзиёева в Кремле присоединение Узбекистана к ЕАЭС будет одним из главных вопросов

13.01.2020
A.Groshev, Vesti.uz
Почему И.Каримов пожертвовал своей дочерью

10.01.2020
"Eurasia.expert"
Кыргызстан примет меры по устранению заторов на казахстанской границе

08.01.2020
"Zakon.kz"
Возможна ли Третья мировая война из-за эскалации конфликта на Ближнем востоке

08.01.2020
G.Gracheva, NG
Президент Казахстана ужесточил наказания за общественно опасные преступления, как и обещал перед выборами

30.12.2019
"Ferghana"
Самые громкие события, которые случились с мигрантами в России в 2019 году

25.12.2019
K.Krivosheev, A.Vinokurov, Ъ
Узбекские выборы отошли от традиции

24.12.2019
Y.Roks, V.Panfilova, NG
Ташкенту предстоит усилить парламент

23.12.2019
"Asia +"
Зимний отдых в Центральной Азии: куда ехать кататься на Новый год

20.12.2019
N.Mayorova (Zvezda)
Патрушев: боевики ИГИЛ готовят плацдарм на севере Афганистана для вторжения в Центральную Азию

19.12.2019
"Interfax"
Политики Узбекистана изучают возможность вступления страны в ЕАЭС

19.12.2019
Y.Roks, NG
Кыргызы и таджики Баткена опять сошлись в рукопашной

17.12.2019
"Eurasia.expert"
Советник Токаева прокомментировал заявления о переименовании Алматы

17.12.2019
O.Suharevskaya, Vesti.uz
Средняя Азия: Взрыватели уже тикают

12.12.2019
P.Leonard, EuAs
Узбекистан: выборы оживились, но выбор ограничен

11.12.2019
"Platon.Asia"
Порт Актау присоединится к Региональному форуму по торговле и транспорту

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней