Москва менен Дели аскердик байланыштарын чыңдоодо
среда, 26 декабря 2012 г. 9:04:22
Индия менен Россия коргоо боюнча жаңы келишимге кол коюшууда

Стратегиялык жана экономикалык байланыштарды чыңдоого умтулган Россия менен Индия куралдануу боюнча жаңы келишимдерге кол коюшту, ал эми президент Владимир Путин туруктуу жана мурдагы өнөктөшү менен мамилелерди бекемдөөнү көздөп жатат.
Индия менен Россия 3 миллиард доллар суммасына «Сухой СУ-30 МК» аттуу жаңы 42 аскердик учакты, ошондой эле «Ми-17В5» тик учагын алуу тууралуу келишимге кол коюшту.

Көптөн берки өнөктөштөр
Куралдануу системасына ээ болуу тууралуу келишимге жыл сайын болуучу «Индия-Россия» XIII саммитинин жүрүшүндө Индиянын өкмөт башчысы Манмохан Сингх менен Россиянын президенти Владимир Путиндин ортосунда болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кол коюлду.
Тик учактар Индиянын аба күчтөрүнө жана армиясына антимаоисттик аскердик операцияларга зарыл болгон артыкчылыкка жетиш үчүн берилмекчи. Көп бутаны мээлей алган учак россия-индиялык биргелешкен «БрахМос» ишканасы тарабынан даярдалган жогорку үндүү крейсер ракеталары менен жабдылган.
«Куралдуу күчтөрдү жаңылоо жана коргонуу мүмкүндүктөрүн жогорулатуу боюнча биздин күч-аракеттерде Россия маанилүү өнөктөш болуп саналат. Жогорку технологиялар жаатында биргелешкен иштеп чыгуу, өнүктүрүү жана өндүрүш боюнча долбоорлор ишке ашып жатат», - дейт өкмөт башчы Сингх.
Путин Индия менен бекем достук жана кызматташтык Россиянын башкы тышкы саясий приоритети экенин баса белгиледи. «Бизде азыр бул мамилелер уникалдуу өзгөчө жана артыкчылык мүнөздө деп айтууга толук негиз бар. Индия менен Россия эл аралык аренада жоопкер жетектөө менен жамааттык аракеттерде үлгү болууда», - деп белгиледи россиялык президент.
Коргоо маселеси боюнча кызматташтык Россия-Индия мамилелеринин негизи болуп эсептелет, ал эми россиялык өндүрүштөн чыккан аскердик жабдуулар Индиянын аскер курал-жарагынын 70 пайызына жакынын түзөт.

Атом энергиясы боюнча кызматташтык
Май айында жаңы алты жылдык президенттик мөөнөтүн баштагандан бери биринчи ирет болгон Путиндин бир күндүк иш сапары сөздүн түз маанисинде айтканда ат үстүндө болду. Иш сапарынын жүрүшүндө ал индиялык жетекчилик менен анын жумушчу графигин чектеген кыр аркасындагы оорусунан улам бир нече саат гана жолугушту.
«Азыр ал тургай индиялык бюрократтар менен аскерлердин арасында да Россияга карата жактыруу жана колдоо бар. Америка-Индия мамилесинин жаңы аракеттерине карабай, Россия кадырлуу жана туруктуу дос болуусун улантууда», - дейт эл аралык мамилелер боюнча алдыңкы эксперт Амитабх Мату.
Эки тараптын башчылары эки жактуу кызматташтык маселелерин, айрыкча өзөктүк энергия тармагындагы маселелерди талкуулашты, анткени Россия тынчтык максаттагы атом энергиясы боюнча индиялык программанын маанилүү өнөктөшү болуп эсептелет.
«Биздин программаны өнүктүрүү биздин стратегиялык шериктештикте маанилүү тармак болуп келген», - дейт өкмөт башчы «Куданкулам» өзөктүк долбоорун ишке ашыруунун биринчи баскычы аяктаганын жана жакында электр энергиясын өндүрүү баштала турганын белгилөө менен. Ошондой эле Индиянын өкмөт башчысы келерки жылы долбоордун экинчи баскычы бүтүп калат деп үмүттөнүп жатканын айтты.
Россиянын «Росатом» агенттигинин башчысы Сергей Кириенко журналисттерге Индиянын түштүгүндөгү атом электр станциясын куруу маалында коопсуздук боюнча баардык сунуштамалар сакталганын билдирди.
2014-жылы Афганистандан НАТОнун аскерлери чыгарылат деп пландалып жаткан шартта Индия менен Россия экстремизм жана Афганистан келчү баңгизаттардын аткезчилиги менен күрөшүү боюнча тыгыз кызматташтык жөнүндө да макулдашты.
Быйыл Россия менен Индия дипломатиялык мамилелердин башталашынын 65 жылдыгын белгилешет. Ушул жылдын соңунда сооданын деңгээли рекорддук жогору көрсөткүчкө - 10 млрд. долларга жетет деген божомол бар.

Мурали Кришнан
«Deutsche Welle», 24-декабрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Мурали Кришнан Индия Россия аскердик байланыштар келишим
Другие материалы раздела:
Комментарии
www.diesel.kg


Публикации Авторов:

14.06.2019
"Stanradar"
Какие подарки получил Кыргызстан накануне саммита ШОС

13.06.2019
"Fergahana.News"
В Ташкенте при поддержке США начался форум CAMCA об освоении Центральной Азии

13.06.2019
"CA News"
Племена Центральной Азии использовали марихуану во время ритуалов около 2500 лет назад

11.06.2019
Y.Roks (NG)
Второму президенту Казахстана досталось не такое уж и сказочное наследство

10.06.2019
"CAmonitor.kz"
Высокий износ энергетических мощностей сохраняется в Казахстане

09.06.2019
"Kapital.kz"
UPD: Задержаны 500 человек в Нур-Султане и Алматы

07.06.2019
V.Prohvatilov, Zk.kz
США усиливают давление на Казахстан через подконтрольные НПО и СМИ

04.06.2019
S.Voronov, NG
Казахстан: выбор есть!

03.06.2019
"Kazakhstan2.0"
Назарбаева vs Кулибаев: война за активы

31.05.2019
V.Panfilova, NG
Беглый президент мобилизует кыргызских трудовых мигрантов

29.05.2019
"Nezavisimaya gazeta"
В ЕАЭС из Назарбаева надеются "выжать" еще много положительного

26.05.2019
A.Hodasevich, NG
Белоруссия и Казахстан договорились по поставкам нефти

22.05.2019
Sh.Abdulhasanov (Polit - Asia)
Трудовая миграция − панацея для Центральной Азии

22.05.2019
V.Panfilova, NG
Евросоюз изменит подход к странам ЦA

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней