«Газпром» «Кыргызгазды» бүкүлү бойдон жутууда
вторник, 25 декабря 2012 г. 7:42:33
Россиянын «Газпром» компаниясы Кыргызстандын мамлекеттик газ компаниясына ээ болгусу келет

Бишкек, Кыргызстан. Кыргызстандын мамлекеттик «Кыргызгаз» газ компаниясы өзүнүн бардык акцияларын Россиянын энергетикалык монополисти болгон «Газпром» компаниясына сатуу сунушун караштырып жатканын билдирет. Бул өз кезегинде Борбор Азиянын бул жакыр мамлекетиндеги энергетикалык каатчылыктын соңуна чекит коюуга жардам бериши мүмкүн. Жума күнү «Кыргызгаз» компаниясынын директору Тургунбек Кулмурзаев 1-апрелге чейин кыргыз газ компаниясынын акцияларын Россиянын энергетикалык монополистине сатуу боюнча маселе чечиле турганын айтты.
Өткөн аптада Кыргызстандын көптөгөн жашоочулары газы жана электр жарыгы жок калышкан. Кризис Астана Өзбекстан менен макулдаша албаган үчүн өзүнүн газын сарптагысы келбеген коңшулаш Казакстандан келчү жаратылыш газынын жетишсиздигинен улам келип чыккан. Кыргызстанда 5 миллион калк жашайт. Бул мамлекет Кытайдын батыш чегарасында жайгашкан жана Казакстандын алдында бир топ карызы бар.
Бир нече күн бою болжол менен -20 градус Цельсияга чейин температура төмөндөп кеткендиктен Бишкектин жашоочулары жана шаарга жакын жайгашкан райондор газы жана электр энергиясы жок калышты. Газ жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашы Кыргызстандын жашоочуларын үйдө электр жылыткычтарын пайдаланууга аргасыз кылды, бул өз кезегинде бүткүл өлкө боюнча электрди кыйгас өчүрүүлөргө алып келди.
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев электр энергиясы боюнча маселени чече албагандыктан 2010-жылы зомбулук менен коштолгон көтөрүлүшүнүн маалында анын режими кулатылган.
Кыргызстандын мамлекеттик газ компаниясынын активдерин Россиянын газ монополистине сатуу өлкөнүн жашоочуларын тынчсыздандырат окшойт. Россия мурдагы Советтер Союзунун Украина менен Белорусия сыяктуу республикаларынын маанилүү энергетикалык инфраструктураларын көзөмөлгө алыш үчүн колунан келген күч-аракетин жумшаган.
Бул аптада «Кыргызгаздын» башчысы Москвага барып, россиялык «Газпром» компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөргөн. «Газпром» компаниясынын жетекчилиги Кулмурзаевге «Кыргызгаз» компаниясынын бардык акцияларын сатууну сунуш кылган. Азыркы учурда «Кыргызгаз» компаниясынын 87 пайыз акциясы мамлекетке таандык. Компаниянын 4,5% социалдык инвестициялык фондуларга тиешелүү болсо, калган акцияларга жеке инвесторлор ээ.
«Россия «Кыргызгаздын» бардык акцияларын, ал тургай жеке акционерлерден да сатып алууга ниети бар экенин билдирди», - деп белгиледи Бишкектен Кулмурзаев. «Кыргызгаздын» башчысы компания сатыла турган баа жөнүндө айткан жок, бирок россиялык тарап номиналдуу сумманы төлөп берет деген божомол бар, анткени кыргыз компаниясынын карызы 31 миллион долларга жакын. Ал «Газпром» беш жылда Кыргызстандын газ өткөргүч системасын жаңылаш үчүн 650 миллион доллар инвестиция жумшоону пландап жатканын айтты.
«Кыргыз газ компаниясын саткан соң «көгүлтүр отундун» баасы Кыргызстан газдын миң кубометрине 224 доллар төлөп Казакстандан, же болбосо 290 доллар төлөп Өзбекстандан сатып алганга караганда кыйла эле арзан болмокчу», - дейт Кулмурзаев. «Биз 2013-жылы Россиянын «Газпром» компаниясы өлкөдөгү «көгүлтүр отундун» маселесин чечет деп үмүттөнүп жатабыз».
Кыргызстан Россиянын «Газпром» компаниясы газдын жаңы кендерин да чалгындайт деп күтүп жатат.

«Associated Press», 24-декабрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Газпром Кыргызгаз сатуу
Другие материалы раздела:
Комментарии
авторынок киргизии


Публикации Авторов:

21.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев выбрал имидж президента для бедных

20.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Кыргызстан готовится вернуть своих граждан из Ирака и Сирии

18.09.2019
K.Karabekov&Co, Ъ
Дипломатия минометов. На границе

18.09.2019
V.Panfilova, NG
Пограничники начали войну на футбольном поле

17.09.2019
RIA Novosti
Главы МИД Кыргызстана и Таджикистана обсудили инцидент на границе

12.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев меняет экономическую повестку в связях с КНР

10.09.2019
"KazTAG"
Китайцы атаковали системы связи Казахстана ради слежки за уйгурами – СМИ

06.09.2019
"Regnum"
Кыргызстан занимает 110-е место во Всемирном рейтинге туризма

05.09.2019
"Afghanistan.ru"
Бывшие американские дипломаты опасаются гражданской войны в Афганистане

05.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Из Кыргызстана уходят инвесторы

03.09.2019
A.Konstantinov, Ъ
Президент Казахстана поменял местами базис и надстройку

03.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев вывел элиту Казахстана за рамки госзакупок

31.08.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Узбекский парламент готовится стать местом для дискуссий

29.08.2019
V.Panfilova, NG
Туркменистан примерил сингапурское экономическое чудо

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней