Сириянын оппозициясы бирикти
понедельник, 17 декабря 2012 г. 23:26:25
Франция Сириянын оппозициялык жана революциялык күчтөрүнүн улуттук коалициясын (СОРКУК) 100 мамлекет колдогонун тастыктайт

Марракеш, Марокко. Шаршемби күнү сириялык оппозициянын жаңы коалициясын 100дөн ашуун мамлекет тааныды. «Сириянын оппозициялык жана революциялык күчтөрүнүн улуттук коалициясын (СОРКУК) таануу Башар Асаддын аскерлери менен согушуп жаткан Сириянын күчтөрүнө ири гуманитардык жардам жана балким, аскердик жардам жеткирүүгө мүмкүндүк түзөт», - деп билдирди Франциянын тышкы иштер министри.
СОРКУКтун түзүлүшү «анча жакшы уюшпай жатат» деген сынга кабылып келген Сириянын оппозициясына жардам берүүнү тереңдетиш жана кеңейтиш үчүн эл аралык коомчулук талап кылып жаткан көптөн күткөн кадам болуп калды.
Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус Марокконун Марракешинде «Сирия элинин достору» аттуу жыйынды «болуп көрбөгөндөй прогресс» деп атады. Ал «бир жылда эмес, ар бир үч айда Европа Биримдиги (ЕБ) уюмдун мамлекеттери ийкемдүү болушу үчүн Сирияга курал жеткирүү тууралуу эмбаргону жаңылап турушу жагдай дайыма өзгөрүп жатканына байланыштуу» деп белгиледи.
«Бизге бул маселе боюнча өз мамилебизди уланта турган же өзгөртө турган мүмкүндүктөр зарыл. Сириянын оппозициялык жана революциялык күчтөрүнүн улуттук коалициясы (СОРКУК) өз укугун коргоону суранды жана азыркы учурда аны дүйнөнүн 100дөн ашык мамлекети тааныды. Кечээ СОРКУК АКШ тарабынан таанылды, ал эми Франция бул коалицияны тааныган алгачкы өлкө болуп калды. Мен бул абдан маанилүү учур деп эсептейм», - деп кошумчалады ал.
Жыйын АКШнын президенти Барак Обама СОРКУК Сириянын бардык жашоочуларынын «мыйзамдуу өкүлү» болуп саналаарын жарыялагандан бир нече саат өткөндөн кийин болду.
Жыйындын маалында Сириянын оппозициясынын өкүлү Валид аль-Бунни «жөн гана таанып коюуга эмес, чыныгы колдоо көрсөтүүгө» чакырды. Ноябрь айында Катардын Доха шаарында өткөн жыйында Сириянын оппозициялык жана революциялык күчтөрүнүн улуттук коалициясы (СОРКУК) түзүлгөн болчу. СОРКУКтун өкүлдөрү эл аралык колдоону, анын ичинде аскердик жардамды күчөтүүнү суранышты.
«Биздин эл гуманитардык жардамга эле муктаж болуп жаткан жери жок», - деп айтты «Associated Press» агенттигинни кабарчысы менен болгон маегинде оппозициянын мүчөсү Салем Абдель Азиз Меслет. «Биз Сириянын армиясын колдоого муктаж болуп жатабыз, ошондой эле бул режимден кутулуш үчүн өлкөдө болуп жаткан окуяларды тездетүү зарыл», - деп белгиледи ал.
Жыйында Сауд Арабиясы 100 миллион долларлык көмөк пакетин бөлгөнү тууралуу айтты, бул СОРКУКту колдоонун башталышын көрсөттү.
Батыш өлкөлөрү Сирияга курал жөнөтүүгө шашылган жок жана бул маселеде өзгөчө ролду Ливиядан алынган тажрыйба дагы ойнойт. Батыш Ливия оппозициясын активдүү колдогон, ал эми кийинчерээк Ливияда согушка аралашкан топтор абдан көбөйүп кеткен.
2 жылга жакын убактан бери Сирияда согуш жүрүп жатат жана 40 миңге чамалуу киши кырылды, ал эми бир аз мурда эл аралык коомчулук Асад өзүнүн химиялык куралын колдонушу мүмкүн деп кооптонгонун билдирди.
«Улуу Британия адамдардын өмүрүн сактап калуучу кайсы гана амалды болбосун колдон чыгарбайт», - деп эскертти жыйында сүйлөгөн сөзүндө Улуу Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг. «Биз Сириядагы чатак канчага чейин уланаарын билбейбиз, бирок эл аралык коомчулуктун СОРКУКка жардам берүү боюнча биргелешкен аракети Сирия элинин ишенимине ээ болууга көмөк берет, өлкөнүн тынчтык келечегине негиз түптөйт жана чатактан жабыр тарткандарды коргойт, ошондой эле тирешти жана кыргынды токтотууга туура жол табат», - деп белгиледи ал.
Сириянын оппозициясы менен байланышуу боюнча Улуу Британиянын атайын элчиси Джон Уилкс шаршемби күнү болгон жыйын донордук жана аскердик жардам чогултуу максатын көздөбөгүнүн белгиледи. Анын айтымында, жыйын мындан аркы эл аралык коомчулук тараптан келе турган көмөктү колдонуу боюнча рационалдуу жолдорду табууга жардам берүү, ошондой эле бул жардамды оппозициянын көзөмөлүндө турган орундарга тиешелүү түрдө бөлүүчү оппозициялык мекемени түзүш үчүн өткөрүлдү.
«Эң башкысы - эл аралык коомчулук институттар менен мекемелерди түзгөндүгү жана Сирияга акча кайрадан агыла баштаганы. Демек жагдай үч ай мурдагыга караганда жакшыраак болот. Аларга да жакшы, бизге да жакшы», - деп айтты ал жыйын башталганга чейин.
Өз сөзүндө коалициянын вице-президенти Сухеир Аттаси эл аралык коомчулук гуманитардык жардам бөлүүнү сунуш кылгандан кийин СОРКУК бардык жардам жайгаштырыла турган зарыл болгон жай курганын айтты.
Обама АКШ СОРКУКту Сирия элинин мыйзамдуу өкүлү катары тааныган жарыя менен чыгаарда анын администрациясы «Аль-Каида» менен мамилеси бар деген шек туудурган сириялык козголоңчулар тобунун «кара тизмесин» жарыялады. Обаманын ал чаралары Сирияда экстремисттердин таасирин азайтууга багытталган.
Фабиус жыйындын катышуучуларынын арасында АКШнын чаралары жөнүндө пикир келишпестик чыкканын, ал эми бир катар араб мамлекеттери кээ бир сириялык козголоңчу топту террорчулардын катарына кошушканына каршылык билдиришкенин белгилеп өттү. Анын айтымында, сириялык оппозициянын жаңы башчысы Асаддын режими менен күрөштө жетиштүү салым кошуп жаткан топторду террористтик деп айтыш кыйын экенин белгилеген.
Ошого карабай, өз сөзүндө коалициянын жаңы президенти Моуаз Хатиб экстремизмдин бардык формаларын сынга алды. Көрүнүп тургандай, ал Сирияда иш алып барып жаткан жихаддык топторду кыйытты окшойт. Ал ошондой эле Асад тиешелүү болгон алавиттерди мунасага чакырды жана аларды оппозициянын күрөшүнө кошулууга үндөдү. «Биз алавиттерден сунулган колду кабыл алууну, ошондой эле режимдин зомбулугун токтотууга бизге жардам берүүнү өтүнөбүз», -деди ал.
АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жыйынга катышмак, бирок ооруп калгандыктан иш сапарын токтоткон. АКШнын Мамлекеттик департаментинин атынан жыйынга мамкатчынын Жакынкы Чыгыш боюнча орун басары Уильям Бернс катышты.
Шаршемби күнү Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сириянын коалициясын таануу 40 миң адам курман болгон чатактын бардык тараптарын камтыган «бүткүл сириялык диалогдун» башталышын караган, буга чейин кол коюлган эл аралык келишимге карама-каршы келээрин билдирди.

Пол Шемм
«Associated Press», 13-декабрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Пол Шемм Сирия оппозиция СОРКУК
Другие материалы раздела:
Комментарии
www.diesel.elcat.kg


Публикации Авторов:

17.09.2019
RIA Novosti
Главы МИД Кыргызстана и Таджикистана обсудили инцидент на границе

12.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев меняет экономическую повестку в связях с КНР

10.09.2019
"KazTAG"
Китайцы атаковали системы связи Казахстана ради слежки за уйгурами – СМИ

06.09.2019
"Regnum"
Кыргызстан занимает 110-е место во Всемирном рейтинге туризма

05.09.2019
"Afghanistan.ru"
Бывшие американские дипломаты опасаются гражданской войны в Афганистане

05.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Из Кыргызстана уходят инвесторы

03.09.2019
A.Konstantinov, Ъ
Президент Казахстана поменял местами базис и надстройку

03.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев вывел элиту Казахстана за рамки госзакупок

31.08.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Узбекский парламент готовится стать местом для дискуссий

29.08.2019
V.Panfilova, NG
Туркменистан примерил сингапурское экономическое чудо

29.08.2019
R.Mamtchiz, "Gundogar"
Иностранный бизнес проникает в Туркменистан

26.08.2019
G.Ibragimova, RIA
США готовятся к схватке за Центральную Азию. Вытеснят ли они Россию и Китай

24.08.2019
V.Panfilova, NG
США проявляют интерес к Казахстану и Узбекистану

23.08.2019
A.Alehova (365info)
Конфигурация политического поля страны меняется — Ашимбаев

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней