Өзбекстандын дарегине Евробиримдик тарабынан сын айтыш үчүн шылтоо
вторник, 18 декабря 2012 г. 15:23:36
Өзбекстанда эми мыйзам репрессиянын куралы болуп калды

Жыйырма жыл мурда ушул аптада Өзбекстан өз алдынча мамлекет катары адам укуктары менен демократияга мыйзамдык негиздерди түзүү менен өзүнүн биринчи Конституциясын кабыл алган. Бирок жыйырма жыл өткөн соң өзбек Конституциясында каралган демократиялуу өкмөт менен адам эркиндигин бүгүнкү күндө адам укуктарын системалуу түрдө бузуп жаткан авторитардык өкмөттө эч ким деле эстебей жаткан учуру. Бирок Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөнүн жетекчилигине Өзбекстандагы демократиянын абалын жана мыйзамды сыйлоосун жакшыртуусуна таасир эте албай турган жагдайда экени катуу өкүндүрөт. Бул факты Евробиримдик менен Тышкы иштер боюнча европалык кызматтын натыйжасыз саясатын көрсөтүп турат.
Мыйзамдын сакталышынын принциптерине ылайык, эч ким мыйзамдан жогору турбашы керек жана бардык мамлекеттик аткаминерлер мыйзамдын алкагында гана иш алып барууга тийиш. Тарыхый жактан алганда Конституция мыйзамдын жогору турушуна кепилдик берүүнү калыптандырган жана мамлекеттик бийлик институттары жана бийликти бөлүштүрүү аркылуу аны ишке ашыруунун институционалдык алкагын түзгөн. Өзбекстандын Конституциясы өзгөчө эмес. Преамбулада өз элинин адам укуктары менен демократияга берилгендиги айтылат. 13-беренеде Өзбекстандагы демократия адамдын жашоосу, ар-намысы, эркиндиги жана кадыр-баркы деген сыяктуу башкы баалуулуктарга негизделет. Чектеп туруу жана тең салмактоо системасын бекитүү менен 11-берене бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот мекемелерине бөлүнүшүнө кепилдик берет.
Бирок иш жүзүндө Өзбекстан адам укугу жаатындагы жагдай мышык ыйлагыдай авторитардык мамлекет бойдон калды. Өзбек өкмөтү укук коргоочуларды, журналисттерди жана башка адамдарды өз оюн эркин билдирүү, басма сөз, жыйын куруу сыяктуу негизги эркиндиктерин пайдалангысы келгени үчүн куугунтуктап жатат. Акыркы жылдарда өзбек өкмөтү кээ бир диссиденттерди түрмөгө олтургузуш үчүн жасалма айыптарды тагууну пайдаланган. Мисалы, белгилүү журналист Дилмурод Саидов Самарканд шаарынын жергиликтүү бийлигиндеги коррупция жана дыйкандардын укуктары тууралуу чоң репортаж даярдай коем деп жалган жалаа менен опузалоо беренеси боюнча күнөөлөнүп 12,5 жылга абакка кесилген. Жалган жерден баңгизат аткезчилиги боюнча айыпталган журналист Салижон Абдурахманов 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал жергиликтүү МАИ кызматкерлерин сынга алган макала жазгандан кийин камакка алынган.
Өзбекстандагы соттор өз функцияларын аткарбайт. Конституция «соттоочулар эркин болуш керек жана алардын ишине кийлигишүүгө тыюу салынат» деп белгилегенине карабай, өзбектер сот системасынын өз алдынчалыгына таптакыр ишенишпейт. Алар сотторду объективдүү эмес деп эсептешет, ал эми тергөөчүлөр алардын пикиринде иштин кандай жыйынтыкталышын толук көзөмөлдөйт. Сот системасын коррупция дагы талкалап кеткен, анткени өзбектер актоочуларды «пара алган ортомчулар» деп аларга ишенишпейт. Акзам Тургуновдун иши Өзбекстандагы соттор өз алдынча жана калыс эмес экенине ачык мисал боло алат. Укук коргоочу жана саясий оппозициячы Тургунов опузалап акча алганы үчүн айыпталган жана 10 жылга эркинен ажыратылган. Тургунов эки апта бою камалып, ошондой эле катуу кыйноого кабылганына (анын аркасына кайнак суу куюп, катуу күйгүзүшкөн) карабай, сот бул тартип бузууларды четке каккан. Былтыр ноябрь айында БУУнун мыйзамсыз кармоо боюнча жумушчу тобу Тургуновду камакка алуу мыйзамсыз болгонун билген. Топ Тургунов өзүнүн мыйзамдуу укук коргоочулук ишин аткарган үчүн кармалганын, ал эми анын үстүнөн болгон сот процесси эл аралык эң эле төмөнкү стандарттарына да ылайык эмес деген бүтүмгө келген.
Өзбекстандын Евробиримдик менен кызматташуусу өлкөдөгү мыйзамды сыйлоо менен адам укуктарынын жакшыруусуна оң таасир тийгизет деген үмүт бар болчу. Тилекке каршы, андай болбоду. Евробиримдикти Өзбекстан менен демократия, адам укуктары жана мыйзамды сыйлоо жаатында кызматташууга милдеттендирген бир нече документтер бар. Эң башкы документтердин бири - Евробиримдик менен Өзбекстандын ортосундагы шериктештик жана кызматташтык боюнча келишим. Дагы бир документ - Евробиримдиктин Борбор Азиядагы мыйзамды сыйлоо боюнча демилгеси – «Евробиримдик - Борбор Азия» стратегиясынын алкагында кабыл алынган. Бул документтерден тышкары Кэтрин Эштондун Евробиримдиктин эл аралык мамилелерде адам укуктарын «күмүш жип» кылууга чакырган кайрылуусу, ошондой эле бир аз мурда кабыл алынган «Евробиримдиктин адам укуктары жана демократия боюнча иш-аракеттеринин стратегиялык планы» бар. Бирок жалпысынан Евробиримдик менен Өзбекстандын бул жааттагы боюнча кызматташтыгы абдан эле натыйжасыз болуп чыкты.
Евробиримдиктин идеалдарын ишке ашырыш үчүн Евробиримдик өзбек өкмөтүн адам укуктарын бузганын жана мыйзамды сыйлоо принциптерин сактабаганын сынга алышы керек. Мыйзамды сыйлоо жок болгон кезде өлкөдө адам укуктары менен демократиянын чыныгы өнүгүшү эч мүмкүн эмес. Соттор мыйзамды сыйлоонун принциптери экенин эске алган Евробиримдик токтоосуз түрдө сот системасын реформалоону кабыл алууга тийиш. Дал ошол эркин соттор аркылуу конституциялык абал өз маанисине ээ болуп, элди, айрыкча журналисттер менен укук коргоочуларды өкмөткө карата айтылган сындан улам куугунтукка алуудан коргоп калат. Евробиримдик өлкөдө мыйзамды сыйлабоонун кесепетинен жабыр тартып жаткан укук коргоочуларды, эркин журналисттерди жана саясий активисттерди бошотууну өзбек өкмөтүнөн көжөлүп талап кылууга тийиш.

Никки Синклэр
«New Europe», 15-декабрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Никки Синклэр Өзбекстан Евробиримдик сын адам укуктары
Другие материалы раздела:
Комментарии
дизель kg


Публикации Авторов:

23.06.2019
«Kun.uz”
Googosha вернула государству $1,2 млрд.

21.06.2019
K.Karabekov, Ъ
Тень-Шаня не получилось

19.06.2019
I.Subbotin (Afghanitsan.ru)
Талибы приехали в Китай за независимостью

14.06.2019
"Stanradar"
Какие подарки получил Кыргызстан накануне саммита ШОС

13.06.2019
"Fergahana.News"
В Ташкенте при поддержке США начался форум CAMCA об освоении Центральной Азии

13.06.2019
"CA News"
Племена Центральной Азии использовали марихуану во время ритуалов около 2500 лет назад

11.06.2019
Y.Roks (NG)
Второму президенту Казахстана досталось не такое уж и сказочное наследство

10.06.2019
"CAmonitor.kz"
Высокий износ энергетических мощностей сохраняется в Казахстане

09.06.2019
"Kapital.kz"
UPD: Задержаны 500 человек в Нур-Султане и Алматы

07.06.2019
V.Prohvatilov, Zk.kz
США усиливают давление на Казахстан через подконтрольные НПО и СМИ

04.06.2019
S.Voronov, NG
Казахстан: выбор есть!

03.06.2019
"Kazakhstan2.0"
Назарбаева vs Кулибаев: война за активы

31.05.2019
V.Panfilova, NG
Беглый президент мобилизует кыргызских трудовых мигрантов

29.05.2019
"Nezavisimaya gazeta"
В ЕАЭС из Назарбаева надеются "выжать" еще много положительного

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней