Назарбаев демократиялуураак көрүнгөнгө аракет кылып жатат
вторник, 18 декабря 2012 г. 11:36:13
Демократиялык баалуулуктарды сүрөп жаткан болуп Казакстандын президенти шаар мэрлерин жана айыл башчыларын шайлоо жөнүндө билдирди

Алма-Ата, Казакстан. Жума күнү Казакстандын президенти энергоресурстарга бай бул авторитардык мамлекетти реформалоо тууралуу айтты. Назарбаев реформалар жергиликтүү жана аймактык аткаминерлерге тиешелүү экенин белгиледи. Ошондой эле Казакстандын президенти казак тилин латынчага өткөрүүнү сунуш кылды.
Ошого карабай 72 жаштагы Нурсултан Назарбаев жакын арада президенттин кызматынан кетүүгө ниети бар-жогун билгизген жок. Акыркы жыйырма жылдан бери Назарбаев Казакстандын катаал мамлекет башчысы бойдон калууда.
Ал арада эл аралык коомчулук Казакстанды жана Назарбаевди башкача ойлонууну кысымга алганы, ММКнын эркиндигин чектегени жана реформаларды абдан эле жай жүргүзүп жатканы үчүн айыптоодо. Көптөгөн баяндамачылар анын мураскорун шайлоо боюнча пландары жөнүндө айтып жатышканына карабай, Назарбаевдин өкмөтү ал бийликтен кеткенден кийин акыркы сөз айта турган тарыхый укукту киргизүүгө аракет кылып көрдү. Жума күнкү Назарбаевдин сөзү жогоруда айтылган бардык аракеттерди чагылдырды көрүнөт.
Назарбаев келерки жылы 2500дөн ашык жергиликтүү жана аймактык аткаминерлер - шаар мэрлери жана айыл өкмөт башчылары - эл тарабынан шайланаарын билдирди. Назарбаевдин айтымында, бул бардык деңгээлдеги 90 пайыз мэрлер эл тарабынан шайланат дегенди түшүндүрөт.
«Шайлоо бул 17 миллион калк жашаган кеңири Орто Азия мамлекетинде демократиялык стандарттарды чыңдоо боюнча аракеттин бир бөлүгү болуп калмакчы», - деп билдирди Назарбаев. Ал экономикалык шарттар жакшырмайын өлкө реформаларды ишке ашырууга киришпей турганын айтты. «Биздин саясий реформалардын ар бир кадамы биздин экономикалык өнүгүүбүздүн деңгээли менен тыгыз байланышта», - деп кошумчалады Назарбаев.
Жума күнү айтылган сөздүн негизги бөлүгү мурдагы Советтер Союзунун мамлекетинин Назарбаевдин башкаруу маалындагы жетишкендиктерин каталогго киргизүүгө багытталган сөз болду. Назарбаев Кытай жана Россия менен чектешкен Казакстан учурда 160 миллиард доллар өлчөмүндө чет элдик инвестицияны тартып келгенин айтты. Инвестициянын ири бөлүгү өлкөнүн бай энергетикалык жана минералдык ресурстарын өнүктүрүүгө жумшалган.
2050-жылга чейинки өлкөнүн өнүгүшү боюнча стратегияны элге алып чыгуу маалында Казакстандын президенти салык системасын жакшыртууга, ишкердик үчүн жагымдуураак шарттарды түзүүгө жана социалдык камсыз кылуу системасын колдоого чакырды. Бирок ошондой эле ал экономикалык маселелердин алкагынан чыгууга аракет кылды жана маданий, социалдык маселелерди айтып чыкты.
Анын «2025-жылы казак тили латын арибине өтүшү керек» деген билдирүүсү өзгөчө талаш жаратты. Азыркы учурда кириллица колдонулат. «Бул биздин балдардын англис тилин, Интернетти жакшы түшүнүшүнө жардам берет жана өз кезегинде биздин казак тилин жаңылоо боюнча ниетибизди бекемдейт», - деп белгиледи ал. «Мындан тышкары, Казакстан Республикасынын 95 пайыз жарандары казак тилинде сүйлөөгө үйрөнүүгө тийиш», - деп кошумчалады ал. Казак тили расмий тил болгонуна карабай, көпчүлүк эл мурдагыдай эле орус тилинде сүйлөйт.
Ошондой эле Казакстандын президенти ар түрдүү улуттар жашаган өлкөдөгү улут аралык чатакты курчутпоого чакырды. Россиялык империянын Казакстанды оккупациялап алышынан улам, ошондой эле Советтер Союзунун маалындагы массалык сүргүндөрдөн улам казактар өз аймагында аз санда калган.
Назарбаев казактардын улутчул көз караштарына күч менен каршы болуп келген, анткени ал андан туруксуздук коркунучун көрүүдө. «Эгерде биздин өлкө күчтүү жана кубаттуу мамлекет болсун десек, андагы араң турган тынчтыкты жана туруктуулукту бузуп албаш үчүн кайыкты ары-бери чайкабашыбыз керек», - деп айтты ал сүйлөгөн сөзүндө.
Акыркы эки жылда болгон бир катар террактар гана эмес радикалдуу исламдын өсүшү дагы Казакстанды санааркатып келет. Назарбаев диний радикализмге жолбоо болуучу мыйзамды кабыл алууну сунуш кылды. «Биздин мамлекеттин дүйнөбий мүнөзү Казакстандын ийгиликтүү өнүгүшүнүн маанилүү шарты болуп саналат», - дейт Назарбаев.
Бирок Назарбаевдин көздөп жаткандары «кабыл алынган мыйзамдар диний азчылыктарга чектөө киргизип жатат» деген диний эркиндикти жактагандардын кычыгына тийиши мүмкүн.

Питер Леонард
«Associated Press», 17-декабрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Питер Леонард Назарбаев мэр шайлоо
Другие материалы раздела:
Комментарии
бишкек авторынок


Публикации Авторов:

21.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев выбрал имидж президента для бедных

20.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Кыргызстан готовится вернуть своих граждан из Ирака и Сирии

18.09.2019
K.Karabekov&Co, Ъ
Дипломатия минометов. На границе

18.09.2019
V.Panfilova, NG
Пограничники начали войну на футбольном поле

17.09.2019
RIA Novosti
Главы МИД Кыргызстана и Таджикистана обсудили инцидент на границе

12.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев меняет экономическую повестку в связях с КНР

10.09.2019
"KazTAG"
Китайцы атаковали системы связи Казахстана ради слежки за уйгурами – СМИ

06.09.2019
"Regnum"
Кыргызстан занимает 110-е место во Всемирном рейтинге туризма

05.09.2019
"Afghanistan.ru"
Бывшие американские дипломаты опасаются гражданской войны в Афганистане

05.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Из Кыргызстана уходят инвесторы

03.09.2019
A.Konstantinov, Ъ
Президент Казахстана поменял местами базис и надстройку

03.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев вывел элиту Казахстана за рамки госзакупок

31.08.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Узбекский парламент готовится стать местом для дискуссий

29.08.2019
V.Panfilova, NG
Туркменистан примерил сингапурское экономическое чудо

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней