Италиянын өкмөт башчысы кызматтан кетип жатат
вторник, 11 декабря 2012 г. 9:01:13
Италиянын саясаты: Марио Монтинин кызматтан кетиши

Анын чечими канчалык түшүнүксүз болбосун, Италиянын өкмөт башчысынын кызматынан кетүү тууралуу Марио Монтинин ниети олуттуу жана утурумдук зыян алып келет. Кызматтан кетүү - өкмөт өз ишин мөөнөтүнөн мурда, тартипсиз жана балким башаламан жыйынтыктап жатат дегенди түшүндүрөт.
8-декабрда Монти президент Джорджио Наполитаного 2013-жылдын бюджети кабыл алынгандан кийин кызматтан кетүүгө ниеттенип жатканын айтты. Мындан улам атаандаштык, салык төлөмдөрү жана бюрократияны азайтуу жөнүндө мыйзам долбоорлору коркунучка калышы мүмкүн. Ошону менен катар Монти башында турган өкмөт бюджетти тең салмактоо боюнча жаңы конституциялык талаптарды аткарууга ниеттенип жаткан. Бирок баарынан дагы маанилүүсү экономикалык өсүүнү стимулдаштыруучу чаралардын пакети башкы коркунучка кептелчүдөй. Буга негизинен ал чаралардын демилгечиси - экономикалык өнүгүү министри Коррадо Пассера Сильвио Берлускони өкмөт башчынын кызматына талапкерлигин коюп жатканы тууралуу чечимди катуу сынга алганы жана Берлусконинин тарапташтары үчүн жек көрүндү фигурага айлангандыгы дагы себеп болчудай.
Монтинин күтүүсүз кадамы шайлоо жөнүндөгү жаңы мыйзам тууралуу үмүттү дагы жокко чыгарды. Демек италиялыктар аларды жергиликтүү өкмөттөн ажырата турган тартипте добуш бериши мүмкүн. (Мыйзам чыгаруучулар жашыруун тизме менен көп орундуу шайлоо округдарында добуш беришет).
«Наполитано да кызматын таштап кетеби» деген түкшүмөлдөр дагы ишенбестикти пайда кылууда. Анын ыйгарым укугу май айында аяктайт, бирок ал эгерде кийинки өкмөт башчысын дайындаса жана андан соң экономикалык кыйчалыштар менен иш алып бара турган мураскорун калтырса «туура эмес болот» деп бир ооз сөз айта элек.
Сейрек учурда гана тынч боло турган Италиянын саясий ладшафтындагы начар жагдай сөзсүз түрдө эле Берлускони салыктарды азайтуучу жана чыгашаларды жогорулатуучу ыйгарым укуктар менен бийликке учкан бойдон келет деген сөз эмес. Анын «Эл эркиндиги» кыймылы ич ара бөлүнүп, деморалдашып кетти, ал эми аны болгону 15% гана шайлоочулар колдойт. Сурамжылоолордун жыйынтыгына таянсак, ал тургай «Түндүк лигасы» альянсы дагы башка партиялар менен биригип, Берлусконинин кыймылынын 25 пайыздан аз добуш алышына мүмкүндүк берет. Буга окшогон альянстын жеңиш үчүн зарыл болгон позицияны ээлеп калышына мүмкүндүк аз. Бирок башында куудул Беппе Грилло турган партия өлкөдөгү экинчи ири позицияга чыгышы ыктымал деп болжолдонуп жаткан башаламан жагдайда Берлускони, анын тарапташтары менен шериктештери жалпы шайлоо өткөндөн кийинки окуяларды аныктай турган позицияны ээлеп калышы да ажеп эмес.
Берлускони чыдамсыздык менен үч айдан бери күтүп жүргөн, ал арада анын кыймылы оппозиция эмес, өздөрүн кармануу саясатынын жардамы менен парламентте эптеп «жашап» келди. Ушул мезгилде Берлускони өзүнүн шайлоо алдындагы өнөктүгүн ойлонууга жана өзүн шайлоочулардын абалын жеңилдетүүчу киши катары көрсөтүү менен өкмөттүн катаал экономикасын же болбосо башка саясатын сындап үлгүргөнгө шарт түзүлдү. Бирок Монтинин чечиминен улам Берлускони Иса пайгамбардын туулган күнү, Жаңы жыл менен Чокундуруу майрамынын аралыгында, тагыраак айтканда 17-февралда болуп калышы мүмкүн болгон мөөнөтсүз шайлоо тууралуу башын кашып ойлонууга шаша турган болду окшойт.
Өкмөт башчы шайлоодо көбүрөөк акыл токтоткон, тынч жана жоопкерчиликтүү оңчул-борборчул киши катары чыгыш үчүн өзүнө убакыт калтырды. Ал муну кылса медиа-магнаттын эң эле нааразы болгон тарапташтарын, айрыкча консервативдүү католиктер жана Берлускони «Эл эркиндиги» кыймылынан чыгарууга аракет кылган мурдагы неофашисттерди өз тарабына тартышы мүмкүн.
Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыгында Монтини урматташаарына карабай, шайлоочулар анын жүргүзгөн саясаты алардын кирешелерине таасир тийгизгенине нааразы болуп жатканы ачык билинди. Ошондой эле шайлоочулар анын өкмөтүн жактырышпайт, ал тургай жек көрүшөт. Мындай шартта Берлусконинин пикиринде экономикалык өсүшкө жол ача турган салыктарды кыскартууну сунуштап жатканы шайлоочуларга жагымдуу да болушу мүмкүн. Кыскартып айтканда, алдыда боло тургай шайлоо өнөктүгү Италиянын шайлоочуларынын реалдуулугу менен жетиктигин текшерип көрүүгө сынак болмокчу. Эң башкысы алар Берлусконини башчы кылып шайлап ийишпесе эле өзүбүздү ишенимдүү сезет элек.

«Economist», 9-декабрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Марио Монти өкмөт Италия
Другие материалы раздела:
Комментарии
купить авто в киргизии


Публикации Авторов:

24.02.2020
"Zakon.kz"
Казахстан пожалуется на Кыргызстан в ВТО

24.02.2020
"Eurasianet.org"
Туркменистан: маскируя реальность - обзор событий

24.02.2020
A.Yuldashev (A+)
Бишкек и Душанбе договорились обменяться 23 гектарами земли

23.02.2020
“Review.uz”
Узбекистан разместит у себя серверы Google, Facebook и Yandex

21.02.2020
"UzReport.uz"
Сингапурская компания предложила Ташкенту сотрудничество по переработке отходов

21.02.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызы вытолкали из страны китайского инвестора

19.02.2020
V.Panfilova, NG
Таджики объявили своей Баткенскую область

17.02.2020
"Zakon.kz"
В Узбекистане признали, что мирных жителей в Андижане расстреляли правительственные войска

17.02.2020
"Asia plus"
Жители села Сомониён: «Если отдадим наше село, Чоркух высохнет»

13.02.2020
G.Ivanova (Iz)
Свято место: почему США возвращаются в Центральную Азию

13.02.2020
"Eurasia.expert"
ЕАБР профинансирует масштабный инфраструктурный проект в Казахстане

12.02.2020
V.Panfilova, NG
Туркменистан укрепляет границу с Афганистаном

11.02.2020
"Nezavisimaya gazeta"
К-Т. Токаев уволил силовиков

10.02.2020
V.Panfilova, NG
Погромы в Казахстане покрывали госорганы

06.02.2020
V.Panfilova, NG
Душанбе не спешит в Евразийский союз

06.02.2020
"RIA Novosti"
В Москве умер сын экс-президента Кыргызстана, сообщили СМИ

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней