Египет буркан-шаркан түшүп жатат
понедельник, 10 декабря 2012 г. 9:38:29
Египетте абал кайрадан курчуду, Каирде болгон кагылышуу маалында беш киши курман болду

Мохамед Мурсинин тарапташтары менен оппозициянын активисттери кармаша кетишти.
Мамлекеттик телевидениенин берген маалыматына таянсак, Каирде «Мусулман агайындар» башкаруучу партиясынын тарапташтары менен оппозициянын активисттеринин ортосунда болуп өткөн түнкү кагылышуу маалында эң аз дегенде беш адам курман болду.
Өлкөдө Мурсинин союздаштары тарабынан иштелип чыккан Конституциядан кийин саясий башаламандыкка кулач жая баштагандан кийин Президенттик Ордодо эң жаман зомбулук болду. Ал зомбулук Мурси өзүнө чексиз бийлик ыйгарып алган 22-ноябрда башталган кризистен кийин болуп өттү.
Ошондой эле өз ара согушуп жаткан тараптардын түнкү кагылышуулары былтыр Хосни Мубарак бийликтен кулатылган көтөрүлүштөн бери биринчи жолу өлүм алып келген башаламандык болуп калды.
Бейшемби күнү эртең менен эрте Египеттин мамлекеттик телеканалы Президенттик Ордодо болгон түнкү кагылышууларда беш киши өлгөнүн жана 446 киши жаракат алганы тууралуу айткан Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүн цитата келтирди. Ошондой эле мамлекеттик телеканал жаалданган кишилердин тобу бири-бирине күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр менен таштарды ыргытканын кабарлады.
Кандуу тополоң оппозициянын 300дөй тарапташтары турган Президентти Ордонун аймагында жайгашкан аянтка Мурсинин миңдеген тарапташтары келген кезде, шаршемби күнү күндүз башталды. «Мусулман агайындар» ислам партиясынын мүчөлөрү аянтта турган нааразылык акцияларынын катышуучуларын кысымга алып, чатырчаларды чече башташкан.
Реформаны колдоп жаткан оппозициялык топтун башчысы Мухаммед аль-Барадеи Мурсинин тарапташтарын тынч демонстранттарга «атайылап жаман ниети менен кол салышты» деп күнөөлөдү. «Биз президент Мурси жана анын өкмөтү бүгүнкү күндө Египетте болуп жаткан зомбулук үчүн жооптуу деп эсептейбиз», - деп айтты ал шаршемби күнү. «Өз элин коргой албаган режим өз сектасы менен киши өлтүргүчтөрүн жактаган режим болуп саналат, ал өзүнүн мыйзамдуулугун жоготту жана Египетти кан төгүүлөр менен зомбулукту карай алып баратат», - деп кошумчалады ал.
«Бейшемби күнү Президенттик Ордонун жанына эң аз дегенде төрт танк токтотулду, ал эми Президенттик Ордонун дубалдарына үч БТР жайгаштырылды», - деп кабарлайт «Reuters» агенттиги.
«Улуттук куткаруу фронту» оппозициялык тобу Мурсиге чексиз ыйгарым укуктарды берген жарлыкты алып салууну, ошондой эле өткөн аптада анын «Мусулман агайындар» партиясы кабыл алган Конституциянын талаштуу долбоорун жокко чыгарууну талап кылууда.
Оппозиция Египеттин келечеги тууралуу диалог Мурсинин жарлыктары кайра алынгандан кийин гана башталаарын айтууда. Египеттин президенти кол койгон конституциялык декларациялар, мыйзамдар жана токтомдор мындан ары акыркы жана айныксыз мыйзамдар болуп эсептелет. Ошондой эле Мурсинин жарлыктары Конституциялык жыйынга жана Шура кеңеши деп аталган парламенттин жогорку палатасына дагы тиешелүү болмокчу. Мурси жаңы жарлык убактылуу чаралар болуп саналаарын жана Конституциянын жаңы долбоору колдоо табаар замат автоматтык түрдө алынып салынаарын айтып жатат.
Каирдеги кагылыш Мурси өзүнүн чечимин алып салгысы келбегени тууралуу Египеттин вице-президенти Махмуд Мекки айткандан кийин башталды. Бирок ал Конституциянын долбоорунун талаш туудурган беренелерин оңдоо оппозиция менен макулдашыла турганын кошумчалады. Жазуу түрүндөгү келишим 15-декабрга белгиленген Конституция боюнча референдумдан соң кийинки парламентке сунуш кылынышы мүмкүн.
Президенттин тарапташтары Президенттик Ордонун чегинде турган оппозициянын активисттери тарапка жөнөшкөндөн кийин кагылышуулар башталып, түн бир оокумга чейин уланды. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, эки тарап тең бири-бирине күйүүчү май куюлган шишелерди жана таштарды ыргытышкан.
Нааразылык акциясынын Мина Надер аттуу катышуучусу: «Башкаруучу партиянын мүчөлөрүн ит саяктуу көчөгө алып чыгыш керек. Аларга аео жок. Мурси кызматтан кетиши керек», - дейт. Нааразылык акциясынын башка катышуучулары: «Эл режимдин кулашын каалайт», - деп кыйкырып турушту. Мурсинин тарапташтары буга жооп кылып: «Мурсини коргоо - исламды коргоо», - деп жар чакырышты.
Шаршемби күнү кризиске байланыштуу Мурсинин кеп-кеңеш берүүчү тобунун үч мүчөсү-Сеиф Абдель Фаттах, Айман аль-Сайяд менен Амр аль-Лейти кызматтан кетүү тууралуу арыз беришти. Буга чейин бир христианин менен бир аял кызматтан кеткени тууралуу айтылган. Алар Мурси тарабынан түзүлгөн президенттик администрациянын курамына киришкен. Мамлекеттик мекемелер жана сот системасынын органдары мурдагыдай эле Египеттин президентине каршы чыгып жатышат.
Өлкөнүн алтымыш жылдык тарыхында Египет элине таасир этүүнүн негизги куралы болуп келген армия өз казармаларына кайтып кетти. Көрүнүп тургандай, армия саясатка кызыгуусун жоготту окшойт.
Америка Израиль менен тынчтык келишимин түзгөн бул мамлекеттин туруктуулугу тууралуу тынчсызданганын билдирди. Жыл сайын Египет АКШ тараптан 1,3 миллиард доллар өлчөмүндө аскердик жардам алып турат. АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон «баардык жарандардын укуктарын урматтай турган жаңы Конституция боюнча диалог жүргүзүү зарыл» деп белгиледи. Өткөн айда Клинтон жана Мурси Газа тилкесинде Израиль менен ХАМАСты элдештириш үчүн өз күчтөрүн бириктиришкен.
Улуу Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг бардык тараптарды сабырдуу болууга чакырды. Ал «Египеттин бийлиги прогресске жетиш үчүн колунан келген аракеттерди жасоого тийиш», - деп белгиледи жана диалогго чакырды.

Абдель-Разман Хусеин
«Guardian», 7-декабрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Теги: Абдель-Разман Хусеин Египет Мурси Президенттик Ордо
Другие материалы раздела:
Комментарии
авто.kg


Публикации Авторов:

22.09.2020
V.Panfilova, NG
Вашингтон не прочь изменить московский вектор Бишкека

20.09.2020
E.Pogrebnyak, R.EurA
Россия и Китай укрепляют обороноспособность Таджикистана

18.09.2020
M.Orlova, 24.kg
Что ждет кыргызстанцев, если кандидат "против всех" победит на выборах?

18.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Туркменистан избавляется от русского языка

16.09.2020
V.Panfilova, NG
Ашхабад предлагает Кабулу площадку для мирных переговоров

15.09.2020
"Kabar.kg"
Кыргызстан суверенное государство - остальное это говорильня

15.09.2020
"Ritm EurAsia"
На территории ЕАЭС введут систему полной прослеживаемости товаров

14.09.2020
"IA-Center"
Будущее Казахстана в Беларусском зеркале

14.09.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстану угрожает рост протестных настроений после выборов

11.09.2020
E.Pogrebnyak, Vzd
«Белорусский майдан» созревает в еще одном осколке СССР

09.09.2020
"Ritmeurasia"
Узбекистан пересмотрел свое отношение к ЕАЭС

07.09.2020
"Ritmeurasia"
Президент Кыргызстана не стал подписывать закон, где говорится о коррупционерах

04.09.2020
"Ritmeurasia"
ЕЭК изучит ситуацию по прекращению Казахстаном поставок металлического лома в Россию

03.09.2020
"Eurasianet"
Китай, возможно, хочет открыть новые военные базы в Таджикистане, утверждает Пентагон

02.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Бердымухамедову предлагают уйти по-хорошему

01.09.2020
G.Alekseenko (Afganistan.ru)
Центральная Азия стала спасательным кругом для мирных афганцев

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней