Сириядагы кырдаалдан улам Түркия НАТОдон «Patriot» системасын сурады
вторник, 4 декабря 2012 г. 11:33:11
Түркия НАТОдон өз аймагына ракетага каршы «Patriot» системасын жайгаштырууну өтүндү, себеби «Сирия химиялык курал колдонот» деп кооптонуп жатат

Түркиянын расмий тараптары «козголоңчулар кармап турган райондордогу аба чабуулдары таасир этпей турган болсо, Асаддын режими баллистикалык ракеталарды колдонушу мүмкүн» деген ойго бардык далилдер бар экенин тастыктап жатышат.
Түрк тарап «Сириянын өкмөтү химиялык курал колдонууну караштырып жатканы» тууралуу чалгындоо материалын алган соң, Түркия НАТОдон өз аймагына ракетага каршы «Patriot» системасын жайгаштырууну суранганын түрк аткаминерлери «Guardian» булагына айтышты.
Аткаминерлердин айтымында, алардын колунда оппозициянын көзөмөлүндө турган райондорго жасалган аба чабуулдары натыйжасыз болсо жана ал райондорду Сирия өкмөтү өз кармагына кайтарып ала албаса, Башар Асаддын режими аргасы кеткен кадамга барып, бийлигин сактап калыш үчүн химиялык куралды колдонооруна ишенимдүү далилдер бар.
Түрктөр «Түндүк Кореяда жасалган, моралдык жактан эскирген «Скад» жана «SS-21» ракеталары өлкөнүн оппозициялык райондоруна багытталып жана жаңылыштык менен чегаранын башка тарабынан түшүп калышы мүмкүн» деп эсептешет, буга чейин Сирия армиясы артиллерия жана минемёттор менен Түркиянын аймагын жаңылыш атып алып жаткан.
Химиялык заряды бар ракеталар эки мамлекеттин чегарасын бойлой жайгашкан түрк коомуна чоң коркунуч келтиргендиктен, өткөн айда Анкара НАТОдон өз аймагына Сириянын ракеталарын жок кыла турган ракетага каршы «Patriot» системасын жайгаштырууну өтүнмөкчү болгон.
«Бизде сириялыктар баллистикалык ракеталарды жана химиялык заряды бар дүрмөтбаштарды колдонууга ниеттенип жатканы тууралуу ар кандай маалыматтарыбыз бар», - дейт жогорку даражалуу түрк аткаминери. «Чатактын башталышында сириялык режим козголоңчуларга каршы жөө аскерди колдонгон, бирок алар көп аскерин жоготту, эми дагы бир топ аскери экинчи тарапка өтүп кетти. Андан соң алар танкаларды жөнөтүштү, бирок козголоңчулардын колунда танкага каршы ракеталар бар экен. Эми Сириянын өкмөтү аба күчтөрүн пайдаланып жатат. Эгерде учактар дагы таасир эте албай турган болсо, Асаддын режими ракеталарды, балким химиялык дүрмөтбаштарды колдонушу ыктымал. Дал ушул себептен улам биз НАТОдон биздин мамлекетин аймагына ракетага каршы системаны жайгаштырууну өтүндүк», - деп билдирди түрк тарап.
«New York Times» Батыштын чалгын кызматтары химиялык куралдар сакталган сириялык аскердик объектилерде активдүүлүктү байкашканын кабарлады. Америкалык гезит жогорку даражалуу америкалык аткаминердин сөзүн цитата кетирген, ал болсо: «Алар ракета колдонушу мүмкүн деген ойго түртө турган кээ бир нерселерди жасап жатышат. Сириянын армиясы ар кандай иш жүргүзүүдө», - дейт.
«Сириялык режимдин колунда күйүүчү газ, нервди шал кылуучу зарин газы жана балким фосфор органикалык аскер ууландыруучу, нервди шал кылуучу зат бар» делип эсептелип жүрөт. Батыш өлкөлөрү Асадга «андай куралды колдонуу түздөн-түз аскердик кийлигишүүгө алып келет» деп эскертишкен. Ошого карабай, Батыштын аткаминерлери «режим козголоңчуларга каршы колдонуш үчүн химиялык артиллериялык снаряддарды, ракеталарды же болбосо авиа бомбаларды даярдаганы тууралуу кандайдыр белгилерди байкаткан жок» деп тастыктап жатышат. Ушул аптада Голландия менен Германия «Patriot» системасын жайгаштыруу маселесин талкуулайт. Түрк дипломаттары Голландия менен Германия Түркиянын аймагына ракетага каршы системаны жайгаштырууга макул деген добуш берет деп күтүп жатышат. 2003-жылы Иракта болгон согушта германиялык жана голландиялык өндүрүштөн чыгарылган ракеталар менен кое берүүчү түзүмдөр жайгаштырылган, эми алар Түркияга орнотулмакчы.
Акыркы күндөрү Эркин Сирия армиясы ташып жүрүүчү зениттик-ракеталык комплексттердин жардамы менен өкмөттүк учактарды талкалаган, бул Түркиянын маалыматы боюнча, бийлик үчүн создугуп кеткен кризистин жаңы айлампасы башталганын билдирип калды. Айрым маалыматтарга таянсак, кандуу жарандык согуш 50 миң адамдын өмүрүн алды.
Түрк расмий тараптары мурдагыдай эле «Россия создугуп кеткен сириялык кризистен чыгууга жардам бере алат» деп эсептешет. Алардын айтымында, Россия тарап Асадга жардам бергенин токтотуп, Сириянын президентин, анын үй-бүлөсү менен жакындарын өлкөдөн кетүүгө көндүрө алат, анткени ушул маселелер оппозиция менен өкмөттүн сүйлөшүүлөрүндө олуттуу жагдай болуп саналат.
Россия БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бардык жазалоочу чараларына бөгөт коюп, Сириянын режимине курал-жарак менен каржылык көмөк көрсөткөн. Акыры аптада Россия Дамаск өз аскерлерине төлөп бериш үчүн ири сандагы жаңы басылган банкнотторду бергендиги тууралуу маалымат пайда болду. Бирок түрк бийлиги «Россия Сириянын башчысын колдогусу келбегенин көрсөтүп жатат» деп эсептейт. «Россиялык аткаминерлер Асад кетиши керек деп жатышат», дейт жогорку даражалуу түрк аткаминери.
Дүйшөмбү күнү Россиянын президенти Владимир Путин Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш үчүн Түркияга барат деген маалымат бар. Аткаминерлердин пикиринде, Эрдоган Россия тарап өзүнүн Жакынкы Чыгыштагы өнөктөшүнө колдоо көрсөтүүнү токтотуш үчүн колунан келген аракетин кылмакчы. «Биз Россия Асад кеткенден кийин туруктуу Сирияны курууга жардам берүүнү каалайбы деп түшүнүүгө аракет кылып жатабыз», - дейт түрк аткаминери.
Август айында Египеттин президенти Мохамед Морси Египет, Түркия, Сауд Арабиясы жана Иран катыша турган «Аймактык тынчтык демилгелери» аттуу сүйлөшүүлөрдү сунуштаган, бирок бул Сауд Арабиясы «Иран сүйлөшүүгө катышпай эле койсо» деп кыйылып туруп алгандыктан токтоп калган. Бирок Египет менен Түркия «Иран тынчтык келишимине барууга жол издей турган сүйлөшүүлөргө катышууга тийиш, анткени бул мамлекет Асаддын режимине курал жеткире турган жалгыз аймактык өнөктөшү болуп саналат» дешет.
Түркия бир нече жолу үч тараптуу сүйлөшүүнүн демилгечиси жана уюштуруучусу болгон. Түркиянын, Ирандын жана Египеттин ортосундагы алгачкы сүйлөшүүлөр өткөн айдын соңунда Исламабадда болгон. Бул үч мамлекеттин башчылары Сириядагы кризисти талкууга алышкан. Экинчи сүйлөшүүгө Түркия, Иран жана Россия катышып, ал эми акыркы сүйлөшүүлөр Түркиянын, Египеттин жана Сауд Арабиясынын ортосунда болду. Анкара «жогоруда саналган мамлекеттердин ортосунда болгон сүйлөшүүлөр, чатак бүткөндөн кийинки Сирияны калыбына келтирүүдө абдан зор мааниге ээ» деп эсептейт. Бирок Түркия «Россия Сириядагы чатакка чекит кое алат» деп ишенет.

Джулиан Боргер
«Guardian», 3-декабрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Теги: Сирия Түркия Patriot системасы Джулиан Боргер
Другие материалы раздела:
Комментарии
avtogid


Публикации Авторов:

22.09.2020
V.Panfilova, NG
Вашингтон не прочь изменить московский вектор Бишкека

20.09.2020
E.Pogrebnyak, R.EurA
Россия и Китай укрепляют обороноспособность Таджикистана

18.09.2020
M.Orlova, 24.kg
Что ждет кыргызстанцев, если кандидат "против всех" победит на выборах?

18.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Туркменистан избавляется от русского языка

16.09.2020
V.Panfilova, NG
Ашхабад предлагает Кабулу площадку для мирных переговоров

15.09.2020
"Kabar.kg"
Кыргызстан суверенное государство - остальное это говорильня

15.09.2020
"Ritm EurAsia"
На территории ЕАЭС введут систему полной прослеживаемости товаров

14.09.2020
"IA-Center"
Будущее Казахстана в Беларусском зеркале

14.09.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстану угрожает рост протестных настроений после выборов

11.09.2020
E.Pogrebnyak, Vzd
«Белорусский майдан» созревает в еще одном осколке СССР

09.09.2020
"Ritmeurasia"
Узбекистан пересмотрел свое отношение к ЕАЭС

07.09.2020
"Ritmeurasia"
Президент Кыргызстана не стал подписывать закон, где говорится о коррупционерах

04.09.2020
"Ritmeurasia"
ЕЭК изучит ситуацию по прекращению Казахстаном поставок металлического лома в Россию

03.09.2020
"Eurasianet"
Китай, возможно, хочет открыть новые военные базы в Таджикистане, утверждает Пентагон

02.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Бердымухамедову предлагают уйти по-хорошему

01.09.2020
G.Alekseenko (Afganistan.ru)
Центральная Азия стала спасательным кругом для мирных афганцев

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней