Тажикстан ызы-чуу азайгандан кийин «Facebook»ка уруксат берди
пятница, 7 декабря 2012 г. 11:58:25
Тажикстан «Facebook» түйүнүнө коюлган бөгөттү алып салды

Москва. Шейшемби күнү Тажикстан «ушак-айың таратып жатасыңар» деп социалдык түйүндү жаап салгандан кийин бир жума өткөн соң «Facebook»ту кайрадан ачты.
26-ноябрда Тажикстандын телекоммуникация министри «Тажистандын жашоочулары» сайтта өлкө президентине карата шылдыңдоочу комментарийлер пайда болгонун айтып «тынбай телефон чалышкандан» улам «айың кептердин очогун» жабууга аргасыз болгонун билдирген.
Өлкөнүн бийлиги эмне үчүн кайрадан өз пикирин өзгөрткөнүн айткан жок. Бирок тажиктердин интернет-провайдерлер ассоциациясынын төрагасы Россиянын «Интерфакс» маалымат агенттигине провайдерлер өкмөттөн жазуу директивасын алгандан кийин иштерин кайрадан баштаганын билдирди.
Дүйшөмбү күнү тажик бийлиги «Азаттык» радиосунун тажик кызматынын «Озоди» радиосунун веб-сайтына кирүүгө уруксат берди. Бул АКШ элчилиги сайттардын жабылышы тууралуу тынчсызданганын айткандан кийин болду.
«Биз Тажикстандын жетекчилигин өз оюн эркин билдирүүчү ар бир адамдын укугун урматтоого жана «Facebook» менен «Озоди» радиосуна, ошондой эле башка маалымат сайттарына коюлган бөгөттөрдү алып салууга чакырабыз», - деп айтылат америкалык элчиликтин билдирүүсүндө.
Буга чейин Тажикстан маал-маалы менен веб-сайттарга, анын ичинде «YouTube», ВВСнин орус кызматы жана РИА «Новости» сайтына кирүүгө бөгөт коюп салчу. Ошондой эле өлкө бийлиги «Facebook»ту тажик президенти Эмомали Рахмон жөнүндө сын макаласы үчүн 10 күнгө жапкан.
Рахмон өлкөнү 1992-жылдан бери башкарып келет, келерки жылы республикада шайлоо өтүүгө тийиш. Ал башкаргандан бери Афганистандын, Кытайдын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын ортосунда жайгашкан Тажикстан ММКны коркутуу, акыйкатсыз соттор жана ыплас өткөн шайлоо үчүн дайыма укук коргоо уюмдарынын сын пикирине кабылып келет.

Лукас Алперт
«Wall Street Journal», 4-декабрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Тажикстан Facebook уруксат Лукас Алперт
Другие материалы раздела:
Комментарии
машины в киргизии


Публикации Авторов:

18.07.2019
"Dzen.Yandex"
Чт за народ каракалпаки в Узбекистане?

18.07.2019
"Afghanistan.ru"
Узбекистан собирается принять участие в строительстве афганского участка газопровода ТАПИ

17.07.2019
V.Panfilova, NG
Президента Кыргызстана перехватила Москва

15.07.2019
"Ritmeurasia"
Чем выгоден ЦА экономический коридор Пакистана и Китая

12.07.2019
K.Karabekov, K.Krivosheev, Ъ
Россия и Кыргызстан рекультивируют отношения

12.07.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский вектор становится менее привлекательным для стран ЕАЭС

12.07.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Премьер-министр Узбекистана доволен тем, как развиваются отношения его страны с Россией

09.07.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Евросоюз презентовал в Бишкеке новую стратегию для Центральной Азии

09.07.2019
V.Panfilova, NG
Русских в Туркменистане легализуют

07.07.2019
"Tengrinews"
Кыргызстан всколыхнуло убийство иностранца в центре Бишкека

04.07.2019
V.Panfilova, NG
Туркменские мигранты ищут «Путь к свободе»

01.07.2019
V.Panfilova, NG
Экс-президенту Кыргызстана грозит пожизненное заключение

26.06.2019
"EADaily"
В Афганистане формируется новая база ИГИЛ — эксперт

26.06.2019
"RIA Novosti"
В ОДКБ рассказали о возросшей угрозе терактов в Центральной Азии

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней