Хиллари Клинтондун суктандырган карьерасы
пятница, 30 ноября 2012 г. 13:03:27
Хиллари Клинтон кызматтан кетип жатат, бирок ал өзүнүн карьерасында дагы көтөрүлгүсү келеби?

Эң жогорку кызмат мурдагыдай эле кызматтан кетип жаткан АКШнын мамлекеттик катчысын кызыктырууда, бирок анын кадыр-баркы анын жаш курагы менен кошо күчөп жатат.
Күтүү сезими сиз жаңыдан кызматка келгенде эмес, андан кетип жаткан кезде пайда болот. Бирок Хиллари Клинтон өзүнүн ийгиликтүү жана абдан эле ар түрдүү карьерасында бул эрежеден биринчи жолу тышкары калып жаткан жок.
Бир нече аптадан кийин ал АКШнын мамлекеттик катчысынын кызматынан кетет. Көп кишилер ал АКШнын мамлекеттик катчысы болуп иштеп турган маалда күч-кубатын жумшаганы жана өзүнүн мыктылыгы менен айырмалангандыгы тууралуу көзгө урунган фактыны туура кабыл алышат болуш керек. 65 жаш курагында жана мамлекеттик кызматта отуз жыл иштеген эмгек стажы, ага кошулуп эң жогорку жана кадыр-барктуу кызматта төрт жыл олтургандан кийин Хилларинин карьерасы логикалык жыйынтыктоочу чекке келди. Жеке менчик кеп-кеңеш берүү тармагындагы көп күч жумшоону талап кылбаган, бирок кирешелүү келечек - айрымдар үчүн жөнөкөй сыйлык болуп калмакчы. Бирок Клинтон үчүн андай эмес. Жалгыз бир суроо туулат: 2016-жылы ал эң жогорку кызмат үчүн ат салышабы?
Фрэнсис Скотт Фицджеральд «Американын жашоосунда экинчи бөлүм жок» деп качандыр бир кезде туура жана балким кайсы бир деңгээлде ката жазган. Азыркы учурда Клинтон өз жашоосунун бешинчи бөлүмүн аяктап жатат. Ал Литтл-Рок шаарчасынде белгилүү адвокат болгон, ал эми Арканзас штатынын губернаторунун аялы болуп турган маалда Хиллари бодо малдын фьючерстерин сатууга аракет кылып көргөн жана өз үй-бүлөсүнүн анча чоң эмес байлыгын 100 миң долларга чейин көбөйткөн. Ал эми Билл Клинтон АКШнын президенти болуп дайындалган соң, Хиллари мурдагыдай эле АКШнын саламаттык сактоо системасындагы реформалоонун ийгиликсиз аракетин эскерткенден талбаган, Моника Левински менен болгон чатакта татыктуулугун көрсөткөн жана үйдө олтуруп печенье бышыргысы келбеген абдан таанымал биринчи айымга айланды. Ал америкалыктар үчүн ыңгайлуураак болгон биринчи айымдын саясий ролун ойногусу келген жок.
Өз жашоосундагы бөлүмдөрдүн биринде, тактап айтканда 2001- 2009-жылдардын ортосунда Хиллари Нью-Йорк штатынын сенатору болду. Капитолий дөңсөөсүндө ал алдына коюлган максаттарды чече ала турганын гана көрсөтпөстөн, жөнөкөйлүгүн, кесиптештери жана каршылаштары менен да иштеше ала турганын далилдеди. Өкмөттө иштеп жаткан кезинде ал күйөөсүнүн толук карама-каршысындай болгон адам экенин көрсөттү жана президенттик шайлоого катышуу үчүн колунан келген аракеттерди кылды.
АКШнын президенти болуу аракети негизинен анын шайлоо алдындагы өнөктүгүн начар жана кемчилиги көп уюштургандыгы, ошондой эле жаш Барак Обама аны америкалыктардын көзүнө абдан жаман көрсөтүп таштаганы үчүн ийгиликсиз аяктады. Ошого карабай, президенттик шайлоодо утулганына жарым жыл өткөн соң Обама анын талапкерлигин АКШнын мамлекеттик катчысынын кызматына сунуштады.
Президенттен гана ылдыйраак турган Американын дипломаты жана өлкөнүн жүзү болуп туруп ал өзүн мыкты жагынан көрсөттү. Бир кезде абдан дымактуу деп эсептелген аял өкмөттү Америкадагы эң таанымал фигура катары калтырып кетип жатат. Баяндамачылардын айтымында, анын рейтинги 70%га жакын. Ал мынчалык жогору атак-даңкка Вашингтондогу төмөн саналган партизандык талаштарга катышпагандыгы үчүн жана ага чейин бул кызматка иштеп кеткендерге караганда өтө көп өлкөнү кыдыргандыгы менен жетишти. Баарынан дагы Хиллари бийиктикке өзүнүн компетентүүлүгү жана адвокаттык жөндөмүн көрсөтө алганы үчүн жетишти.
Бардык жетишкен ийгиликтерге карабай, ага айтылган мактоо биринчи караганда кызыктай көрүнүшү мүмкүн. Ал АКШнын мамлекеттик катчысы кызматында турган кезде карьерасын даңазалай турган деле көрүнүктүү жетишкендиктер жок. Ошондой эле «Клинтондун докторинасы» дегидей даңгыраган жазуулар деле жок. Ал Сирия кризисин аягына чыгара албады, Израиль менен Палестинанын ортосундагы кризисти жөнгө сала алган жок. Россия менен АКШнын мамилесин «кайрадан баштоо» аракеттери натыйжа бербеди, ал эми кызматта турган маалында, 11-сентябрда Бенгазидеги АКШнын миссиясына чабуул коюлуп, мунун кесепетинен 4 америкалык, анын ичинде АКШнын элчиси курман болду.
Бенгазиде болгон окуя АКШнын БУУдагы элчиси Сьюзан Райстын АКШнын жаңы мамлекеттик катчысы болушуна жолтоо кылышы мүмкүн. Райс Бенгази жөнүндө билдирүүнүн ката экенин мойнуна алгандан кийин, кечээ республикачылар Райс америкалык коомчулукту адаштырып жатканына ишенишкенин айтышты.
Өз ийгиликтеринин айрымдарына Клинтон жеке сапаттары, жеңилгенден кийин кек сактабаганы, АКШнын мамлекеттик катчысынын лоялдуугу, американын тарыхында айыгышкан кармашта жеңген адам менен ийкемдүү иштешкени аркылуу жетти. Ал ошондой эле Пентагон менен жакшы мамиле түздү жана бардык тараптардын кызыкчылыгына иштеди. Биринчи кезекте ал Американынын дипломатиясына жаңычылык алып келди. Жакынкы Чыгыш, терроризм менен болгон күрөш, Иран, Кытай, Россия жана калган маселелер кааласак да, каалабасак да АКШнын саясатындагы биринчи кезекте турган күнүмдүк маселелер болчу.
Бирок Клинтон АКШнын мамлекеттик катчысы болуп иштеген маалда кээ бир темалар - жакырчылык жана адам укуктары (аялдардын укуктары дагы), айлана-чөйрөнү коргоо жана өнүктүрүү, ошондой эле ал тургай мындай түшүнүктүн бар экенин таптакыр билбеген дүйнөнүн унутта калган булуң-бурчтарында дагы демократияны жайылтуу жаңы актуалдуулукка ээ болуу менен өз ара байланышкан дүйнөдө зор мааниге жетишти.
Бир аз мурда «Клинтондун глобалдык демилгеси» деп аталган сессияда Билл Клинтон Хилларини тааныштырып жатып өз аялын «турган турпаты менен эле өкмөттүк эмес уюм» деп атады. Билл «АКШнын мамлекеттик катчысы жакшы иштерди кылууга аракет кылат» деп айтты. Бул сөздөр Хилларынын түгөйү аны менн сыймыктанып, сыйлай тургандыгын шексиз көрсөтүп турат. Бирок бул сөздөр маселенин маңызын өзгөртпөйт жана жакынкы бир нече жылда коомчулукту ойлондура турган «2016-жылы боло турган президенттик шайлоого ал катышабы же жокпу?» деген суроого бир өңчөй жооп бербейт.
Бир жагынан алганда болжолу «жок» деген жооп болушу мүмкүн. 395 күнүн жолдо жүрүп жана 112 өлкөгө барган (кечиндеги эсеп боюнча) төрт жыл аны ачык эле чарчатты көрүнөт. Ал эс алуудан соң жазуучулук же болбосо окутуучулук иш менен же болбосо башка бир жакшы жумуштар менен алектенгиси келгенин айтат. Бирок ал карьерасын жыйынтыктаганын жана президенттик шайлоого катышпай турганын жарыялаган жок. Ушундай эки фактынын жок экенин эске алып, Американын биринчи аял-президенти болууга аракет кылган Хиллариге кайрадан басым күчөйт болуш керек.
Ооба, ал 69 жашка чыкты, балким 2016-жылы боло турган президенттик жарышка деле катышат, бирок америкалык саясатта дагы, адамдарда дагы кызыгуулар өсө берет. Демократтар үчүн төрт жыл сыяктуу мисал жакшы жышаан. АКШнын экономикасы Клинтондун пайдасына карата багыт алып жаткан кезде, республикачылар ачык эле баштары айланып жаткан кези.
Хиллари Клинтон АКШнын президенти болуп калышына көптөгөн оңтойлуу жактар бар. Ал таанымал. Анын демократиялык саясатта туруктуураак машина болгон даяр уюму бар. Анын ысымын болжол менен 100 пайыз билишет жана анын президенттик шайлоого катышуу үчүн зарыл болгон каражатты топтоого жакшы мүмкүнчүлүгү бар. Клинтондун Америкада анын өзүнөн дагы катуураак таанылган, жападан-жалгыз коомдук фигура болгон күйөөсү бар. Албетте, бул шарттардын көбү 2008-жылы деле бар болчу, бирок Барак Обамага эч ким жолтоо кыла алган жок. Жана эгерде Хилларинин эң сонун карьерасы эч нерсени далилдей албаса, анда бул анын өз каталарынан сабак алышы керек дегенди түшүндүрөт.

Руперт Корнвелл
«Independent», 29-ноябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Руперт Корнвелл Хиллари Клинтон карьера кызмат
Другие материалы раздела:
Комментарии
автомобили в кыргызстане


Публикации Авторов:

23.09.2019
"Nur.kz"
СМИ: Мечети начали уничтожать в Китае

23.09.2019
"Afghanistan.ru"
Окружение Трампа боится вьетнамского сценария в Афганистане

23.09.2019
"KP.ru"
Кыргызстан предложил США усилить торгово-экономическое сотрудничество

21.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев выбрал имидж президента для бедных

20.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Кыргызстан готовится вернуть своих граждан из Ирака и Сирии

18.09.2019
K.Karabekov&Co, Ъ
Дипломатия минометов. На границе

18.09.2019
V.Panfilova, NG
Пограничники начали войну на футбольном поле

17.09.2019
RIA Novosti
Главы МИД Кыргызстана и Таджикистана обсудили инцидент на границе

12.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев меняет экономическую повестку в связях с КНР

10.09.2019
"KazTAG"
Китайцы атаковали системы связи Казахстана ради слежки за уйгурами – СМИ

06.09.2019
"Regnum"
Кыргызстан занимает 110-е место во Всемирном рейтинге туризма

05.09.2019
"Afghanistan.ru"
Бывшие американские дипломаты опасаются гражданской войны в Афганистане

05.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Из Кыргызстана уходят инвесторы

03.09.2019
A.Konstantinov, Ъ
Президент Казахстана поменял местами базис и надстройку

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней