Кэтрин Эштон Каримов менен Рахмонго лекция окуду
понедельник, 3 декабря 2012 г. 7:53:35
Евробиримдик менен Өзбекстандын саясий күн тартибинде суу ресурстарын башкаруу жана Афганистандагы жагдай боюнча маселелер турат

29-ноябрда Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон менен Өзбекстандын президенти Ислам Каримов суу ресурстарын башкарууга, Афганистандагы жагдайга жана саясий реформаларга байланышкан маселелерди талкуулашты.
Эштондун айтымында, Борбор Азиянын маселелериндеги башкы кыйынчылык негизинен Афганистандагы жагдайга байланыштуу. Эштон менен Каримов 2014-жылы Афганистандан аскерлерди чыгаруу маселесин жана бул жагдай аймактагы абалга кандайча таасир бере турганын талкуулашты. 2012-жылы июнда Өзбекстан Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунан (ЖККУ) чыгып кеткен, ал эми колдо болгон маалыматтарга таянсак, Каримов мындай кадамга аскердик маселелерде эркинирээк жана Батышты жактаган саясат жүргүзүүнү каалагандыктан барган. Январь айында АКШ Өзбекстанга аскердик жардам сунуш кылууга карата киргизилген чектөөнү алып салган жана 25-августта Вашингтон 2014-жылы Афганистандан америкалык аскерлер чыгарылып кеткенден кийин аскердик куралдар менен техника сакталчу складдар жайгаштырыла турган аскердик аракеттенүү борборун Өзбекстанга ачуу жөнүндө Ташкент менен сүйлөшүү жүргүзө баштаган.
Суу ресурстарын башкаруу боюнча маселеге келгенде Эштон Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын ортосунда пикир келишпестиктер болуп жатканын белгилеп өттү. 28 миллион эли бар, калкы эң жыш отурукташкан Өзбекстан жогору жакта жайгашкан мамлекеттерден агып келген сууга көз каранды. Анан калса кошуналардын суу сактагычтарды куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга бел байлап жатканы үч мамлекеттин ортосунда олуттуу саясий маселеге кыйынчылык жаратууда. Эштон Каримовго аймактык кызматташтыктын маанилүү экендигин эскертти жана Евробиримдик «суу талашта өз ара пайдалуу чечимдерди табыш үчүн колдоо көрсөтүүгө даяр экенин» баса белгиледи.
Жолугушуунун соңунда Эштон Өзбекстандын президентине сот реформасын ишке ашырууну улантууну жана жарандык коомдун ролун таанууну сунуш кылды.
Ошондой эле 29-ноябрда Кэтрин Эштон Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Ал Евробиримдик Тажикстандагы энергетикалык долбоорлорду колдоого даяр экенин белгиледи жана тажик айыл чарбасын өнүктүрүш үчүн 16 млн. евро бөлүнгөнүн билдирди.
Жолугушуудан кийин Эштон: «Европа Биримдиги Тажикстан энергия маселеси менен бет келишип жатканын абдан жакшы түшүнүп турат. Евробиримдик Тажикстандагы энергетикалык маселелерди чечүүгө жол табууга жана колдоо көрсөтүүгө, айрыкча энергия менен камсыз кылуу боюнча альтернативдүү чечимдерди колдоого даяр», - деп айтты.
ПРООНдун баяндамасына таянсак, 2011-жылы 1 миллион тажиктер, айрыкча айыл жеринде жашагандар электр жок болгондугунан жабыр тарткан. Анын калса электр энергиясынын жетишсиздигин эске алганда, «Тажикстанга ички дүң өндүрүмүн бир бирдикке алып келиш үчүн эки эсе көп, же болбосо өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу үч эсе көп энергия зарыл».
Энергетика маселесинен тышкары Эштон Тажикстанды өлкөгө Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүгө мүмкүндүк берген жана соода менен инвестициянын өнүгүшүнө негиз түзө турган экономикалык реформалары үчүн мактоого алды.
Айыл чарбасына келе турган болсок, Эштон Евробиримдик тарабынан 600 млн. евро суммасында каржыланып жаткан долбоорлорду татыктуу деп баалады. Ал ошондой эле тажик чарбасынын атаандаштыгын чыңдоо жана бекемдөө үчүн ишке ашырыла турган жаңы программа тууралуу айтты. 16 млн. евролук долбоор Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын кызматташтыгы менен аткарылат. Пресс-релизде айтылгандай, тажик чарбасынын атаандаштыгын кеңейтүү боюнча программа өкмөттүн айыл чарбасы боюнча жүргүзүп жаткан реформаларына кошумча болот жана айыл чарба азык-түлүктөрүн сатуу, сапатын жана түрүн жогорулатууга багытталат.
Сөзүнүн аягында Эштон «өкмөт мыйзамды сыйлоо жана адам укуктарын сактоо принциптерине негизделген саясий реформаларын улантышы керек» деп айтты. Мындан тышкары ал ишмердүүлүгү чектелбей турган күчтүү жарандык коом зарыл экенин баса белгиледи.

«New Europe», 29-ноябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Кэтрин Эштон Каримов Рахмон
Другие материалы раздела:
Комментарии
авто бишкек рынок


Публикации Авторов:

14.06.2019
"Stanradar"
Какие подарки получил Кыргызстан накануне саммита ШОС

13.06.2019
"Fergahana.News"
В Ташкенте при поддержке США начался форум CAMCA об освоении Центральной Азии

13.06.2019
"CA News"
Племена Центральной Азии использовали марихуану во время ритуалов около 2500 лет назад

11.06.2019
Y.Roks (NG)
Второму президенту Казахстана досталось не такое уж и сказочное наследство

10.06.2019
"CAmonitor.kz"
Высокий износ энергетических мощностей сохраняется в Казахстане

09.06.2019
"Kapital.kz"
UPD: Задержаны 500 человек в Нур-Султане и Алматы

07.06.2019
V.Prohvatilov, Zk.kz
США усиливают давление на Казахстан через подконтрольные НПО и СМИ

04.06.2019
S.Voronov, NG
Казахстан: выбор есть!

03.06.2019
"Kazakhstan2.0"
Назарбаева vs Кулибаев: война за активы

31.05.2019
V.Panfilova, NG
Беглый президент мобилизует кыргызских трудовых мигрантов

29.05.2019
"Nezavisimaya gazeta"
В ЕАЭС из Назарбаева надеются "выжать" еще много положительного

26.05.2019
A.Hodasevich, NG
Белоруссия и Казахстан договорились по поставкам нефти

22.05.2019
Sh.Abdulhasanov (Polit - Asia)
Трудовая миграция − панацея для Центральной Азии

22.05.2019
V.Panfilova, NG
Евросоюз изменит подход к странам ЦA

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней