Путинди кыйыткан шекспирдик ышкы
среда, 28 ноября 2012 г. 15:12:46
Россиялыктардын пикиринде, Путиндин бийлиги «Юлий Цезарь» спектаклинде толугу менен чагылдырылат

Анын Россиядагы он жылдык башкаруусуна каршы болгон нааразылык акцияларына байкоо салып турган Владимир Путин кээ бир россиялыктардын айтымында, Шекспирдин Королдук компаниясынын «Юлий Цезарь» театралдык оюнунун каарманына кандайдыр бир нерсеси менен окшош.
Саткындыктын тарыхы жана биздин күндөрдө Африка мамлекетиндеги жарандык согушка кошул-ташыл болгон диктатордун өлүмү - Улуу Британияда апрелде болгон бет ачарынан кийин алгачкы жолу чет мамлекетке гастролдоп чыккан Шекспирдин Королдук компаниясынын спектаклинде алгачкы жолу көрсөтүлдү.
«Эгерде бардык бийликти өз колуна топтоп жана өздөрүнө каршы коркунучтуу көтөрүлүштүн алдында турган башчылар бар болсо - анда бул спектакль ошолор жөнүндө жана россиялыктар бул метафораны өздөрүнө дагы ылайыктап көрүшү керек», - дейт Москвадагы Станиславский көркөм театрында болгон спектаклдын ачылышынан кийин Шекспирдин Королдук компаниясынын көркөм жетекчиси Грегори Доран.
Стратфорд-на-Эйвондогу Королдук театрдын россиялык гастролу 14-ноябрдан 17-ноябрга чейин болду. Акыры жолу театр Россияга 45 жыл мурда же тактап айтканда 1967-жылы Леонид Брежнев башкарып турган маалда гастролдоп келген. Советтер Союзунун маалында Мамлекеттик коопсуздук комитетинде иштеген Путин өзүнүн кол баласы Дмитрий Медведевди президенттик кызматтан алмаштырып жана Россиядагы башкы кызматка май айында кайтып келген. Кыязы, ал Россиянын президенттик тактысында 2024-жылга чейин олтурууну көздөп жатат окшойт.
«Кээ бир учурлар абдан эле коркунучтуу болду, анткени британ театрынын театралдык оюну менин өлкөмдү эске салды», - дейт «Московский комсомолец» гезитинен театр сынчысы Марина Райкина. «Римдин элитасын ойноп жаткан актерлердун жүзүндө чындык менен иши жок жана өз дүйнөсү менен жашап жаткан азыркы заманбап россиялык саясий башчылар менен олигархтардын кебетеси көрүнүп турду».
Апартеидге каршы өнөктүктүн катышуучусу болгон Доран «Юлий Цезарь» спектаклин коюу тууралуу идея бир нече жыл мурда, Нельсон Мандела менен жолугушкан учурда пайда болгонун айтат. Мандела Роббен аралында камакта жаткан маалында Шекспирдин ушул пьесасына аябай шыктанган экен.
Шекспирдин Королдук компаниясы сунушту карап жаткан кезде Түндүк Африкада «араб жазы» кулач жайып, бул континенттин көптөн бери бийликте келе жаткан өкүмдарлары, ошондой эле Ливиянын таасирдүү башчысы Муаммар Каддафи бийликтен куулуп, ошондон улам спектаклдин бардык маңызы жана актуалдуу жагы алдыга чыккан.
«Маселенин баары алар Каддафиден кутулуп же өлтүргүсү келгенине байланыштуу эмес, анткени биз ошондой болоорун билгенбиз. Биз кандай кылса да анын эки гана варианты бар экенин билгенбиз», - дейт Доран. «Маселенин баары Каддафи кулагандан кийин эмне болоорунда турган. Жана «Юлий Цезарь» спектаклинде болуп жаткандын баары Брут менен Кассийдин ойлоп тапкан оюндарынын натыйжасы эмес», - деп кошумчалады ал. «Алар падышаны өлтүрүүгө чейинки иштин баарын тыкыр ойлонушкан. Алар андан кийин баары жакшы болот деп ойлошкон. Бирок натыйжада андан дагы өткөн аесуз адамдар толтурууга аракет кылган боштук пайда болду», - деп белгиледи Доран.
«Ошондой эле спектаклден карапайым калктын өзгөрүлмө мүнөзүн көрүүгө болот», - дейт Цезарды сайып салган кутумчулардын бири Касканын ролун аткарган Джозеф Миделл. «Мен уятсыздын ролун аткарам, ал Цезарь сыяктуу адамдарга жек көрүү менен мамиле кылат. Менин көз карашымда, менин каарманым калың топту карап, анын туруксуздугун байкаганы жана бул топко таасир этүү жолдорун издегени абдан маанилүү», - дейт Миделл. Брут Кассийдин кеңешине каршы чыгып, Цезардын тажиясында сөз сүйлөөгө Марк Антонийге уруксат бергенден кийин, ал калың топту кутумчуларга каршы көтөрүп чыгат.
Өткөн жылдын март айында Путин президенттин кызматка кайрадан шайланды, бирок 2018-жылы боло турган президенттик шайлоого катышууга ниети бар экенин билдирген соң россиялыктардын колдоосунан ажырады. «Левада» талдоо борборунун берген маалыматына таянсак, 40 пайыз россиялыктар Путиндин президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин анын ордуна жаңы башчыны көргүсү келет, ал эми Россиянын калкынын 37 пайызы анын бийликте калганын каалайт.
47 жаштагы Медведев президенттти кызматка кайтып келишин жокко чыгарбайт. Ал Путин төрт жыл Россиянын өкмөт башчысы болуп турган маалда президенттик кызматты ээлеп турду. Медведев өзүнүн кремлдик устаты менен экономикадагы мамлекеттин ролу деген сыяктуу маселеде ачык тирешүүнүн белгилерин көрсөтүп жүрөт.
«Юлий Цезарь» спектакли азыркы учурда Каддафинин режими кулагандан кийинки Ливияда болуп жаткан окуялар менен аяктайт - камуфляж кийген Брут менен Кассий жагдайдын күтүүсүз өнүгүшүнө туш келишет, анткени алар Марк Антонийдин күчтөрүнө каршы аргасыз күрөшкө барышат.
Россиялыктар Шекспир боюнча ар кандай тажрыйба жасап көрүүдөн тартынышпайт. Дмитрий Крымовдун импровизацияланган «Жайкы түндөгү уйку» оюнунун версиясы август айында Стратфорд-на-Эйвондо болгон Шекспирдин бүткүл дүйнөлүк фестивалында коюлуп, абдан чоң куурчак жана аудиторияны көздөй аккан суу жаңылык болгон эле.
Африкалык «Юлий Цезарь» көрүүчүлөрдүн, анын ичинде Пушкин музейинин 1961-жылдан бери мекеменин директору болуп иштеп келе жаткан 90 жаштагы башчысы Ирина Антонованын дагы суктанган кол чабуусуна арзыды. Ал «абдан кылдаттык менен анын нервин кытыгылаган оюнга» таңданып турганын жашырган жок.
«Голос России» мамлекеттик радиосу дагы чыгарманы жогору баалады. «Доран спектаклде текст менен заманбап музыканы, африкалыктардын жашоо күчүн 400 жыл мурда жазылган сөздөр менен өзгөртпөй туруп айкалыштыра билген. Трагедиянын бийлик, саткындык, эркиндик үчүн күрөш темасы кайсы доордо болбосун актуалдуулугун жоготпойт», - деп белгиледи «Голос России».

Генри Мейер
«Bloomberg News», 27-ноябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Теги: Генри Мейер Путин Шекспир бийлик
Другие материалы раздела:
Комментарии
авто киргизия бишкек


Публикации Авторов:

18.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Туркменистан избавляется от русского языка

16.09.2020
V.Panfilova, NG
Ашхабад предлагает Кабулу площадку для мирных переговоров

15.09.2020
"Kabar.kg"
Кыргызстан суверенное государство - остальное это говорильня

15.09.2020
"Ritm EurAsia"
На территории ЕАЭС введут систему полной прослеживаемости товаров

14.09.2020
"IA-Center"
Будущее Казахстана в Беларусском зеркале

14.09.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстану угрожает рост протестных настроений после выборов

11.09.2020
E.Pogrebnyak, Vzd
«Белорусский майдан» созревает в еще одном осколке СССР

09.09.2020
"Ritmeurasia"
Узбекистан пересмотрел свое отношение к ЕАЭС

07.09.2020
"Ritmeurasia"
Президент Кыргызстана не стал подписывать закон, где говорится о коррупционерах

04.09.2020
"Ritmeurasia"
ЕЭК изучит ситуацию по прекращению Казахстаном поставок металлического лома в Россию

03.09.2020
"Eurasianet"
Китай, возможно, хочет открыть новые военные базы в Таджикистане, утверждает Пентагон

02.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Бердымухамедову предлагают уйти по-хорошему

01.09.2020
G.Alekseenko (Afganistan.ru)
Центральная Азия стала спасательным кругом для мирных афганцев

01.09.2020
V.Panfilova, NG
Страны бывшего СССР создают новый консультативный альянс – без России

30.08.2020
"Gazeta.uz"
«Накинули на голову мешок и забрали на вертолете» — отец блогера из Соха

28.08.2020
K.Mami, NG
Казахстанский конституционализм: опыт и перспективы

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней