Рахмон «Facebook» түйүнүнөн коркот
четверг, 29 ноября 2012 г. 13:49:18
Тажикстан өлкөнүн президенти тууралуу комментарийлер пайда болгондон кийин «Facebook» сайтын жаап салды

Тажикстан президент Эмомали Рахмонду жана бул Борбор Азия республикасындагы кызмат адамдарын «жамандаган жана ушактаган» көптөгөн комментарийлерге жооп кылып «Facebook» сайтына кирүүгө бөгөт койду.
Рахмон өзүнүн жыйырма жылдык башкаруусун дагы жети жылга узартып ала турган Тажикстандагы шайлоого бир жыл калганда таанымал социалдык түйүнгө бөгөт коюп салуу башкача ойлонууну кысмакка алуунун акыркы далилдеринин бири болуп калды.
Быйыл Тажикстанда экинчи ирет «Facebook» жабылып калып отурат. Тажикстандын байланыш кызматынын башчысы Бег Зухуров аты аталбаган донорлор колдонуучуларга алар өлкөнүн урматтуу адамдары тууралуу тескери комментарийлерди жазыш үчүн акча төлөп берип жатышканын айтты.
«Коомчулуктун эң мыкты өкүлдөрү - алардын арасында окумуштуулар, дарыгерлер жана маданияттын алдыңкы ишмерлери бар - «Facebook» веб-сайтында таратылып жаткан ушак айың менен жалган кептерден жадап бүтүштү», - деп айтты «Reuters» булагы менен телефон аркылуу болгон маегинде Зухуров. «Коом веб-сайттын жабылышы тууралуу чечимди колдоду. Айрым адамдар «Facebook» веб-сайтына жайгаштырылган ар бир сын пикир үчүн 5 миңден 10 миң долларга чейин каражат алып жатышыптыр», - деп белгиледи ал. Бирок ал өзүнүн айткандарына эч кандай далилдерди келтирген жок жана веб-сайтка өз комментарийлерин жайгаштырып жаткан адамдарды ким каржылаганы тууралуу айткан жок.
1992-жылы Рахмон Тажикстандын президенти болгон. Бул мурдагы Советтер Союзунун жакыр мамлекетинде 7,5 миллион калк жашайт. Тажикстан Европа менен Россияга афган баңгизатын ташый турган негизги каттамдардын биринде жайгашкан.
2013-жылы ноябрь айына белгиленген президенттик шайлоодо жеңишке жетише турган болсо мурдагы пахта чарбасынын 60 жаштагы диктатору бийликте дагы жети жыл калууга мүмкүндүк алат. Тажикстан мурдагыдай эле 1990-жылдары болуп, он миңдеген адамдар кырылган жарандык согуштан оңоло албай келет.
Акыркы айларда өкмөт өлкөдөгү башкача ойлонгондорду басыш үчүн колунан келген аракетин кылып жатат. Тажик өкмөтү Интернетти жана бул мамлекеттин өкмөтүн сынга алган элди көзөмөлдөй турган ыктыярдуу орган түзгөн.

Социалдык ММКдан коркуу
Интернет пайдалануу боюнча көзөмөлдү күчөтүү чаралары Борбор Азиянын Советтер Союзунан бөлүнгөн башка мамлекеттеринде да кабыл алынган. Өзбекстан менен Түркмөнстандын авторитардуу башкаруучулары өнүгүп келе жаткан араб мамлекеттериндеги ыңкылаптарда башкы ролду ойногон жана Россияда нааразылык акцияларынын башталышына себеп болгон социалдык ММКнын ролуна тынчсызданышат.
Ошондой эле Тажикстандын бийлиги диний топторду кысмакка алууда, алар акыркы үч жылдын ичинде түрмөгө 150дөн ашуун адамды камашты. Абакка камалгандар экстремизм менен төңкөрүш жасоого аракет кылганы үчүн айыпталышкан.
Тажикстандын бийлиги жылдын башында «Facebook»ту ушул эле себеп менен жаап салган. Март айында он күн бою бул веб-сайт жабылып, мындан улам Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) тарабынан сынга кабылган. «Facebook» социалдык веб-сайты Тажикстанда таанымал болуп калган. 18 айдын ичинде сайтка катталгандардын саны 40 миң адамдан ашкан.
«Facebook» сайтынын ээси барбы? Мен аны менен сүйлөшсөм дедим эле», - дейт Зухуров. «Ал келип менин кабинетимде мени менен жолугушсун», - деп кошумчалады ал.
Дүйшөмбүлүк саясий талдоочу Зафар Абдуллаев: «Тыюу салуу өкмөттүн президенттик шайлоонун алдында коомдук сындын өсүп жатышына тынчсызданганын көрсөтөт», - деп белгилейт. «Жакын арада биз Интернетте сөз эркиндигин чектөө боюнча кошумча кадамдарды көрөбүз, анткени бийлик социалдык түйүндөрдөн реалдуу коркунучту көрүп жатканын жашырган жок», - дейт ал.
Март айында тажик өкмөтү «Facebook» менен катар РИА «Новости» веб-сайты менен «Россия-24» мамлекеттик телеканалына бөгөт койгон. Россиянын социалдык ММКларына кирүү ушул күнгө чейин калыбына келтириле элек. Бирок Тажикстандагы айрым Интернет колдонуучулар бөгөттү айланып өтөт турган программалык камсыздоолорду орнотуп алып жатышат.

Роман Кожевников
«Independent», 28-ноябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Рахмон Facebook Бег Зухуров Роман Кожевников
Похожие материалы:
Другие материалы раздела:
Комментарии
subaru


Публикации Авторов:

18.09.2019
K.Karabekov&Co, Ъ
Дипломатия минометов. На границе

18.09.2019
V.Panfilova, NG
Пограничники начали войну на футбольном поле

17.09.2019
RIA Novosti
Главы МИД Кыргызстана и Таджикистана обсудили инцидент на границе

12.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев меняет экономическую повестку в связях с КНР

10.09.2019
"KazTAG"
Китайцы атаковали системы связи Казахстана ради слежки за уйгурами – СМИ

06.09.2019
"Regnum"
Кыргызстан занимает 110-е место во Всемирном рейтинге туризма

05.09.2019
"Afghanistan.ru"
Бывшие американские дипломаты опасаются гражданской войны в Афганистане

05.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Из Кыргызстана уходят инвесторы

03.09.2019
A.Konstantinov, Ъ
Президент Казахстана поменял местами базис и надстройку

03.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев вывел элиту Казахстана за рамки госзакупок

31.08.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Узбекский парламент готовится стать местом для дискуссий

29.08.2019
V.Panfilova, NG
Туркменистан примерил сингапурское экономическое чудо

29.08.2019
R.Mamtchiz, "Gundogar"
Иностранный бизнес проникает в Туркменистан

26.08.2019
G.Ibragimova, RIA
США готовятся к схватке за Центральную Азию. Вытеснят ли они Россию и Китай

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней