Вашингтон Афганистанда аскерлеринин бир бөлүгүн өз шартына ылайык калтырууну каалайт
среда, 28 ноября 2012 г. 7:33:57
АКШ 2014-жылдан кийин Афганистанда 10 миң аскерин калтырууну көздөп жатат

Ак Үй Афганистанда «Аль-Каида» менен күрөшүп, жергиликтүү коопсуздук күчтөрүн үйрөтүш үчүн бир аз сандагы америкалык аскерлерди калтырууну каалайт.
Америкалык ММКлар «АКШнын Афганистанда аскерин калтыруу, аскерлердин азыраак гана бөлүгү же болбосо НАТОнун бир нече миң аскери менен иштеше турган 10 миңге жакын аскер менен чектелет окшойт» деп кабарлап жатат.
Күтүлүп жаткандай, чет элдик аскерлердин көбү 2014-жылдын соңуна карата Афганистандан кетишет. Ал мөөнөт НАТО менен афган өкмөтүнүн ортосунда бир нече жыл мурда макулдашылган. Ак Үй 2014-жылдан кийин бир аз сандагы аскерлерин Афганистанга калтырууну колдоп жаткан учуру. Бирок дипломаттар алар Афганистанда түбөлүк калгысы келбегенин айтып жатышат. Америкалык аскерлер Афганистанда бомба табуу жөндөмүнөн тартып, медициналык эвакуация жана отун жеткирүү, ошондой эле айрыкча Пакистан менен чектешкен чегарада терроизм менен күрөшүүгө чейинки жардамга дайыма муктаж болгон жергиликтүү коопсуздук күчтөрүн окутуш үчүн калмакчы.
«Wall Street Journal» Ак Үйдүн планы мурдагыдай эле так айтыла электигин, бирок Обаманын администрациясынын жогорку даражалуу аткаминерлери Афганистанда 10 миңге жакын аскерди калтырууну колдоп жатканын маалымдады.
Афганистандагы америкалык күчтөрдүн командачысы генерал Джон Аллен Афганистанга 6 миңден 15 миңге чейинки аскерлерди калтырууну сунуш кылган.
«New York Times» басылмасы «жаңы пландын алкагында «Аль-Каида» менен кармаша турган терроризм менен күрөш боюнча бөлүм 1000 аскерден кемибегидей түзүлүшү керек, ал эми аскерлердин көп бөлүгү афган армиясы менен полициясын окутуу жана колдоо менен иш алып бармакчы», - деп маалымдады.
Бир аз мурда АКШ менен президент Хамид Карзайдын өкмөтүнүн ортосунда Афганистанда узак мөөнөткө аскер калтыруу боюнча сүйлөшүүлөр башталган, бирок буга окшогон келишимди иштеп чыгууга бир нече айлар же болбосо андан көп убакыт талап кылынат. Былтыр Ирактан АКШнын чыгып кетишине себеп болгон жарандардын өлүмү үчүн америкалык аскерлердин кол тийбестиги тууралуу маселе кыязы, сүйлөшүүдөгү негизги тоскоолдуктардын бири болуп калат окшойт.
Америкалык жана афган аткаминерлеринин айтымында, америкалык аскерлердин кол тийбестиги тууралуу маселе сүйлөшүүлөрдүн алгачкы айлампасында кийинкиге жылдырылган. Алардын айтымында, бул суроону талкуулоо Вашингтон өз аскерлерин колдогусу келгени, ал эми афган өкмөтү сотту көзөмөлдөп жана келечекте ким кылмыш кыла турган болсо аны жазалагысы келгенине байланыштуу кийинкиге жылган.
Өткөн айда «Афганистандын эгемендүүлүгүн бузуп жатат» деп америкалык саясатты катуу сындаган Карзай америкалык аскерлерди коргоо боюнча маселе олуттуу кыйынчылык жаратышы ыктымал экенин айтты.
АКШнын президенти Барак Обама Афганистандан аскерлердин көбүн чыгаруу маселесин чечүүгө тийиш, бирок ал адегенде узак мөөнөткө калуу боюнча маселени карап, андан кийин гана «Афганистанда 2014-жылга чейин америкалык аскерлердин жүрүшүн пландагысы келген» деп кабарлайт «Wall Street Journal» жогорку даражалуу америкалык аткаминерге шилтеме кылып.
Азыркы учурда Афганистанда 66 миң америкалык аскер бар. Генерал Аллен ал аскерлердин басымдуу бөлүгүн алар согуштук сезон башталган жай мезгилинде афган армиясы менен полициясына колдоо көрсөтүш үчүн 2013-жылдын аягына чейин калтырууну сурайт болушу керек деген божомол бар. Эреже катары Афганистанда согуш калың жааган кар тоодогу ашууларды жаап салган, ал эми талаадан жашына турган жер жок болуп калган кыш мезгилинде басаңдап калат.

Эмма Грэм-Харрисон
«Guardian», 27-ноябрь, 2012 –жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Теги: Афганистан аскерлер АКШ Эмма Грэм-Харрисо
Другие материалы раздела:
Комментарии
машины в бишкеке


Публикации Авторов:

22.09.2020
V.Panfilova, NG
Вашингтон не прочь изменить московский вектор Бишкека

20.09.2020
E.Pogrebnyak, R.EurA
Россия и Китай укрепляют обороноспособность Таджикистана

18.09.2020
M.Orlova, 24.kg
Что ждет кыргызстанцев, если кандидат "против всех" победит на выборах?

18.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Туркменистан избавляется от русского языка

16.09.2020
V.Panfilova, NG
Ашхабад предлагает Кабулу площадку для мирных переговоров

15.09.2020
"Kabar.kg"
Кыргызстан суверенное государство - остальное это говорильня

15.09.2020
"Ritm EurAsia"
На территории ЕАЭС введут систему полной прослеживаемости товаров

14.09.2020
"IA-Center"
Будущее Казахстана в Беларусском зеркале

14.09.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстану угрожает рост протестных настроений после выборов

11.09.2020
E.Pogrebnyak, Vzd
«Белорусский майдан» созревает в еще одном осколке СССР

09.09.2020
"Ritmeurasia"
Узбекистан пересмотрел свое отношение к ЕАЭС

07.09.2020
"Ritmeurasia"
Президент Кыргызстана не стал подписывать закон, где говорится о коррупционерах

04.09.2020
"Ritmeurasia"
ЕЭК изучит ситуацию по прекращению Казахстаном поставок металлического лома в Россию

03.09.2020
"Eurasianet"
Китай, возможно, хочет открыть новые военные базы в Таджикистане, утверждает Пентагон

02.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Бердымухамедову предлагают уйти по-хорошему

01.09.2020
G.Alekseenko (Afganistan.ru)
Центральная Азия стала спасательным кругом для мирных афганцев

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней