Каталонияда улутчулдар жеңишке жетишти
вторник, 27 ноября 2012 г. 13:12:46
Каталониядагы шайлоодо улутчулдар жеңишке жетишти

Бирок башкаруучу партиянын макул болбогонунан улам, каталониялыктардын Испаниядан боштондук алгысы келген тилегинин башы ачылбаган бойдон турат.
Каталониянын улутчулдары кечээки аймактагы маанилүү шайлоодо ачык эле жеңүүчү болуп табылышты. Бирок Артур Мас жетектеген консервативдүү CIU улуттук партиясынын колдоосу жетишпегендиктен, Каталониянын Испаниядан боштондук алуу маселеси коркунучта калды.
Каталониянын жашоочулары өз аймагынын Испаниядан бөлүнүп чыгышын толук колдошууда. 2008-жылы Испанияда экономикалык кыйынчылыктар башталып, ал эми Каталонияда 11-сентябрдаэгемендик үчүн чоң митинг болуп өткөндөн кийин CiU («Конвергенция жана биримдик») партиясы бекем улутчул позицияны кабыл алган.
Бирок CIU мурдагыдай эле каталон парламентинин эң ири саясий франкциясы бойдон калууда, анын 50гө жакын орду бар. Болжолу CIU толук бойдон парламентте азыраак добуш алган партиялардан турган өкмөттү түзүшү толук ыктымал, ал эми Мас экинчи ирет Каталониянын президенти болот. Эми бардык сүйлөшүүлөргө CIU партиясы менен парламентте эки эсе көп орун алган ERC улуттук республикалык партиясы катышмакчы.
«Биз абдан көп орунду ала албай калганыбыз көрүнуп турат, ошондой эле биздин жыйынтыктар эки жыл мурда биз жете турган жыйынтыктардан төмөн», - деп мойнуна алды Мас. Анын айтымында, «процесс уланууда». Ал ошондой эле өткөн эки жыл оор болгонун кошумчалады.
«Бул шайлоо эч нерсени чечкен жок», - деп айтты «Independent» менен болгон маегинде каталониялык саясат таануучу Герма Капдевила. «Эгерде Мас өзүнүн бюджетине колдоо тапкысы келсе, ага ERCтин колдоосу зарыл, бирок эгерде улутчулдар жеңе турган болсо, анын келишимди иштеп чыгышы кыйын болот. Референдумду көпчүлүк жактап жатат, бирок партиялар бир түрдүү эмес», - деп кошумчалады саясат таануучу. Каптдевила: «Мадрид CiU өзү алууга ниеттенип жаткан колдоону ала алган жок деши мүмкүн», - дейт.
Жекшембидеги аймактык шайлоого шайлоочулардын келиши 1998-жылдан берки эң жогорку көрсөткүчкө жетти, почта боюнча ошол жылга салыштырмалуу 45% көп киши добуш берген, ал эми кечке карай шайлоочулардын келиши 2010-жылдагы шайлоого салыштырганда 8 пайызга жогору болгон.
Болуп өткөн шайлоодо негизинен референдумга көңүл бөлүндү. Каталониянын шайлоочулары жумушсуздук - Каталонияда 170 миң адам жумушсуз деп эсептелет - сыяктуу маселелерге же болбосо жикчил аймакты банкротко учуроодон куткарууга жардам берчү өкмөттүк чараларга токтолушкан жок.
Чыгашаларды кыскартууга багытталган испан өкмөтүнүн чаралары менен алсыз экономика экинчи планга жылдырылгандыктан, Мастын улуттук лагери жакшы натыйжаларды күтүп жаткан. Мас бул шайлоо «Испания маанилүү таасир тийгизген акыркы шайлоо болот», - деп тастыктап жатат.
Ошого карабай, оңчул мадриддик ММКлар CIU партиясын коррупцияга тиешеси бар деп айыптап чыгышты, ал эми Каталониянын боштондугун жактагандар «аймак бөлүнгөндөн кийин Европа Биримдигинин (ЕБ) курамына кайтып кириш үчүн ишенимге ээ болуш керек, ал эми CiU партиясынын колдоосу азайды» деп тынчсызданып жатышат. Партия шайлоочулардын 84% добушун алганы тууралуу айтылган соң ал парламенттеги 12 орундан ажырады.
Көрүнүп тургандай, референдумду өттү деп эсептесе болот, себеби ERC партиясы мурдагыдай эле Масты жана анын парламентте аз орун алган партиялардан түзүлө турган өкмөтүн колдойт, ал эми дагы башка улуттук эмес ICV партиясы CiU партиясынын башчысын колдой турганын билдирди. Ошого карабай, ERC партиясы жергиликтүү өкмөттүн чыгашаларын азайтууну талап кылууда, бул өз кезегинде алдыда боло турган сүйлөшүү маалында кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн.
«Эгерде алар өздөрүнүн экономикалык саясатын кайра карап чыга турган болсо, биз аларга кошулабыз. Антпесе кошулбайбыз», - деп билдирди өткөн аптада ERC партиясынын башчысы Ориол Жункерас.
Бирок жогоруда саналып өткөндөрдун баарына карабай, Барселона, кыязы, референдумду колдойт, ал эми Мадрид мурдагыдай эле өлкөдөн жикчил аймактын бөлүнүп кетишин каалабайт. Элдик партиянын башчысы Мариано Рахой Каталониянын референдумун колдобой турганын билдирди. Анын айтымында, референдум конституциялык мыйзамдуулукка ээ эмес. 2008-жылы Элдик партия Басктар Өлкөсүндө ушундай добуш берүүгө тоскоол болгон, ал эми 2010-жылы сотто Каталониянын чоң автономия болгусу келген ниетин четке кагып койгон.
Мас Рахой менен Каталонияга өзүнүн боштондугун алууга мүмкүндүк берген келишимге кол коюну каалай турганын жарыялады. Анын айтымында, Улуу Британияда Шотландиянын көз карандысыздыгы жөнүндө болгон добуш берүү жаңы келишимге мисал болууга тийиш. «Рахой референдумду колдогусу келбегендиктен,  Испаниянын же болбосо Европанын курамынан Каталониянын чыгып кетишин эч ким каалабайт жатат», - деп билдирди ал өткөн аптада -ошондуктан мүмкүндүктөр өтө эле аз. Ошондой эле референдумга байланышкан бардык маселелер эгерде ал эгемендүү болуп кала турган болсо, айрыкча Испанияга карата аймактын каржылык көз карандылыгын эске алганда, Каталониянын экономикалык келечегине байланыштуу күмөн ойлорду жаратат. Каталониянын үлүшүнө Испаниянын ички дүң өндүрүмүнүн 20 пайызы туура келет. Өз кезегинде Каталония Испанияга бардык өндүрүмүнүн 45 пайызга жакынын экспорттойт. Испания Каталониянын Евробиримдикке киришине вето коюп салышы толук мүмкүн.
Мастын оппоненттери анын боштондук жөнүндө сунушун сындап чыгышты. «Анын бул шайлоодон жолу болгон жок», - деп айтты Социалисттик партиянын басма сөз катчысы Дани Фернандес.

Аласдаир Фоерингам
«Independent», 26-ноябрь, 2012 –жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Каталония улутчулдар Аласдаир Фоерингам Испания
Другие материалы раздела:
Комментарии
auto


Публикации Авторов:

23.09.2019
"Nur.kz"
СМИ: Мечети начали уничтожать в Китае

23.09.2019
"Afghanistan.ru"
Окружение Трампа боится вьетнамского сценария в Афганистане

23.09.2019
"KP.ru"
Кыргызстан предложил США усилить торгово-экономическое сотрудничество

21.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев выбрал имидж президента для бедных

20.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Кыргызстан готовится вернуть своих граждан из Ирака и Сирии

18.09.2019
K.Karabekov&Co, Ъ
Дипломатия минометов. На границе

18.09.2019
V.Panfilova, NG
Пограничники начали войну на футбольном поле

17.09.2019
RIA Novosti
Главы МИД Кыргызстана и Таджикистана обсудили инцидент на границе

12.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев меняет экономическую повестку в связях с КНР

10.09.2019
"KazTAG"
Китайцы атаковали системы связи Казахстана ради слежки за уйгурами – СМИ

06.09.2019
"Regnum"
Кыргызстан занимает 110-е место во Всемирном рейтинге туризма

05.09.2019
"Afghanistan.ru"
Бывшие американские дипломаты опасаются гражданской войны в Афганистане

05.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Из Кыргызстана уходят инвесторы

03.09.2019
A.Konstantinov, Ъ
Президент Казахстана поменял местами базис и надстройку

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней