Корей мамлекеттеринин ортосундагы өлүм оюндары
четверг, 29 ноября 2012 г. 7:38:59
Түндүк Кореянын саясий киши өлтүргүчтөрү үчүн ууланган калем кылычтан жакшы

Биринчи курал алгач көргөндө үч ок чыгарууга мүмкүнчүлүгү болгонуна карабай, эч зыяны жок чөнтөк фонары сыяктуу көрүнөт. Экинчи курал - ийнеси ууландырылган калем. Үчүнчүсү - огу бар «ууландырлаган калем», аны териге сайса жана өлүм алып келүүчү ууну кое берсе болот.
Сеулдун иликтөөчүлөрү түштүк кореялык саясий душмандарын өлтүрүш үчүн Түндүк Кореядагы алардын каршылаштары колдоно турган айрым түзүмдөрдү көрсөтүштү. Киши өлтүрө турган жашыруун куралдардын тизмеси Джеймс Бонддун коллекциясын эске салат.
«Бул фонарь - жаңы ойлоп табылган курал», - дейт иликтөөчүлөрдүн бири. «Эгер сиздер алдынан карай турган болсоңуздар, үч тешик көрүнөт, алардын ар биринде ок бар, ал эми бул жерде кое берүүчү механизм иштейт. Бул азыр октолуу жана коркунучтуу».
Куралдын бул түрлөрү үгүттөөчү баракчалар менен кошо гелий шарларын жөнөтүп Пхеньяндын ачуусуна тийген активист Пак Санг-Хакты өлтүрүш үчүн Пхеньян тарабынан жиберилген киши өлтүргүч колго түшүрүлгөндөн кийин табылган.
Пхеньян Сеулга «Ан» деген каймана аты бар атайын бөлүктүн мурдагы кызматкерин качкын катары жиберген, ал Пакты өлтүрүүгө тийиш эле. Жашыруун жаналгыч Пактын кыймылына кирүүү каалаганын айткан, бирок жашыруун кызмат тарабынан бети ачылып, кармалып, апрель айында 4 жылга абакка кесилди. Киши өлтүрүүгө аракет кылганга чейин Ан Түндүк Кореянын өкмөтүнө каршы чыккан көптөгөн топтор менен иштеп Түштүк Кореяда 17 жыл жашаган.
Киши өлтүрүү аракеттери, айрыкча 1950-1953-жылдары болгон чатактан кийин жарым аралды бөлүп алган Түндүк менен Түштүк Кореянын ортосунда «кансыз согуш» маалынан бери мындан да укмуш болгон.
1968-жылы 21-январда 31 түндүк кореялык атайын бөлүктүн кызматчылары Түштүк Кореянын президенти Пак Чон Хинин резиденциясына – «Көк үйгө» аны «мууздап салууга аракет кылып» кирген миссия тууралуу андан аман калган түндүк кореялык атайын бөлүктүн кызматкери айтып берди. Өз диктаторун өлтүрүү  аракетине жооп кылып Сеул 1971-жылы «684-бөлүм» аттуу киши өлтүрүүчүлөр командасын түзгөн.
Азыркы учурда Сеул 19-декабрда боло турган президенттик шайлоодо талапкерлерди каттап бүткөнү калды. Президенттикке талапкерлердин бири - Пактын кызы Чон Хи Пак Кын Хе. Анын энеси Юк Юнг Су түндүк кореялык киши өлтүргүчтөр тарабынан 1974-жылы атасы сөз сүйлөп жаткан маалда экинчи жолу өлтүрүүгө аракет жасалган кезде өлгөн. Пак Чон Хи 1979-жылы Кореянын чалгындоо башкармалыгынын башчысы тарабынан атылып өлтүрүлгөн.
1983-жылы түндүк кореялык киши өлтүргүчтөр өздөрүн кайрадан ачыкка чыгарышып, бул жолу Бирмада салтанат маалында бомба жардырып жиберишкен. Рангунда расмий иш сапары менен жүргөн Түштүк Кореянын президенти Чун Ду-Хван 21 киши набыт болгон жардыруудан аман калган.
2010-жылы Түндүк Кореянын армиясынын эки офицери бул мамлекеттин өз күчүнө ишенүүгө негизделген саясий философиялык жетектөөчү «Чучхе» идеологиясын түзүүчүлөрдүн бири Хван Чжан Ёпту тындым кылууга аракет кылышкан. Белгилүү болгондой анын өзүнүн ишинен баш тарткандыгы Түндүк Кореянын маркум жетекчиси Ким Чен Ирди катуу ачууланткан экен. Акыры Хван жүрөк оорусунан көз жумган, бирок алигиче жүрөктүн токтоп калышына эмне себеп болгон деген суроого жооп табыла элек.

Клиффорд Кунан
«Independent», 26-ноябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Клиффорд Кунан Түндүк Корея киши өлтүргүч
Другие материалы раздела:
Комментарии
мерседес


Публикации Авторов:

18.07.2019
"Dzen.Yandex"
Чт за народ каракалпаки в Узбекистане?

18.07.2019
"Afghanistan.ru"
Узбекистан собирается принять участие в строительстве афганского участка газопровода ТАПИ

17.07.2019
V.Panfilova, NG
Президента Кыргызстана перехватила Москва

15.07.2019
"Ritmeurasia"
Чем выгоден ЦА экономический коридор Пакистана и Китая

12.07.2019
K.Karabekov, K.Krivosheev, Ъ
Россия и Кыргызстан рекультивируют отношения

12.07.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский вектор становится менее привлекательным для стран ЕАЭС

12.07.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Премьер-министр Узбекистана доволен тем, как развиваются отношения его страны с Россией

09.07.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Евросоюз презентовал в Бишкеке новую стратегию для Центральной Азии

09.07.2019
V.Panfilova, NG
Русских в Туркменистане легализуют

07.07.2019
"Tengrinews"
Кыргызстан всколыхнуло убийство иностранца в центре Бишкека

04.07.2019
V.Panfilova, NG
Туркменские мигранты ищут «Путь к свободе»

01.07.2019
V.Panfilova, NG
Экс-президенту Кыргызстана грозит пожизненное заключение

26.06.2019
"EADaily"
В Афганистане формируется новая база ИГИЛ — эксперт

26.06.2019
"RIA Novosti"
В ОДКБ рассказали о возросшей угрозе терактов в Центральной Азии

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней