Жакынкы Чыгышта стратегиялык салмак исламчылар тарапка ооду
пятница, 23 ноября 2012 г. 7:03:00
Газа тилкесинде болгон чатак Жакынкы Чыгыштагы күчтөрдүн тараза ташы алмашып калганын көрсөттү

Алдын-ала айтылган түрдүү божомолдорго карабай, айрыкча карапайым калк кыргынга учураган шартта, Израиль менен Газа тилкесинин ортосундагы чатакта жеңүүчү жана жеңилүүчү болгон тараптар азыртан эле Жакынкы Чыгыштагы саясий альянстарды түзө башташты.
Акыркы ракета кое берилгенге чейин, ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон атышуу токтогону тууралуу жарыяланганга дейре, кызыкчылыгы бар тараптар менен талдоочулар «акыркы аптада болгон окуялар Жакынкы Чыгыштагы көптөгөн адамдардын тагдырын өзгөрттү» деген пикирге келишти.
Египттин президенти Мохамед Морси бул чатакта өзүн көрсөттү. «Жарандык коом Египеттин президентин алсыз башчы деп эсептеп жүргөн, бирок элдин баарын таң калтырып, ал андай эмес экенин далилдеди», - дейт «Woodrow Wilson Center»дин Жакынкы Чыгыш боюнча эксперти Аарон Дэвид Миллер.
Морси ХАМАСты сүйлөшүүгө такап коюуга жана Палестинанын радикал кыймылынын жетекчилигин мунасага келүүгө макул кылууга зарыл болгон рычагдарга ээ экенин көрсөттү. Эки мамлекеттин ортосуна ортомчулук кылуу аркылуу Морси араб дүйнөсү менен Кошмо Штаттардан өзүнө зарыл болгон саясий колдоо тапты.
Ошондой эле атышуунун токтогону Израиль жана анын көшөргөн өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху үчүн жеңиш деп кабыл алынды. Шайлоого чейин бир нече ай калганда Нетаньяхунун өкмөтү ХАМАСтын аскер башчысы Ахмед аль-Джаабарини жок кылды. ХАМАСтын башчысы өлгөндөн кийин Израилге ракета жамгырдай жаады. Бирок чыныгы жеңишке ХАМАСтын жүздөгөн ракеталарынын Израилдин жарандарын кыруусуна мүмкүндүк бербеген Американын ракетага каршы «Темир купол» системасы жетишти десек болот.
Тагдырдын тамашасы менен Газа тилкесинде болгон чатактан, андан кийинки мунасадан соң, Палестинанын радикалдуу ХАМАС кыймылы чечкиндүүрөөк болуп калды. «ХАМАС күчтүүрөөк болуп калды, ал Газа тилкесиндеги өз көзөмөлүн чыңдады жана мыйзамдуулукка ээ болду», - деп түшүндүрөт Миллер.
Палестин элинин көзүнө Газа тилкесинде иш алып барып жаткан жоочулар Израилге каршы буга чейин болуп көрбөгөндөй катуу позицияны карманышкандай, жана алардын ракеталары буга чейин жете элек алыскы буталарга чейин жеткендей болуп көрүндү. Балким ХАМАСтын жоочулары баарын камтыган келишимге жетишсе, Газа тилкесиндеги экономикалык бөгөттү азайтууга мүмкүндүк алышы да мүмкүн.
«Алар эмне кылганын карап көргүлө, президент Махмуд Аббас жасай албаганды жасап коюшту. Алар эл аралык коомчулукту Палестина маселесин кайрылып карап чыгууга аргасыз кылышты», - дейт Миллер.
Бул чатакта Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас жана анын ФАТХ фракциясы көп нерсе жоготту. Аббас акыры жөн эле жата бербей, Израиль менен жаңы келишимди түздүрө турган мунасага келүү тууралуу сүйлөшүүлөрдө ортомчу болууга тийиш эле. Эми ал бардык палестиналыктардын атынан эмне айтышты дагы билбейт. Ал ошондой эле негизги атаандашы болгон ХАМАСка таасир тийгизе турган рычагдары жок экенин да ачык далилдеди.
Ошондой эле четте түбөлүк байкоо салып туруучу, бирок ХАМАС жөнүндө кеп боло калса эле билек түрө кирише калчу Иран дагы бар. Көрүнүп тургандай, Газа тилкесинде болгон чатактан соң Ирандын таасири начарлады окшойт. Ракетага каршы «Темир купол» системасы жүздөгөн ракеталарды талкалап салды.
Израиль дайыма Иранды ХАМАСка курал жеткирет деп күнөөлөп келген, ал эми бүгүнкү күндө Иран муну өзү мойнуна алды. «Газа курчоодо калды, ошондуктан биз аларга жардам бере албайбыз. Иран Газа тилкесине «Фаджр-5» ракеталарын жөнөткөн жок. Ракеталык технологиялар ХАМАСка берилген жана алар тез арада кураштырылды», - деп билдирди Ислам революциясын кайтаруучулар корпусунун башчысы Мохаммед Али Джафари.
Азыркы учурда көпчүлүк элди тынчсыздандырып жаткан жалгыз маселе - эгерде Израиль Иранга чабуул койсо, Иран ХАМАСка таяна алабы жана «Темир купол» өзүнүн бүткүл кубатын көрсөтүп, ракетадан аткылоо варианты натыйжасыз экени билингенден улам, Иран ракета менен каршы жооп берүүчү сокку жасай алабы деген маселе.
Мунасага келген бир нече күндүн ичинде аймактагы тарапташтар менен душмандар алмашат жана бул келечектеги тынчтык сүйлөшүүлөрүнө таасир тийгизээри шексиз.

Пол Ньютон
CNN, 22-ноябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Жакынкы Чыгыш салмак исламчылар Пол Ньютон
Другие материалы раздела:
Комментарии
автомобили в бишкеке


Публикации Авторов:

13.11.2019
"EADaily"
Узбекистан покинул тройку мировых лидеров по экспорту хурмы

11.11.2019
"RIA Novosti"
Эксперты рассказали о взаимодействии России и Китая в Азии

11.11.2019
"TASS"
Макрон заявил о готовности решать проблемы Центральной Азии со всеми странами региона

11.11.2019
"Haqqin.az"
Резиденция президента Казахстана осталась без света

06.11.2019
"Haqqin.az"
Таджикистан задумал передать Узбекистану территорию с золотом

01.11.2019
"LSM.kz"
Казахстан поставил ультиматум странам ЕАЭС

01.11.2019
V.Panfilova, NG
Пекин осваивает Горный Бадахшан

30.10.2019
J.Lillis, EN
Кто же все-таки лидер нации в Казахстане?

24.10.2019
K.Karabekov, Ъ
Дело экс-президента Кыргызстана рассмотрят конституционно

24.10.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Туркменский газопровод берут под охрану афганские военные

23.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев возвращает свои полномочия

18.10.2019
A.Saruar (LSM.kz)
Казахстан проиграл всем странам ЕАЭС во взаимной торговле

16.10.2019
"CentrAsia"
Вернут ли Жээнбеков и Трамп американскую военную базу в Кыргызстан?

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней