Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы согушту эңсөө
вторник, 20 ноября 2012 г. 9:53:56
Израиль менен Газа: согушка даярдык

Кургак жердеги согушка айланып кетиши мүмкүн болгон Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы беш күндүк аба салгылашуусунан кийин израилдиктер аймактагы элдештире ала турган башчы катары Египеттин президенти Мухаммад Мурсиден үмүт кылышууда.
17-ноябрда Мурси эки тарап бул зомбулукту токтотуш үчүн кыйыр түрдөгү дипломатияга барышы мүмкүн экенин көрсөткөн «белгилер» пайда болгонун, бирок бул азырынча ачык эмес экенин билдирди. Мурси АКШнын жана Европа өлкөлөрүнүн өкмөттөрү менен тыгыз байланышта. Каирде ал элдешүү келишимине салым кошо турган Түркиянын өкмөт башчысы Реджеп Тайип Эрдоган, ошондой эле Катардын шейхи Хамад бин Халифа аль-Тани менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Египеттин президенти «Мусулман агайындар» диний саясий уюмунун мурдагы башчысы «Сионсттик душман» деген сыяктуу каймана атты колдонбостон, Израилди атынан атап, Израиль тарап жөнүндө сүйлөдү. Бул Мубарактын режиминин маалында айрыкча аскердик маселелерде жеңил мамилелерге умтулган Израиль каймактары үчүн бир аз да болсо көңүл жубатардык сөз болду. «Араб жазынын» алгачкы айларында Израиль Египеттин бийлигине тыюу салынган «Мусулман агайындар» уюмунун келишинин коркунучу тууралуу начар кептерди айтып эскертип жаткан. Мурсинин президенттик шайлоодо жеңишке жетиши бул алдын-ала эскертүүлөрдү ого бетер ырастаган. ХАМАС дагы, анын идеологиялык жана саясий өнөктөшү болгон «Мусулман агайындар» дагы Израилдин эркиндигин тааныбайт.
Бирок Мурси иудей эли менен 33 жылдык тынчтык келишимин сактап калыш үчүн Израиль менен Египеттин стратегиялык жана саясий кызыкчылыгынын ортосундагы чекке абайлап кадам таштады. Бул сактануу Израилдин Газага каршы аба чабуулуна жооп кылып ал өз элчисин кеңешке чакыртып алып, муну менен дипломатиялык нааразылыктын салыштырмалуу формасын көрсөткөндөн кийин даана байкалды. Өзүнүн өкмөт башчысы Хишам Кандилди 16-ноябрда «тилектештик иш сапарынын» алкагында Газага жөнөтүү менен Мурси Египет ортомчу болууга даяр экенин билдирди жана бул израилдик тарап жана коомчулук үчүн да ачык түшүнүктүү болду.
Албетте, мындан соң 18-ноябрь күнү эртең менен өлкө жеңилдене дем алып жана бир аз да болсо үмүт артып калды. Эл уйкудан ойгонуп түштүктө түн тынч өткөнүн билди, ал эми жергиликтүу жана чет элдик ММК «Египет ортомчулук кыла турган болсо элдешүү ишке ашат» деген тариздеги жоромолдорду кабарлады. Газадан келген бир дагы ракета бул сезимдерди бузган жок.
Ошого карабай Газадагы түн анча бейпил болгон жок. Израилдин аскер учактары ХАМАСтын ракета учура турган жерлерин жана башка объектилерин бомбалады. Палестинанын медициналык маалымат булактары эки адам курман болгонун жана дагы бир нече киши жаракат алганын маалымдашты. Газада курман болгондордун жалпы саны 50дөй киши болду жана набыт болгондордун жарымы аскерлер эмес. (Жекшемби күнү курмандыктардын саны 70ке чейин жетти: алардын арасында бир үй-бүлөнүн мүчөсү болгон төрт бала, ошондой эле беш аял дагы бар).
Израиль тараптын эртең мененки тынчтыгын түштүктөгү Ашкелон шаарынан кое берилген ракета бузду. Эки ракета «Темир купол» аттуу ракетага каршы коргонуу системасынан өтүп шаарга түштү жана бир нече кишини жарадар кылып, чыгашаларга учуратты. Үчүнчү күнү эртең менен Газа тараптан Тель-Авивге ракета кое берилди. Ал «Темир купол» РККсынын батарея системалары аркылуу талкаланды; ракетанын күйгөн сыныктарынын бири унаага түшүп ал жарылып кетти.
Үмүт үзүлдү. Израилдин армиясы бул арада эгерде өкмөт ошондой чечим кабыл алса кургак жерден кол салууга даярданып жатат. Танкалар менен артиллерия чабуул жасачу жерге жөнөтүлүүдө. Өкмөт 75 миң резервчилерди моблизациялоого макулдук берди. Премьер-министр Бенджамин Нетаньяху министрлер кабинетинин жолугушуусунда Израиль аскерлери өз операцияларын күчөтүүгө даяр экенин билдирди.
Нетаньяху Газадагы миңден ашык террористтик объектилер шаршемби күнү бомбалооого кабылып, аба чабуулдарынын жыйынтыгында палестиналык ХАМАС каршылык кыймылынын башчыларынын бири Ахмад Джабари өлтүрүлгөнүн айтты. «Биз ХАМАС жана башка террористтик уюмдарды өз аракеттери үчүн жооп берүүгө аргасыз кылабыз деп ниеттенип жатабыз», - дейт премьер-министр.
Эгерде Мурси жакын арада элдештирүүгө жетише алса кезектеги пикир күрөшүндө ХАМАС дагы, Изариль дагы ийгилик үчүн салгылашмакчы. ХАМАС Тель-Авив менен Иерусалимдин жашоочулары бомбалоодон коркуп жана ызы-чуу түшүп жашынганын эстеп калат. Курал жагынан эбегейсиз айырма бар экенине карабай, ХАМАС Израилдин айрым бөлүктөрүн өз чабуулдары менен талкалап салам деген опузамды аткардым деп тастыктамакчы.
Израиль жана өкмөт Израиль тарабынан иштелип чыгып, Америка каржылаган «Темир купол» системасы аркылуу ХАМАСтын ракеталары биринин артынан бири талкаланганын эстөөгө аракет кылат. Бирок баары чындыгында мындай эмес. Айрым ракеталар ар тургай «Темир купол» батареялары жайгашкан жерге чейин келип түшүп жатты. Бирок коргоо системасы өзүн актады жана кээ бир израилдиктер айтып жатышкандай, эми өкмөт бардык башкы калктуу пункттарды ушул коргонуу системасы менен камсыз кылышы үчүн кошумча бюджеттик каражаттары бөлүүгө ниеттенет.

«Economist», 18-ноябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Израиль ХАМАС согушка даярдык Мурси
Другие материалы раздела:
Комментарии
lexus


Публикации Авторов:

24.02.2020
"Zakon.kz"
Казахстан пожалуется на Кыргызстан в ВТО

24.02.2020
"Eurasianet.org"
Туркменистан: маскируя реальность - обзор событий

24.02.2020
A.Yuldashev (A+)
Бишкек и Душанбе договорились обменяться 23 гектарами земли

23.02.2020
“Review.uz”
Узбекистан разместит у себя серверы Google, Facebook и Yandex

21.02.2020
"UzReport.uz"
Сингапурская компания предложила Ташкенту сотрудничество по переработке отходов

21.02.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызы вытолкали из страны китайского инвестора

19.02.2020
V.Panfilova, NG
Таджики объявили своей Баткенскую область

17.02.2020
"Zakon.kz"
В Узбекистане признали, что мирных жителей в Андижане расстреляли правительственные войска

17.02.2020
"Asia plus"
Жители села Сомониён: «Если отдадим наше село, Чоркух высохнет»

13.02.2020
G.Ivanova (Iz)
Свято место: почему США возвращаются в Центральную Азию

13.02.2020
"Eurasia.expert"
ЕАБР профинансирует масштабный инфраструктурный проект в Казахстане

12.02.2020
V.Panfilova, NG
Туркменистан укрепляет границу с Афганистаном

11.02.2020
"Nezavisimaya gazeta"
К-Т. Токаев уволил силовиков

10.02.2020
V.Panfilova, NG
Погромы в Казахстане покрывали госорганы

06.02.2020
V.Panfilova, NG
Душанбе не спешит в Евразийский союз

06.02.2020
"RIA Novosti"
В Москве умер сын экс-президента Кыргызстана, сообщили СМИ

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней