НАТО акыры Түркиянын Сирия менен байланышкан маселелерине көңүл бурду
среда, 14 ноября 2012 г. 9:09:56
НАТО Сирия боюнча Түркияга жардам берүүгө даяр

Асаддын аскерлери козголоңчулар тарабынан басылып алынган Рас аль-Айн шаарына көзөмөлдү калыбына келтирүүгө аракет кылып жаткан кезде, НАТОнун баш катчысы Анкара альянстан жардам ала турганын билдирди.
НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен катуу күч менен чегарадан тышкары чыга баштаган Сирияда уланып жаткан чатактын маалында НАТО Түркияга жардам берүүгө даяр экенин билдирди. «Түркия НАТОнун тилектештигине таянса болот. Биздин Түркияны коргоо боюнча планыбыз бар жана эгер зарыл болсо шеригибизге жардам беребиз», - деп билдирди Расмуссен дүйшөмбү күнү Прагада журналисттерге.
Ошондой эле НАТОнун баш катчысы Түркия трансатлантикалык аскер биримдигине анын аймагына америкалык өндүрүштөн чыккан «Patriot» зениттик ракеталарын жайгаштыруу жөнүндө өтүнүчтү жөнөтө элек экенин белгиледи. «Бирок эгерде Түркия тараптан буга окшогон өтүнүч келсе, НАТОнун кеңеши аны кароого милдеттүү», - деп кошумчалады ал.
Өткөн аптада Анкара НАТО менен Американын «Patriot» ракеталарын жайгаштыруу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген, бирок Түркия тараптан кандайдыр бир расмий өтүнүч айтылган эмес. Мындан тышкары өткөн аптада Түркиянын президенти Абдулла Гүл анын мурдагы өнөктөшү болгон Сириядан келчү «кандай гана коркунучта болбосун өзүн коргоого укуктуу экенин, бирок согуштун башталышы жөнүндө сөз болбошу керек экенин» билдирген.

Чегаранын эки тарабындагы зомбулук
Дүйшөмбү күнү Сириянын Түркия жана Иордания менен чектешкен чегарасында өлүм менен аяктаган кагылышуулар күч алды. Ошондой эле шейшемби күнү Израиль Голан бийиктигинен Сирия тарапты аткылай баштады, бул 20 айдан бери уланып жаткан Сириядагы чатак бардык аймакка таркап жатат деген коркунучту пайда кылды.
Өткөн аптада Сириянын чегарадагы шаарында Сириянын күчтөрү менен козголоңчуларынын ортосунда кыргындуу кармаш болуп, анын кесепетинен миңдеген сириялыктар туруксуз чегараны бойлото аскердик кубатын күчөткөн Түркияга качууга аргасыз болушкан. 3-октябрда Сирия тараптын атышынан улам беш түрк жараны курман болгондон кийин Түркиянын армиясы Сирия тараптан атылган ар бир окко бекер кетирбей жооп берип аткан.
«Дүйшөмбү күнү Голан бийиктигиндеги армия бекетине миномет менен аткылоого карата жооп берген Израилдин аскерлери Сириянын аймагында турган артиллериялык мобилдүү булакка танкадан ок чыгарды», - деп айтылат Израиль армиясынын билдирүүсүндө.
«Минометтун снаряды Голан бийиктигинин борбордук бөлүгүндөгү ачык жерди талкалап кетти. Бирок атыш кандайдыр жаракат алып келген жок. Аскерлер ок атылган жакка танкадан ок чыгарышты жана анысы бутага таамай тийгенин айтышты», - деп белгиленет Израиль армиясынын билдирүүсүндө.
«Израиль Сирия тараптын ок атышына чыдай албайт жана кайсы гана агрессияга болбосун жооп берет», - деп айтылат билдирүүдө. Израилдин өкүлдөрү Израиль тарап ок атууну токтотуу линиясын карап жаткан БУУнун байкоочуларына арыз менен кайрылганын айтышты.

Тирешүүнүн күч алышы
Дүйшөмбү күнү сириялык аткыч учактар Түркиянын чегарасынан анча алыс эмес жерде жайгашкан козголоңчулардын позицияларына аба чабуулдарын жасап, мындан улам бери дегенде 6 адам курман болуп, ондогон кишилер жаракат алды. Түрк аткаминерлери менен күбөлөрүнүн айтымында, дүйшөмбү күнү Түркиянын аймагы гранатомет менен аткыланган.
Ошондой эле дүйшөмбүдө Сириянын аткыч учактары Түркиянын чегарасында жайгашкан Рас аль-Айн шаарына президент Башар Асаддын тарапташтары районго көзөмөл орнотууга аракет кылып жаткан маалда абадан чабуул коюшкан. Аба чабуулунан кийинки жарылуу жана уюлгуган кара түтүн ондогон сириялыктарды ал райондон Түркиянын аймагына качууга аргасыз кылды.
Сириянын аскердик тик учактары да бейшемби күнү козголоңчулардын карамагына өткөн шаарды бомбалоого катышты. Курмандыктар жөнүндө айтылган жок. Истребителдер Рас аль-Айн шаарында түрктөрдүн Чейланпинар шаарчасынан бөлүп турган чегара дубалынан бир нече метр жерге чабуул коюшту. Сириялык учактын соккусунун маалында түрктөрдүн Чейланпинар шаарында жүргөн «Reuters» агенттигинин кабарчысы учак чегараны бойлото учканын, андан соң ал Түркиянын аба мейкиндигин аралап өткөнүн кабарлады.
Сириянын укук коргоо уюму Иорданиянын чегарасында болгон козголоңчулар менен атышуу жана кагылышуу маалында эки сириялык чегарачы курман болгонун маалымдады.

Качкындардын күчөп бара жаткан кризиси
Сириянын түндүгүндө зомбулуктун күчөп кетишинен улам Түркия качкындардын кризисин сезе баштады - 120 миңден ашуун качкын азыр Түркиянын аймагында. Өткөн аптада 24 сааттын ичинде түрк чегарасынан 9 миңдей сириялык качкын өткөн, Анкаранын келмеси оозунан түшүп, коркуп олтурат.
Дүйшөмбү күнү «Кызыл чырым» жана «Кызыл жарым ай» эл аралык уюмдары эл аралык коомчулуктан Түркиянын аймагындагы качкындарга жардам бериш үчүн 34 миллион АКШ долларын бөлүп берүүнү суранды.
Женевада журналисттер менен болгон жолугушуу маалында Эл аралык кызыл чырым жана жарым ай федерациясынын (ЭКЖФ) кырсыктар менен кризистердин кесепетин жоюу боюнча башчысы Саймон Экклешал кошумча акча каражаттары болгону алты айга гана жете турганын айтты. Бирок ал мындан ары чукул жардамдын көрсөткүчү жогорулашы мүмкүн экенин мойнуна алды. Экклешал: «Биз үзгүлтүксүз түрдө пландар менен чукул кайрылууларды карап турабыз», - деп кошумчалады.
ЭКЖФнын берген маалыматына таянсак, азыркы учурда Түркияда 14 лагер жайгаштырылган жана алардын бири чатыр. Ошондой эле МФКК сириялык качкындар жайгаштырыла турган дагы үч лагердин курулушу тууралуу маалымдады.
Экклешал кошумча жардам лагердин 100 миңге жакын жашоочуларын кышкы кийим менен камсыз кылууга, ошондой эле түрк-сирия чегарасындагы 20 миң адамды азык-түлүк жана тамак-аш эмес түрдөгү жардам берүүгө кете турганын айтып жатат.
Ал түрк «Кызыл жарым айы» түрк тарапта турган адамдарга гана жардам берип жатканын белгиледи, ошондой эле чегара салыштырмалуу ачык тургандыктан көптөгөн сириялыктар жардам алыш үчүн гана аны кесип өтүп, жана кайра өздөрүнүн шаарлары менен кыштактарына кетип жатышканын кошумчалады.
ЭКЖФнын маалыматында, өтүнүчкө кошумча 50 миң адам тартылган. Өзүнүн өтүнүчүндө ЭКЖФ буу мештерине, жылыткычтарга, жууркан жана башка кышкы буюмдарга, ошондой эле азык-түлүк менен төшөнчүлөргө өзгөчө көңүл бурууну өтүндү.

«Al Jazeera», 13-ноябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: НАТО Түркия Сирия жардам
Другие материалы раздела:
Комментарии
dizel.kg


Публикации Авторов:

17.01.2020
"Intrefax"
На переговорах Мирзиёева в Кремле присоединение Узбекистана к ЕАЭС будет одним из главных вопросов

13.01.2020
A.Groshev, Vesti.uz
Почему И.Каримов пожертвовал своей дочерью

10.01.2020
"Eurasia.expert"
Кыргызстан примет меры по устранению заторов на казахстанской границе

08.01.2020
"Zakon.kz"
Возможна ли Третья мировая война из-за эскалации конфликта на Ближнем востоке

08.01.2020
G.Gracheva, NG
Президент Казахстана ужесточил наказания за общественно опасные преступления, как и обещал перед выборами

30.12.2019
"Ferghana"
Самые громкие события, которые случились с мигрантами в России в 2019 году

25.12.2019
K.Krivosheev, A.Vinokurov, Ъ
Узбекские выборы отошли от традиции

24.12.2019
Y.Roks, V.Panfilova, NG
Ташкенту предстоит усилить парламент

23.12.2019
"Asia +"
Зимний отдых в Центральной Азии: куда ехать кататься на Новый год

20.12.2019
N.Mayorova (Zvezda)
Патрушев: боевики ИГИЛ готовят плацдарм на севере Афганистана для вторжения в Центральную Азию

19.12.2019
"Interfax"
Политики Узбекистана изучают возможность вступления страны в ЕАЭС

19.12.2019
Y.Roks, NG
Кыргызы и таджики Баткена опять сошлись в рукопашной

17.12.2019
"Eurasia.expert"
Советник Токаева прокомментировал заявления о переименовании Алматы

17.12.2019
O.Suharevskaya, Vesti.uz
Средняя Азия: Взрыватели уже тикают

12.12.2019
P.Leonard, EuAs
Узбекистан: выборы оживились, но выбор ограничен

11.12.2019
"Platon.Asia"
Порт Актау присоединится к Региональному форуму по торговле и транспорту

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней