Борбор Азиянын суу-энергетика тармагындагы калысы болгон роль Россияга пайдалуу
вторник, 13 ноября 2012 г. 13:34:28
Кыргызстан суу үчүн аймактык күрөшкө катышуусу мүмкүн, ал эми Россия оңтойлуу учурду күтүп жатат

Бишкек, Кыргызстан. Кыргызстан менен анын энергорестурага бай Борбор Азия боюнча коңшуларынын ортосунда суу үчүн жаңы талаш келип чыгышы ыктымал, ал эми талдоочулар мындан Россия пайда көрүшү мүмкүн экенин айтышууда.
Кыргызстан менен коңшулаш жайгашкан мурдагы Советтер Союзунун республикалары көптөн бери эле бул мамлекетти суу ресурстарын туура эмес топтоп жатат деп айыптап келишет. Ал эми Кыргызстан өз кезегинде электр энергиясын иштетип чыгыш үчүн маанилүү болгон дайрага плотинанын каскадын курууну пландап жатат, бул анын кошуналарынын сын пикирлерин күчөткөнү калды.
Бейшемби күнү Кыргызстандын энергетика министри Казакстан жана Россия менен сентябрь айында Россиянын президенти Владимир Путин Бишкекке келгенде Москва каржылоого макул болгон эки гидроэлектрстанциянын бири «Камбарата-1» ГЭСинин курулушу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты.
«Камбарата-1» гидроэлектростанциясы борбордук Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан башталган жана батышка карай Өзбекстанды көздөй аккан Нарын дайрасына курулмакчы. Кыргызстандын энергетика министри өзбек аткаминерлери ГЭСтин курулушу тууралуу талкууга катышуудан баш тартышканын белгиледи.
Байкоочулардын пикиринде, Россия «Камбарата-1» ГЭСинин курулушун каржылоого бир гана максат менен - Советтер Союзунун мурдагы республикасынын анча көп эмес суу ресурстарынын эсебинен Кыргызстанга көзөмөл жүргүзүш үчүн макул болду.
«Россия суу сактагычтын каскаддарынын курулушун толук көлөмдө каржылоого жана кийин бардык аймакты башкарыш үчүн абдан маанилүү рынокко кирүүгө аракет кылып жатат», - дейт Кыргызстандын мурдагы парламентарийи Бакыт Бешимов. «Россиянын энергетикалык ресурстардын үстүнөн көзөмөл жүргүзүшү кыйын. Демек, суу Россия үчүн арзаныраак саясий кадам болуп саналат», - деп сөзүн толуктады ал.
Путиндин иш сапарынын маалында Россия Кыргызстандын 500 миллион долларга жакын карызын кечкен, ал эми Кыргызстан бул мамлекетте жайгашкан Россиянын аскер объектилеринин ижара келишиминин мөөнөтүн узарткан.
Бул арада Өзбекстан суу ресурстары үчүн аймактык чатак чыгып кетиши мүмкүн деп билдирип жатат. Талдоочулар «Кыргызстан менен Тажикстандан агып барган сууга көз каранды болгон Казакстан менен Өзбекстан кыргыз суу сактагычы аларды суудан куру жалак калтырабы деп тынчысызданышына бардык негиздер бар» дешет.
«Алар айрыкча жай мезгилинде өз талааларын сугарыш үчүн Тажикстан менен Кыргызстандан агып барган сууга көз каранды. Ушундан улам бул чечилиши өтө зарыл болгон маселе эмне үчүн постсоветтик мезгилде өзгөрүлбөгөн бойдон калганын түшүндүрүп турат», - дейт «Oxford Brookes University»нин Борбор Азия боюнча адиси жана окутуучу Рико Айзекс. «Борбор Азия мамлекеттери бул ишти чече алышкан эмес жана бул чатак олуттуу маселенин себеби болуп калган», - деп кошумчалады ал.
Казакстанда айыл чарба жерлерин сугараш үчүн сууну ашыкча пайдаланып жиберүү бир кезде дүйнөдөгү чоң көлдөрдүн бири болуп эсептелген Арал деңизин соолутуп жиберген. Аралдын кургап калышы суу жолдорунун өзгөрүшүнүн таасирин эске салып турат.
Суу үчүн чыккан аймактык чатактар бир аз мурда эле кызыды. Апрелде Өзбекстан Тажикстанга газ жеткирүүнү азайткан. Газ жеткирүүнүн азайышына Тажикстандын Советтер Союзунун маалында пландалган жана курулушу башталган суу сактагычты курууну аягына чыгаргысы келгени себеп болгон. Тажикстан болсо Өзбекстандын бул аракетин экономикалык блокада деп баалаган.
Путин Борбор Азия мамлекеттерине акыркы жолу бараарда «Reuters» Өзбекстандын президенти Ислам Каримов суу коопсуздугунан улам чыгып кетиши мүмкүн болгон согуш тууралуу эскерткенин кабарлаган.
«Келечекте суу ресурстары Борбор Азия аймагында гана эмес, ар бир континентте чыңалууну эскалациялай турган маселе болуп калышы мүмкүн», - деп билдирген Каримов. «Мен так бир өлкөнүн атын атабайм, бирок бардык маселе өзүнүн апогеясына жетип, акыр аягында олуттуу тирешүүлөргө гана эмес, согушка дагы жеткириши мүмкүн», - деп кошумчалады ал.
Жергиликтүү талдоочулардын айтымында, Кыргызстандын ири бөлүгү электр жарыгын өчүрүүгө көнүп калган кезде ГЭС каскадын куруу зарылдыгы пайда болду. Бирок бул мамлекет мындан тышкары суусу абдан тартыш жана энергетикалык ресурстардын агымын башкарып турган өз кошуналарынан колдоо табышы керек.
«Мен Казакстан менен Өзбекстандын макулдугусуз ГЭСти куруу каршылашууга алып келет деп ойлойм», - дейт Келечектүү иликтөө борборунун жетекчиси Сергей Масаулов. «Биз курулушту коңшуларыбыз менен координациялоого тийишпиз, антпесек биздин ниетибиз өзүбүзгө кыйынчылык туудурушу мүмкүн. Мисалы, Өзбекстан чегарасын толук жаап салып же Бирдиктүү Борбор Азия энергетика чынжырчадан чыгып кетиши мүмкүн», - деп белгиледи ал.
Өзбекстан көптөн бери эле аймактагы кыйынчылык жараткан жана күтүүсүз оюнчу болуп келет, ошондой эле өлкөнүн Россия менен мамилеси да начарлады. Быйыл Өзбекстан курамына Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мүчө болуп кирген Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунан чыгып кеткен.
«Россия кыйын жагдайда калды, жана Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы суу  маселеси чыгып жаткан маалда ал кайсы өлкөгө ымала санаш керек деген маселеде сак болушу керек», - дейт «Россия-Евразия» «Chatham House» программасынын жетекчиси Джеймс Никси.
Ошого карабай, талдоочулар «эгерде Россия Борбор Азиянын мамлекеттеринин ортосунда суу коопсуздугу боюнча ортомчу катары өзүн алып чыкса, аймактагы таасирин күчөтө алат» деп эсептешет. «Россия Борбор Азиянын туруктуулугун каалайт жана эң эле жок дегенде бул мамлекеттер менен жылуу мамиледе болгусу келет», - дейт Айзекс. «Кыязы, Россия бул талаштарды чечиш үчүн жакын арада боло турган сүйлөшүүлөргө катышат», - деп кошумчалады ал.

Руби Расселл менен Аскар Эркебаев
«Washington Times», 12-ноябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpess.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Борбор Азия суу Россия калыс Руби Расселл Аскар Эркебаев
Другие материалы раздела:
Комментарии
колеса киргизия


Публикации Авторов:

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

30.09.2019
"SNG.Tofay"
Глава МИД Узбекистана призвал взглянуть на Центральную Азию по-другому

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней