Сердюков ойношунун айынан оңбой калды
вторник, 13 ноября 2012 г. 11:14:00
Реформа жүргүзүп туруп, кызматтан кете бер

Россиянын коргоо министринин кызматтан алынышы аскер реформасы үчүн туура эмес болушу мүмкүн.
2007-жылдан тартып ушул жылдын 6-ноябрында президент Владимир Путин кызматтан кетиргенге чейин Россиянын коргоо министри болгон Анатолий Сердюков эч качан аскер адамы болуп көргөн эмес. Мурда ал Санкт-Петербургда эмерек сатчу жана салык министри боло турган. «Жогорку аскер жетекчилигин (аларды ал «кичинекей жашыл кишилер» деп атачу) кымындай дагы көргүсү жок болгон Сердюков «ачык эле жарандык киши болчу» дейт Нью-Йорк университетинен Марк Галеотти. Сердюков коркутуп жүргөн көптөгөн офицерлер анын кызматтан кеткенине кубанып жаткан чагы.
Сердюков өзү өткөн жылга чейин төрага болгон куралдуу күчтөргө таандык, кыймылсыз мүлк жана башка активдерди башкарган «Коргоо сервис» компаниясына байланыштуу коррупциялык чатакта кармалды. Тергөөчүлөр «компания 100 млн. доллар өлчөмүндөгү мамлекеттик менчикти таза эмес сатууга катышы бар» деп жатышат. Бирок көмүскө ишкер келишимдер менен байланыштар путиндик Россияда чанда гана кызматтан алууга себеп болот.
Кыязы, Сердюковду үй-бүлөлүк жосуну жок кылды окшойт. Ал Путиндин жакын тарапташы, мурдагы өкмөт башчысы жана учурда «Газпром»дун башчысынын кызматында олтурган Виктор Зубковдун кызына үйлөнгөн. Бирок Сердюков «Коргоо сервистеги» башкаруу кеңешинин мүчөсү жана жардамчысы Евгения Васильева менен төшөк мамилесин түзгөн. Интернет-басылма тергөөчүлөр Васильеванын батирин тинтиш үчүн 25-октябрда таңкы саат 6да барган кезде Сердюков ошол жакта экенин кабарлады.
Путинге берилген Сердюковдун ордуна Сергей Шойгунун дайындалышы аскер реформасы жөнүндө суроону пайда кылат. Сердюков каршылыктарды жоюуга мүмкүндүгү бар компетенттүү башкаруучу болчу. Учурда Путиндин администрациясынын башчысы болуп иштеп жаткан Сергей Ивановдун коргоо министри болуп турган маалында коргоо бюджетинин натыйжасы аз болчу: бул бир аз кичирээк эски советтик армия эле. «Сердюков бул кызматка кризиске каршы менеджер катары дайындалган», - дейт аскер талдоочусу Александр Гольтц.
Гарвард университетиндеги Дмитрий Горенбургдун айтымында, идеянын баары армияны жандантып, башкы дүйнөлүк державалар менен атаандаштыкка чыгууда жаткан. Армия өзү ишке ашыра ала турган миссияны жүргүзүүгө даяр болушу керек болчу: ага постсоветтик мамлекеттерди интервенциялоо, терроризм менен күрөшүү, каракчылыкка каршы операция жана козголоңчулар менен күрөшүү кирет. Европанын жери үчүн согушуу жөнүндө эч кандай сөз болгон эмес. Ошондой эле аскердик баш ийүүнү акырындап жоюу жана кесипкөй армияга өтүү пландалган эле.
Сердюковдун милдети - ушунун баарын иштетүү болчу. «Офицерлердин батпай кеткен штатын кыскартып, бөлүмдөрдү жапканы үчүн Сердюков өз жеңиштеринин тизмеси менен сыймыктанса болот», - дейт Москвадагы Гайдар институтундагы Василий Зацепин. Аскерлердин саны 400 миңден 220 миң адамга чейин кыскарды. Үлкөн бөлүмдөргө негизделген түзүм анча чоң эмес аз сандагы бригадаларга кайрадан түзүлдү.
Грузия менен болгон согуш дагы айрым сабактарды берди. Россиянын жеңишке жетишкенине карабай, ал кыйынчылыктар менен коштолгон. Аскерлер бири-бири менен иш-аракеттерин координациялоого жандалбастаса, учкучтар штаб-квартирадан буйрук алып, ал эми кургак жердеги аскерлер башка жактан буйрук алышкан. 2009-жылы алар кош башкарууну жойгондон кийин бирдиктүү командачылыктын алдында жайгаштырылды.
Дагы көп иштер калып жатат. Аскердик билим берүү азайган жана ал жөндөмү же демилгеси бар дымактуу офицерлерди тарбиялоого багытталган эмес. Бирок Галеоттинин айтымында, «алсыз армия аз болсо да, мыкты аскерге муктаж болот». Бул эмне үчүн Путин өткөн жылдын декабрынан тартып аскерлердин айлык акысын жогорулатканын түшүндүрүп турат. Бирок жаңы жашы жеткендерди аскерге алуу төмөнкү деңгээлде калып жатат, ал эми болгону бир жыл гана кызмат өтөгөн келишим менен келгендер жаңылаштыруунун алкагында 628 млрд. доллар каралган жогорку технологиялуу куралдарды колдонууну билишпейт.
Мунун баары Россиянын аскер реформасынын талуу жери - коргоо өнөр жайы экенин даана көрсөтүп турат. Космостогу жетишкендиктерине карабай, аскерлер үчүн оор аскер техникаларын чыгарган көптөгөн заводдор жумушчу орундарды кармап турганы менен иш жүзүндө куралдуу күчтөр үчүн эч нерсе жасабаган өндүрүштүн эскирген технологиялары менен ыкмаларын колдонот. 2011-жылы июнь айында француздардын «Мистраль» классындагы десанттык кемелерин сатып алуу аскер өнөр жайын колдош үчүн болго эле. Бирок вице-премьер-министр Дмитрий Рогозин сыяктуу популисттен улам, индустрия саясий өңүткө ээ болду. Өткөн жылы башкы штабдын төрагасы Николай Макаров «армияга Т-72 же болбосо Т-90 сыяктуу эскирген танкалардын кереги жок» деп айткан. Президенттик шайлоо болгонго чейин эле Путин 2300 танка сатып алууну убада кылган.
Бирок маселени баары Россиянын чамасы канчалык дегенде жатат. Мурдагы каржы министри Алексей Кудрин жаңы курал акыркы үч жылдагы ИДӨнүн 3 пайызына барабар болушу мүмкүн экенин айткан, бул же салыктарды көбөйтүү, же болбосо саламаттык сактоо менен билим берүүнүн чыгашаларын тоңдуруп коюу дегенди түшүндүрөт. Бул аптада Кудрин «Ведомости» гезитине коргоого кеткен чыгашалар бардык саясий системага таасир тийгизгенин билдирди. Сердюковдун кызматтан алынышы бул сөздөр канчалык чындыкка жакын экенин көрсөтүп турат.

«Economist», 10-ноябрь, 2012-жыл
Котормо –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Сердюков кызмат реформа
Другие материалы раздела:
Комментарии
автомобили


Публикации Авторов:

24.02.2020
"Zakon.kz"
Казахстан пожалуется на Кыргызстан в ВТО

24.02.2020
"Eurasianet.org"
Туркменистан: маскируя реальность - обзор событий

24.02.2020
A.Yuldashev (A+)
Бишкек и Душанбе договорились обменяться 23 гектарами земли

23.02.2020
“Review.uz”
Узбекистан разместит у себя серверы Google, Facebook и Yandex

21.02.2020
"UzReport.uz"
Сингапурская компания предложила Ташкенту сотрудничество по переработке отходов

21.02.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызы вытолкали из страны китайского инвестора

19.02.2020
V.Panfilova, NG
Таджики объявили своей Баткенскую область

17.02.2020
"Zakon.kz"
В Узбекистане признали, что мирных жителей в Андижане расстреляли правительственные войска

17.02.2020
"Asia plus"
Жители села Сомониён: «Если отдадим наше село, Чоркух высохнет»

13.02.2020
G.Ivanova (Iz)
Свято место: почему США возвращаются в Центральную Азию

13.02.2020
"Eurasia.expert"
ЕАБР профинансирует масштабный инфраструктурный проект в Казахстане

12.02.2020
V.Panfilova, NG
Туркменистан укрепляет границу с Афганистаном

11.02.2020
"Nezavisimaya gazeta"
К-Т. Токаев уволил силовиков

10.02.2020
V.Panfilova, NG
Погромы в Казахстане покрывали госорганы

06.02.2020
V.Panfilova, NG
Душанбе не спешит в Евразийский союз

06.02.2020
"RIA Novosti"
В Москве умер сын экс-президента Кыргызстана, сообщили СМИ

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней