Хаккани түйүнүнүн кош стандарттары
четверг, 15 ноября 2012 г. 11:01:23
Хаккани түйүнү тынчтык сүйлөшүүлөрүнө макул болду, бирок Афганистанга каршы чабуулун улантууда

Афганистандагы коалициянын аскерлерин өлтүрүп жаткан Пакистандын Хаккани түйүнү аттуу террорчу топ Америка менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышууну каалай турганын билдиргенин топтун жогорку даражалуу командири кабарлады. Ал ошондой эле АКШ менен тынчтык сүйлөшүүлөргө катышуу ниетине террористтик топтун башчысынын макулдугу таасир тийгизгенин айтты.
Бирок командир «Хаккани түйүнү Афганистанда салгылашып жаткан коалициянын аскерлерине чабуул койгонду улантууда, анткени топ ислам мамлекетин түзүүгө белсенет», - деп билдирди.
Террористтик топ Афганистандагы АКШнын улуттук коопсуздугунун кызыкчылыктарына стратегиялык коркунуч келтирет, ал эми тынчтык келишими 2014-жылдын соңуна пландалган АКШ менен НАТОнун аскерлери кетерде аймактагы жагдайдын турукташуусуна мүмкүндүк бермекчи. Америка менен БУУнун бул топко карата көргөн чараларынан соң Хаккани түйүнү тынчтык сүйлөшүүлөрүнө макул болду.
Сентябрда Обаманын администрациясы Хаккани түйүнүн чет элдик террорчу уюмдардын тизмесине киргизген. Өткөн аптада АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жанкечтилерди даярдоо жана террор чабуулдарын уюштуруу боюнча шек кекабылган Кари Закираны террорчулардын тизмесине өзүнчө сап кылып киргизип радикалдуураак чараларды кабыл алган.
Мындан тышкары өткөн жумада БУУнун Коопсуздук Кеңеши да Хаккани түйүнүн өзүнүн «кара тизмесине» киргизген. Мындан ары БУУга мүчө болгон бардык мамлекеттер, анын ичинде Пакистан топтун активдерди тоңдуруп коюуга, иш сапарларына тыюу салууга жана Хаккани түйүнүнө курал жеткирүүгө эмбарго киргизүүгө тийиш.
Американын жана Батыштын аткаминерлери «Хаккани түйүнү Пакистандын армиясы менен Мекеме аралык чалгын башкармалыгынын колдоосунан пайдаланып жатат» деп айтып жатышат. «Пакистандын армиясы Хаккани түйүнүн колдогонун күчөттү. Армия террористтик топту башпаанек, стратегиялык жана ыкчам жетекчилик менен камсыз кылып жатат» деп айтылат Согушту изилдөө боюнча институттун улук талдоочусу Джеффри Дресслердин баяндамасында.
Пакистандын армиясы Афганистан менен бирге иш алып барып жаткан Вазиристандагы жоочулардан кутулууга шашкан жок. Ошол эле маалда Пакистандын расмий тараптары Хаккани түйүнү менен байланышы бар экенин танып жатат.
«Reuters» агенттигинин кабарчысы менен болгон маегинде террорчу топтун өз ысымын атагысы келбеген командири АКШны жалганчы, ошондой эле «талибдер менен Хаккани түйүнүнүн ортосуна ажырым салууга аракет кылат» деп кинеледи. «Бирок эгерде талибдердин жогорку башчысы Мохаммед Омор молдо жетектеген борбордук «Шура» кеңеши АКШ менен сүйлөшүү жүргүзүүнү чечсе, биз кубанычта гана болобуз», - деп сөзүн толуктады ал.
Январда талибдер Катарда офис ачууга макул болушкан. Ошондой эле АКШга карата ишенимди бекемдеш үчүн алар Кубадагы Американын «Гуантанамо» түрмөсүндө жаткан беш жогорку даражалуу талибди бошотууну өтүнгөн. Өз кезегинде талиб башчылары америкалык согуш туткундарын бошото турганын айтышкан. Бирок АКШ талибдерди азаттыкка чыгарган жок. АКШ менен талибдердин ортосунда болчу тынчтык сүйлөшүү маселеси жарга такалды. Талибдер АКШны өзүнүн алгачкы максатынан баш тартканы үчүн күнөөлөдү.
Талибдердин жетекчилиги тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуудан баш тартты. Сүйлөшүүлөрдү баштоого багытталган АКШнын күч-аракети элдешүүнү колдогон топтун саясий башчылары менен согушту жактап жаткан талаа командирлеринин ортосундагы пикир келишпестиктердин күчөп кетишине себеп болду.
Саясий башчылар менен талибдердин талаа командирлери Афганистандын президенти Хамид Карзайдын өкмөтү «Батыштын тактекес» деп жек көрүп, аны менен сүйлөшкүсү келбейт.
Сентябрь айында Улуу Британиянын Королунун институтунун коргонуу жана коопсуздук боюнча кызматынын баяндамасында эл аралык деңгээлде таанылуунун эсеси үчүн талибдер тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышууга даяр экени айтылган. Баяндама Омар молдонун айланасындагы талибдердин жогорку даражалуу төрт өкүлү менен болгон маекке негизделген.
Ата-бала Джалалуддин менен Сираджуддин Хаккани жетектеген Хаккани түйүнүнүн штаб-квартирасы Түндүк Вазиристандын борбору Мирам Шах районунда жайгашкан. Хаккани түйүнү «Аль-Каида» менен талибдерге Пакистандагы өзүнүн баш паанасын колдонууга уруксат берет.

Ашиш Кумар Сен
«Washington Times», 14-ноябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Хаккани түйүнү сүйлөшүү Ашиш Кумар Сен
Другие материалы раздела:
Комментарии
Добавить комментарий
WilliamKic 07.01.17 20:55:38
Остановимся подробнее на заочной и дистанционной формах. Второй вариант для всех, кто мечтает о собственном водоеме, это использование полимерных пленок, которыми выкладывается выкопанное основание (вновь, глубина должна составлять не менее полутора метров). Человек на Земле проходит этап развития, т. Казалось бы, это самый простой шаг. Оператор управляет штабелером с помощью специальной рукоятки, на которой расположены основные кнопки управления. Существует несколько разновидностей уплотнений валов: механические, динамические, бесконтактные, магнитные, манжетные. Перед сном рекомендуется освободиться от возбуждающих нервную систему переживаний уходящего дня. В первые 6 месяцев 2008 г самым высоким был спрос на двухкомнатные квартиры, но было замечено увеличение спроса на трехкомнатные и четырехкомнатные апартаменты. Тем не менее, этот процесс должен соответствовать ряду требований. Причины возникновения жировиков различные, и предупредить их появление невозможно. С момента строительства фундамента до его полной загрузки должно пройти не менее месяца — это время необходимо, чтобы бетон набрал прочность. Кроме того, в виду своей легкости в производстве она, и самая дешевая, и самая распространенная при изготовлении матриц мониторов. Подтеки краски и сморщивание пленки не образуются, что снижает требования к контролю за нанесением порошковых красок и позволяет полностью автоматизировать процесс окраски. Интересно то, что иногда кэшбэк может быть процентным, а иногда - фиксированным. Такая ассоциация должна объединить отечественных изготовителей оконных конструкций. Здоровья Вам и Вашим близким. Обычно все молодожёны ездят по типовым маршрутам. Сначала попробуем понять причины их возникновения. Автоматизированная система управления и контроля производством помогает нашим менеджерам сократить все эти процессы до минимума. Калории с ними считать очень просто, как дважды два. Например: "Я пойду на урок" - действие будет совершено по отношению к тому, что будет еще позже. Из нескольких заездов мы выбрали менее сыпучий, и по красивейшей лесной дорожке, не спеша, начали выбирать место. Пенис будет совершать свободные круговые движения, попеременно касаясь различных внутренних поверхностей твоего рта. Как создать необходимые условия для комфортной работы? В том случае, если пластиковые ламели белого цвета пожелтели, то это явный признак недостаточно качественного материала, который использовался при их изготовлении. И каждый зашедший в интернет новичок сразу старается набрать заветное слово, как заработать в интернете. Построенный в 2004 году, он входит в десятку удивительных зданий мира. Проблема только в том, что он требует отличных знаний и квалификации работников при проведении строительных работ. А может вы ошибаетесь?. Хотя, кто ж его знает. айпад напрямую в китае оплата после получения фасовочные пакеты недорого в москве в минске компрессор кондиционер sanden pxe16 vw ag 1ko 820 803 g коробку мармелад акулы фру фру генератор renault laguna i 1999 в минске 16 инжектор
kars.kg


Публикации Авторов:

24.02.2017
"Kabar"
Семейные хитросплетения в ЦА: политический подтекст передачи власти наследникам

24.02.2017
"Ferghana"
Отдать долг новой родине. Как парни из Кыргызстана уехали на заработки, а попали в российскую армию

23.02.2017
"Ferghana"
Кто станет президентом Кыргызстана в случае досрочных выборов?

23.02.2017
E.Stashkina (News-Asia)
Узбекистан откроет курсы для мигрантов, желающих работать в РФ

23.02.2017
"Trend", AZ
Путин и Рахмон обсудят пребывание в Таджикистане российской военной базы

23.02.2017
"Novosti Uzbekistana"
Угроза терроризма уже на пороге?

23.02.2017
S.Aksenov (SV Pressa)
Следующий удар «цветные революции» нанесут по Белоруссии

22.02.2017
"RIA Novosti"
МИД Казахстана вручил ноту Кыргызстану из-за критики Атамбаева в адрес страны

22.02.2017
"Asia +"
Российский дипломат попал в ДТП в Бишкеке. Погиб бишкекчанин. Кто ответит?

22.02.2017
"Ferghana"
Казахстан: Чингисхан запретил докапываться до него без разрешения Назарбаева

22.02.2017
E.Korotkova (News-Asia)
В СМИ просочилась утечка данных о причинах катастрофы «Боинга» под Бишкеком

22.02.2017
G.Gasanov (Trd)
Турция прочно закрепилась на туркменском рынке

22.02.2017
"Islam Today"
Мигранты из Центральной Азии смогут отправиться в хадж по квоте РФ

22.02.2017
"RIA Novosti"
Эксперт: слабая Центральная Азия угрожает стабильности в России и Китае

Все материалы раздела