Бишкекте Швейцариянын элчилиги ачылды
понедельник, 12 ноября 2012 г. 9:36:14
Швейцария Кыргызстанга өз элчилигин ачты

Бишкек, Кыргызстан. Швейцария Кыргызстандагы өзүнүн кызматташуу боюнча офисин кадыресе элчилик кылып жаңылоо аркылуу Борбор Азиядагы өз таасирин кеңейтүүнү каалайт.
Дүйшөмбү күнү Кыргызстанда Швейцариянын элчилигинин ачылышы боюнча программанын алкагында Швейцариялык конфедерациянын кантондор кеңешинин президенти, швейцариялык парламенттин жогорку палатасынын спикери Ханс Альтер менен Кыргызстандын өкмөт башчысынын өнүгүү маселелери боюнча орун басары Жоомарт Оторбаевдин жолугушуусу болду.
Жолугушуу маалында Альтер 2014-жылдан 2016-жылга чейин Швейцария Кыргызстанга берчү каржылык жардамды 50%га көбөйтүүгө ниеттенип жатканын айтты. 1995-жылдан 2011-жылга чейин Швейцария Кыргызстанга болжол менен 200 миллион доллар бөлгөн.
«Швейцария Кыргызстан демократиялык мамлекетти курууда туура багытта бара жатат деп эсептейт. Мен бүгүн Кыргызстанда Швейцариянын элчилигин ачууга катышып жаткан үчүн абдан кубанычтамын», - деди Альтер. «Ушундан улам биз Кыргызстандын өнүгүшүнө шарт түзүүнү жана биздин мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнү каалайбыз», - деп кошумчалады ал.
Элчилик Швейцариянын Кыргызстанга берген жардамы көбөйгөн маалда ачылып жатат. Швейцариялык аткаминерлердин айтымында, Швейцария Кыргызстандагы инвестициялык климатка зыян алып келип жана анын экономикалык өсүшүнө тоскоолдук жараткан бизнести жөнгө салуу боюнча репрессивдүү системаларды реформалоону тездетүүгө өзгөчө басым коймокчу.
Берн Швейцария Борбор Азия өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилелерди чыңдоого умтулуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, акыркы жыйырма жылда Борбор Азиянын саясий жана экономикалык ролунун өсүп бара жатканы байкалууда. Ошондой эле Борбор Азиядагы өнүгүү долбоорлоруна инвестиция жумшоо боюнча Эл аралык Валюта Фонду менен Дүйнөлүк Банктын активдүү ишмердүүлүгү байкалып жатат.
«Биздин күч-аракеттер Швейцария үчүн 1990-жылдардан тартып эң бир приоритеттүү аймактардын бири болгон жана Швейцария тарап өнүгүү тармагында долбоорлорду ишке ашырып жаткан Борбор Азиянын өсүп бара жаткан саясий жана экономикалык маанисин таанып жатканыбызды көрсөтүп турат», - деп билдиришти элчиликтин аткаминерлери.
Альтер менен Өнүгүү жана кызматташтык боюнча швейцариялык агенттиктин директору Курт Кун Швейцариянын Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп дайындалган Лорана Ги менен тааныштырышты. Ушул аптага чейин ал швейцариялык агенттиктин жетекчисинин кызматын ээлеп келген.
Жардам берүү боюнча агенттик же башкача айтканда SDC Кыргызстанда 1994-жылдан бери иштеп келет жана Кыргызстандын административдик-командачыл экономикасынын базар экономикасына «өтүшүн» каржылоого жооп берет.
Швейцариялык тараптын билдирүүсүндө мындан ары Швейцариянын элчилиги Кыргызстандын экономикасын өзгөртүү боюнча көмөк көрсөтүүгө байланышкан маселелерге гана жоопкер болбостон, Кыргызстандагы Швейцариянын экономикалык жана саясий кызыкчылыктарын дагы коргоп, ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу мамилелерди көзөмөлгө ала турганы айтылат.
Өз кезегинде Оторбаев Кыргызстандын өкмөтү өнүгүү боюнча маселелерди шериктер менен макулдашууга чоң маани бере турганын, Кыргызстандын демократиялык мамлекет катары инвестициялык жагымдуулугун артыруунун жана рынок экономикасын өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатканын билдирди. Вице-премьер Кыргызстандын өкмөтү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу реформасын жүргүзүп жатканын белгилеп өттү. Ал ошондой эле жогоруда аталган маселеде Кыргызстан өзүнө абдан окшош Швейцариянын тажрыйбасын алгысы келип жатканын кошумчалады.
«Кыргызстан менен Швейцария менчик тармагын реформалоо маселесинде гана эмес, саламаттык сактоо, мамлекеттик башкаруу менен инфраструктураны түзүү багыттарында да кызматташып жатышат», - деп белгиледи Оторбаев. Ал Швейцариянын парламентине терең ыраазылык билдирди жана «Европадагы оор экономикалык жагдайга жана Европа мамлекеттериндеги бюджеттин кыскарганына карабай, сиздер биздин мамлекетте өз элчилигиңиздерди ачтыңыздар» деп белгиледи.

UPI, 9-ноябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Бишкек Швейцария элчилик Оторбаев
Другие материалы раздела:
Комментарии
mazda


Публикации Авторов:

09.08.2020
A.Chichkin, RitmEA
ЦА: COVID-19 повышает востребованность агропромышленной интеграции

04.08.2020
V.Panfilova, NG
В Кыргызстане остро стоит вопрос, как жить дальше – страна на грани дефолта

03.08.2020
"Ritmeurasia"
Министр экономики Кыргызстана отчитался о борьбе с последствиями пандемии

30.07.2020
V.Panfilova, NG
Таджикистану не хватило воды

29.07.2020
"Lenta.ru"
Эксперт прокомментировал ситуацию в Кыргызстана перед выборами

27.07.2020
"Asia +"
С.Мухриддин: Кыргызстан не выполняет достигнутые прежде договорённости

27.07.2020
"Trend"
Показательное заявление о "политической некорректности": Туркменистан о репортаже журналиста из Таджикистана

26.07.2020
"Ritmeurasia"
Как Узбекистан восполнит нехватку электроэнергии из Таджикистана

22.07.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Клан Бердымухамедова несет потери

22.07.2020
D.Satpayev( Forbes)
Королевство кривых зеркал

21.07.2020
V.Panfilova, NG
В Бишкеке опять захотели убрать президента

21.07.2020
E.Pogrebnyak (VZ.ru)
Коронавирус заставил соседей умолять Россию о помощи

19.07.2020
"RIA Novosti"
Президент Казахстана раскритиковал правительство за упущения в борьбе с COVID-19

16.07.2020
"Podronmo.uz"
РУз, КНР и КР подготовили три возможных варианта железной дороги между странами

15.07.2020
"Interfax"
Третья встреча лидеров стран ЦА может состояться осенью

15.07.2020
"Zakon.kz"
Что происходит в Туркменистане с COVID-19

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней