Кытайдагы табышмактуу транформация - Вашингтон үчүн сыноо
среда, 7 ноября 2012 г. 9:29:08
Кытайдын башчыларынын кийинки мууну туш келе турган үч маселе

Бул аптадагы эң кызыгуу жарата турган окуя Вашингтондо эмес, миңдеген чакырымдан алыс жайгашкан Пекинде кызышы мүмкүн. Эмне үчүн? Келгиле, ошол маселени карап көрөлү. Биз Ак Үйдүн кожоюну ким боло турганын билбейбиз, бирок АКШнын президенти ким болгонуна карабай, биз эки талапкердин саясаты тууралуу жакшы эле билебиз. Ал эми Кытайда биз кезектеги башчы Си Цзиньпиндин өзүн гана тааныйбыз. Ошол эле маалда ал Кытайды кайсы багытка алып кетээрин так биле албайбыз.
Бейшемби күнү Пекинде башкаруучулардын жаңы мууну - жүздөгөн жаңы адамдар тандалмакчы. Бир нече апта мурда Асман алдындагы өлкөнүн жетекчилигинин алмашуу датасы жашыруун болчу. Бирок 8-ноябрдан кийин жаңы башчылар абдан көбөйүп кеткен маселелерди чечиш үчүн билек түрө киришмекчи. Аталган маселелерди чечүүнүн варианттары Кытайдын 1,3 миллиард калкына гана эмес, бүткүл дүйнөлүк экономикага да таасирин тийгизмекчи.
Келгиле, бул маселелерди карап, аны экономика, саясат менен тышкы саясат деген үч негизги категория аркылуу бөлүштүрөлү.
Биринчиден, Кытайдын экономикалык өсүш темпи жайлап жатканы баарыбызга белгилүү. Негизинен бул Кытай кирешенин орто деңгээлиндеги өлкө болуп саналгандыгына жана өз экономикасынын 10% өсүш деңгээлин түбөлүк сактап тура албасына байланыштуу. Экономиканын темпи гана эмес, мүнөзү дагы өзгөрүп жатат. Биз Кытайдын экономикасы экспорттун жана мамлекеттик инвестициянын эсебинен өсүп жатат деп эсептеп көнүп калганбыз. Бирок «Economist» берген маалыматтар көңүл бурууга арзыйт. 2005-жылдан тартып экспорт менен ички дүң өндүрүмдүн өсүшү тынымсыз ылдыйлап бара жатат. Бир жагынан алганда Кытайдын ички суроо-талабы токтоосуз өсүүдө, бирок анын үлүшүнө өлкөнүн жалпы өсүшүнүн жарымынан ашыгы туура келет. Бул болсо Кытайдын ички экономикасы реформалоого муктаж экенин, ачык болууга тийиш экенин көсөтүп турат.
Өз кезегинде бир бала тууралуу чоң мыйзамды реформа кылуу зарыл. Кытай карып бараткан өлкө. 1980-жылы жарандардын орточо жашы 22 жашты түзгөн. Бүгүнкү күндө 35 жаш орто курак болуп эсептелет. 2050-жылга карата аталган көрсөткүч 50 жашка барабар болмокчу. Кытайдын кезектеги башчысынын алдында калктын карып бара жатканы тууралуу маселе гана эмес, ошондой эле жыныстардын тең салмаксыздыгына байланышкан маселе да турат: 15 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн арасында ар бир 100 кызга 117 эркек бала туура келе турганы белгилүү болгон. Бул жагынан алганда Кытайда жардыргыч салынган челектей болуп атыла турган социалдык маселе бар.
Быйыл мени дагы бир саясий жагдай - кыжырланууну жалпы элге алып чыгуу таң калтырды. Маалыматтарга таянсак, күн сайын Кытайда жүздөн ашык нааразылык акциясы болуп турат. Алардын көбү айлана-чөйрөнүн булганышына каршы чыгышкандар. Бирок коррупциялашып кеткен башкаруучу тапка карата абдан катуу жек көрүү сезимдери да байкалып жатат. Бул үчүн быйыл Кытайды силкинткен эки чоң ишти карасак жетиштүү. Былтыр Чунцин шаарынын мурдагы мэри Бо Силай саясаттагы жылдызы жанып келе жаткандардын бири болчу, бирок бүгүнкү күндө ал коррупцияга байланыштуу кылмыш ишинин фигурантына айланды. Ошондой эле бир нече күн мурда «New York Times» Кытайдын премьери Вэнь Цзябаонун үй-бүлөсүнүн байлыгы тууралуу кең-кесири макаланы жарыялады. «New York Times» гезитиндеги макаладан улам анын байлыгы болжол менен 3 миллиард долларга баалана турганы түшүнүктүү болду. Коммунисттик партия ал маалыматты жаап-жашырабы же бузуп көрсөтөбү - баары бир, коомдук кыжырлануу сезими байкалып жатат жана ал маселени чечиш керек.
Кептин баары КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин премьери көптөгөн айлар бою реформаларды, анын ичинде саясий реформаларды колдоп жатканында. Бирок быйыл Кытай алдына зор максаттары койду. Эң эле жок дегенде эмдиги аптага чейин.
Жана акыркысы: тышкы саясий маселелер. Буга чейинки эки жылда биз Кытайдын көжөлгөндүгүнө, ал тургай кээде каармандыгына күбө болуп келгенбиз. Азыркы учурда аймактык суулар боюнча Япония менен гана эмес, бүткүл Тынч океан боюнча талаш-тартыштар жүрүп жатканына көңүл бурганыңыз жөн. Бул жагдай өзгөрөбү? Пекин улуттук сыймык менен бийликтин өсүшүн кантип көзөмөлдөй алат? Кошмо Штаттар менен Кытай тирешүүгө барбай турганына кепилдик барбы? Жогоруда саналып өткөндүн баары Пекиндин жетекчилиги, ошондой эле Вашингтон үчүн маселе жаратмакчы.

Джейсон Микс
CNN, 6-ноябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Кытай маселе Вашингтон бийлик Джейсон Микс
Другие материалы раздела:
Комментарии
mercedes


Публикации Авторов:

13.11.2019
"EADaily"
Узбекистан покинул тройку мировых лидеров по экспорту хурмы

11.11.2019
"RIA Novosti"
Эксперты рассказали о взаимодействии России и Китая в Азии

11.11.2019
"TASS"
Макрон заявил о готовности решать проблемы Центральной Азии со всеми странами региона

11.11.2019
"Haqqin.az"
Резиденция президента Казахстана осталась без света

06.11.2019
"Haqqin.az"
Таджикистан задумал передать Узбекистану территорию с золотом

01.11.2019
"LSM.kz"
Казахстан поставил ультиматум странам ЕАЭС

01.11.2019
V.Panfilova, NG
Пекин осваивает Горный Бадахшан

30.10.2019
J.Lillis, EN
Кто же все-таки лидер нации в Казахстане?

24.10.2019
K.Karabekov, Ъ
Дело экс-президента Кыргызстана рассмотрят конституционно

24.10.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Туркменский газопровод берут под охрану афганские военные

23.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев возвращает свои полномочия

18.10.2019
A.Saruar (LSM.kz)
Казахстан проиграл всем странам ЕАЭС во взаимной торговле

16.10.2019
"CentrAsia"
Вернут ли Жээнбеков и Трамп американскую военную базу в Кыргызстан?

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней