Путин ичкиликти эрөөлгө чакырды
вторник, 6 ноября 2012 г. 9:51:48
Путин ичкиликке согуш жарыялады, анткени ичимдиктен көз жумгандардын саны 900 миң адамга жетти

Владимир Путин жарандарынын саламаттыгы үчүн билек түрө киришти. Путин өз жарандарынын саламаттыгы тууралуу ойлонгон алгачкы башкаруучу эмес. Тамеки жана алкоголь ичимдиктерин сатууга тыюу салганына карабай Советтер Союзунун мурдагы башчысы Михаил Горбачев өз өлкөсүнүн жашоочуларын арактын артынан түшкөнүн токтото албады.
Кечээ Россиянын парламентинин кароосуна коюлган тамекиге каршы мыйзам коомдук жайларда чылым чегүүгө, аны жарнамалоого жана дүкөндөрдө сатууга тыюу салат. Тамекиге каршы мыйзам Россияда алкоголду колдонууга чектөө чаралары киргизилген соң парламенттин кароосуна коюлду. Алкоголь ичимдиктерин колдонууга каршы күрөштүн негизги чаралары - салыкты көбөйтүү жана сооданы чектөө. Россия киши башына ичкилик ичүүнүн көлөмү боюнча дүйнөдө төртүнчү орунду ээлейт.
Чылым чегүүдөн жана ичимдикти колдонуудан Россияда жыл сайын 900 миң адам көз жумат. Расмий маалыматтарга таянсак, Россия дүйнөдө чылым жана ичимдик өндүрүмдөрүн сатуу боюнча экинчи рынок болуп эсептелет. Азыркы учурда Россияда 143 миллион киши жашайт, бул Советтер Союзу кулаган 1991-жылга караганда 5 миллион адамга аз. Өкмөттүн берген баасы боюнча алкоголь менен чылым чегүү Россиянын экономикасынын бери дегенде жыл сайын 104 миллиард долларга же болбосо ички дүң өндүрүмдүн (ИДӨ) 5 пайызына туура келет.
«Путин алдына калктын санынын азаюу процессин сергек жашоо образына көңүл бурдуруу жолу менен колго алууга максат койду», - дейт башкаруучу «Бирдиктүү Россия» партиясынын мурдагы депутаты жана Плеханов экономика университетинин проректору Сергей Марков. «Бирок сиздер биздин тарыхка көңүл бурсаңар анда Горбачев бул иште ийгиликсиз болгонун көрө аласыздар», - деп кошумчалады ал.
Тамеки компаниялары жана алкоголь өндүрүшүнүн талдоочулары берген маалыматка таянсак, алкоголь менен чылымга тыюу салуу россиялыктарды контрафакттуу чылым менен ичимдиктерди издөөгө түртүшү мүмкүн. Алкоголь базарын изилдөө боюнча федералдык жана аймактык борбордун маалыматына караганда, 2014-жылга карата азыркы учурда жарым литри болгону 1 доллар турган аракты мыйзамсыз сатуу 35%дан 60%га чейин жогоруламакчы. «Табакпром» берген баага таянсак, тамекинин мыйзамсыз соодасы 1%дан 40%га чейин көбөймөкчү.
16-октябрда Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев «Philip Morris International Inc», «British American Tobacco», «Japan Tobacco Inc» менен «Imperial Tobacco Group» өңдүү чылым өндүрүүчүлөргө кайрылган. Анын айтымында, жогоруда аталган компаниялар 1990-жылдардын башында миллиондогон балдар менен аялдар чылым чеге башташына айыптуу. Бул төрт компаниянын үлүшүнө 19,5 миллиард долларды түзгөн Россиянын тамеки рыногунун 93% туура келет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) берген маалыматка тансак, 39% россиялыктар дайыма чылым чегет.
Пиво кайнатуучу «Балтика», «Carlsberg», «Anheuser-Busch», «Heineken», «Andalou Efes Biracilik & Malt Sanayii» менен «SABMiller» сыяктуу беш завод Россиянын пиво рыногунун 80%дан ашыгын көзөмөлдөйт. Стратегиялык изилдөөлөр боюнча иш алып барган «Euromonitor» компаниясы берген маалыматка таянсак, 24% арак өндүрүмдөрүнөн жана 51% пиводон турган Россиянын алкоголь рыногу 34,4 миллиард долларга бааланат.
«2016-жылга карата Россияда арак сатуу 4% азайууга тийиш, ал эми пивону сатуу ал мезгилде өзгөрбөйт», - деп алдына ала белгилейт «Euromonitor». Быйыл Россияда жарым литр арактын эң төмөнкү баасы 125 рублге (4 доллар) чейин кымбаттады. «Россиялык газета» берген маалыматка караганда, 2015-жылы Россиянын өкмөтү жарым литр арактын баасын 200 рублге чейин кымбаттатууну пландап жатат. 2010-жылы пивого карата салык үч эсе көбөйдү, ал эми 2015-жылы пивонун салыгы алты эсе кымбаттамакчы.
Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги берген маалыматка таянсак, тамекиге каршы мыйзамга ылайык чылым чегүүнүн деңгээли эки эсе төмөндөшү мүмкүн. Ошондой эле Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги чылымга карата салыкты бүт Россия боюнча көбөйтүүгө ниеттенип жатат. Азыр «Мальборо» маркасындагы чылымдын баасы 2 долларга сатылат. Негизги максат - 2015-жылы бааны европалык деңгээлге чейин жеткирүү.
Декабрда Россиянын вице-премьери Виктор Зубков акыркы эки жылда ичкилик ичүү көрсөткүчүн киши башына 18 литрден 15 литрге чейин азайтууга мүмкүндүк түзүлгөнүн билдирди. 2020-жылга карай Россиянын өкмөтү бул көрсөткүчтү 8 литрге чейин азайтууга ниеттенүүдө, бул өз кезегинде Россияны Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун стандарттарына жакындатат.
«Биз элдин чылым чегишине же ичишине тыюу салалы деп жаткан жокпуз», - дейт маек учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Сергей Вельмякин. «Биз жөн гана компаниялардын күнөөсүнөн улам эл зыяндуу өндүрүмдөрдү колдоно баштай турган абдан агрессивдүү маркетингди токтото турган чараларды ишке ашырууну көздөп жатабыз», - деп кошумчалады ал.
1985-жылы бийликке келген Горбачев алкоголго каршы өнөктүк жарыялап, анын алкагында жыл ичинде арак жана башка спирттик ичимдиктердин өндүрүшү 40% чейин азайган, жүзүмзарлар кыркылып, сатууга чектөө киргизилген, ошондой эле баалар кымбаттаган. Былтыр Стэндфорд университети жарыялаган иликтөөгө таянсак, карапайым калк андай чаралардын ордун толтуруш үчүн «самогон» жасай баштаган.
Алкоголь менен күрөшүү 1988-жылы Горбачев тууралуу элде анекдоттор пайда болуп, анын кадыр-баркы абдан төмөнкү деңгээлге түшкөндөн кийин аяктаган. Кызуу абалында коомдук жайларда жүргөнү менен белгилүү болгон Ельцин 1999-жылы кызматтан кеткен. Анын ордуна дзюдо боюнча кара белбоонун ээси, чылым да чекпеген Путин бийликке келген. Былтыр Россиянын өкмөтү кечки саат 11ден эртең мененки 8ге чейин ичимдик сатууга, ошондой эле коомдук жайларда аларды колдонууга тыюу салган. Июль айында өкмөт телевидениеден, радиодон, Интернеттеги жарнамалык такталардан пивону жарнамалоону чектеген, ал эми 1-январдан тарта дүкөндөрдө пиво сатууга тыюу салынган.
«Euromonitor» берген маалыматка таянсак, 2011-жылы Россиянын орточо статистикалык жашоочусу - анын ичинде аялдар менен жаштар - 77 литр пиво, 9 литр спирт жана 7 литр вино ичкен. «Россиялык беш эркектин бирөө ичкилик ичкенден улам көз жумат», - деп айтылат Женевада базасы жайгашкан ДССУнун билдирүүсүндө.
«Биз чылым чеккенге, ичкенге жана спортко аз көңүл бурганга, андан соң ооруп калып айыгыш үчүн операция менен таблетканын бирин тандаганга көнүп калганбыз», - дейт айтты маек учурунда Россиянын парламентинин төмөнкү палатасынын саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Николай Герасименко. «Муну токтотуш керек», - дейт ал.

Генри Майер менен Степан Кравченко
«Bloomberg News», 5-ноябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpess.kg»

Теги: Путин алкоголь ичкилик Генри Майер Степан Кравченко
Другие материалы раздела:
Комментарии
мазда


Публикации Авторов:

18.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Туркменистан избавляется от русского языка

16.09.2020
V.Panfilova, NG
Ашхабад предлагает Кабулу площадку для мирных переговоров

15.09.2020
"Kabar.kg"
Кыргызстан суверенное государство - остальное это говорильня

15.09.2020
"Ritm EurAsia"
На территории ЕАЭС введут систему полной прослеживаемости товаров

14.09.2020
"IA-Center"
Будущее Казахстана в Беларусском зеркале

14.09.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстану угрожает рост протестных настроений после выборов

11.09.2020
E.Pogrebnyak, Vzd
«Белорусский майдан» созревает в еще одном осколке СССР

09.09.2020
"Ritmeurasia"
Узбекистан пересмотрел свое отношение к ЕАЭС

07.09.2020
"Ritmeurasia"
Президент Кыргызстана не стал подписывать закон, где говорится о коррупционерах

04.09.2020
"Ritmeurasia"
ЕЭК изучит ситуацию по прекращению Казахстаном поставок металлического лома в Россию

03.09.2020
"Eurasianet"
Китай, возможно, хочет открыть новые военные базы в Таджикистане, утверждает Пентагон

02.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Бердымухамедову предлагают уйти по-хорошему

01.09.2020
G.Alekseenko (Afganistan.ru)
Центральная Азия стала спасательным кругом для мирных афганцев

01.09.2020
V.Panfilova, NG
Страны бывшего СССР создают новый консультативный альянс – без России

30.08.2020
"Gazeta.uz"
«Накинули на голову мешок и забрали на вертолете» — отец блогера из Соха

28.08.2020
K.Mami, NG
Казахстанский конституционализм: опыт и перспективы

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней