Россиялыктарды Путиндин оорусу тууралуу маалымат кабатыр кылууда
вторник, 6 ноября 2012 г. 7:44:38
Кремль «Путин кыймылдай албай ооруп жатат» деген маалыматты четке кагууда

Кремль Владимир Путинди коомдук жайлардан баш тартууга жана саякаттын активдүү графигин кийинкиге жылдырууга аргасыз кылган кыр аркасы ооруп жатышы тууралуу маалыматты жокко чыгарганча шашты.
Путиндин басма сөз катчысынын айтымында, мындай кептин чыгышына сентябрдан башында болгон көнүгүүдөн улам анын булчуңдарынын чоюлуп калышы себеп болгон. Басма сөз катчысы «президент өз ишин токтотту» деген маалыматты четке какты. Бирок Кремлдин байкоочулары «60 жашка чыкканына карабай, өзүн күчтүү киши катары көрсөтүп жүргөн Путин булчуң эттери чоюлду деп айтылганга чейин эле коомдук иш-чаралардын маалында аксап ооруксунуп жүргөн» деп жатышат.
Ошого карабай, Путиндин иш графиги ноябрь айында азыраак активдүү болот, акыркы эки аптада ал өзүнүн Москвадагы резиденциясынан тышкары чыккан учурлар өтө аз болду. Айрым эл аралык иш сапарлар декабрга чейин жылдырылды, мунун өзү Россиянын жана анын өзөктүк куралынын үстүнөн абдан катуу көзөмөл жүргүзгөн адамдын саламаттыгы жөнүндө күмөн ойлорду жаратты.
Кандай гана создугуп кеткен оору болбосун дзюдо боюнча кара белбоонун ээси, мамлекеттик ММКлардын сууга сүзгөнүн, шыргалаң сууга чумкуганын аюну тынчтандырган кайратмандыгын мактап-даңктаган Путин үчүн оор сокку болуп калмакчы. Ошондой эле оору ал 13 жыл мурда кураган авторитардык бюрократияны түбүнөн силкинтиши, мындан тышкары өзүнүн башкаруу мөөнөтүнүн аягында таптакыр ишке чыкпай, жардамчылары «үйдө документтер менен иштеп жатат» деп айтып олтурган кезде ооруп жаткан Путинден мурдагы президент Борис Ельциндин баскан изин кайталап калышы мүмкүн.
Кремлдин башчылардын саламаттыгы тууралуу маалыматты жаап-жашырышы  көптөн бери эле өлкөнүн өзүндө да, чет өлкөдө да коркунучтар менен шектенүүлөрдү жаратып келген. «Кансыз согуштун» маалында француз тыңчылары Париждеги иш сапарынын убагында Леонид Брежневдин түшкөн чачтарын терип, анын ден соолугу тууралуу чындыкты билип калабызбы деп үмүттөнүшкөн. Кремль Ельцин жүрөгүнөн операция болгонго чейин анын катуу ноокас болуп жатканы тууралуу маалыматты четке кагып келген.
Кремль Путин мурдагыдай эле акыркы бир нече аптадан бери Ново-Огареводогу өз резиденциясында иштеп жатканын тастыктады. «Бул ушундай күн тартиби», -дейт анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков. «Ал эл менен, басма сөз менен жана өлкө менен иштеп жатат».
Песков акыркы убакта президент жумушка күн сайын жол менен баруудан баш тартканын, анткени ал президент түшкөн унаалар Москванын көчөлөрүндө тыгын пайда кылгысы келбегенин каалап жатканын айтты. Путин аткаминерлер менен өз резиденциясында жолугушуп жатат, ал эми өткөн айда аны менен жолугушкан чет элдик журналисттер менен академиктер жолугушуу маалында президент шайдоот эле көрүнгөнүн айтышты.
Песков президент Владивостокто өткөн Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык боюнча форумунун сентябрь айында өткөн саммитине аз калганда машыгуу маалында булчуңдарын чоюп алганын айтты. Ушул маалда телекамералар анын аксап жүргөнүн тартып алышкан. «Чоюлуп калган булчуң эки-үч күндө эле айыккан, ал эми оору олуттуураак болушу мүмкүн деген божомолдор чындыкка коошпойт», - деди Песков.
«Президенттин кыр аркасы ооруп жатыптыр» деген айың кептер форум башталганга чейин эле жүрүп аткан, бирок ушул аптада «Рейтер» ысымын атабоону өтүнгөн булакка таянып, Путин чет өлкөгө барчу иш сапарларын токтотконун жана ага балким операция зарыл дегендей маалымат бергенин билдирди. Кремль тез эле бул маалыматты четке какты.
Бейшемби күнү  Россиянын «Ведомости» гезити «кыр аркага байланыштуу оору Ыраакы Чыгышта дельтаплан менен президент катуу келип жерге конгондон улам ого бетер күчөп кетти» деп жазды. Гезит октябрь жана ноябрь айларына пландалган Индиядагы, Болгариядагы, Түркмөнстандагы жана Түркиядагы чет элдик иш сапарлар декабрь айына жылдырылганын белгиледи.
Песков мындай тыныгуу болгону дал келүүчүлүк болуп калганын жана чет өлкөгө чыкчу иш сапарлардын бири акыры аягына чейин пландалбаганын айтуу менен Кремль иш-чараларды токтотуп салды деген кепти четке какты. Путин 5-октябрга чейин Россияда болгон эмес, ал Тажикстанга кыскача иш сапары менен барган.
«Эхо Москвы» радиостанциясынын башкы редактору Алексей Венедиктов алгачкы жолу ал Путиндин оорусун август айында сыйлык тапшыруу маалында байкаганын, Путин аксап жүргөнүн айтты. «Мен ошондо оору чыны менен олуттуураак экенин түшүндүм, анткени Путин ар түрдүү спорттук жаракаттарга көнгөн абдан сабырдуу киши», дейт Венедиктов радиодон.
Ал россиялык журналисттер Ельцинден кийин президенттин ден соолугун талкуулоого аракет кылышпаганын айтты. Азыр алар өзөктүк баскычты колу менен басууга даяр болгон президенттин саламаттыгына көбүрөөк кызыкдар.
Чет элдик аткаминерлер Кремль Путиндин иш сапарын эскертүүсү жок алып салганын маалымдашты. Шейшемби күнү уюштуруучулар бейшемби күнү Түркмөнстандын борбору Ашгабат шаарында баштала турган мурдагы советтик мамлекеттердин башчыларынын саммитин Кремль Путин иш-чарага бара албасын айткандан кийин декабрдын башына жылдырганын маалымдашты. Анын натыйжасында башка мамлекеттердин башчылары да Түркмөнстанга барбай калышты.
Болгарияда Путин 9-ноябрда россиялык газ Европага жеткириле турган «Түштүк агым» газ куурунун ачылыш салтанаты үчүн Болгарияга келе турганы айтылган өлкөнүн президентинин маегин басышкан. «Эми иш сапары декабрдын башына чейин жылдырылды» деп кабарлашат россиялык жана болгариялык ММКлар.

Алан Каллисон
«Wall Street Journal», 1-ноябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Путин оору Алан Каллисон Россия
Другие материалы раздела:
Комментарии
авто


Публикации Авторов:

23.09.2019
"Nur.kz"
СМИ: Мечети начали уничтожать в Китае

23.09.2019
"Afghanistan.ru"
Окружение Трампа боится вьетнамского сценария в Афганистане

23.09.2019
"KP.ru"
Кыргызстан предложил США усилить торгово-экономическое сотрудничество

21.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев выбрал имидж президента для бедных

20.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Кыргызстан готовится вернуть своих граждан из Ирака и Сирии

18.09.2019
K.Karabekov&Co, Ъ
Дипломатия минометов. На границе

18.09.2019
V.Panfilova, NG
Пограничники начали войну на футбольном поле

17.09.2019
RIA Novosti
Главы МИД Кыргызстана и Таджикистана обсудили инцидент на границе

12.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев меняет экономическую повестку в связях с КНР

10.09.2019
"KazTAG"
Китайцы атаковали системы связи Казахстана ради слежки за уйгурами – СМИ

06.09.2019
"Regnum"
Кыргызстан занимает 110-е место во Всемирном рейтинге туризма

05.09.2019
"Afghanistan.ru"
Бывшие американские дипломаты опасаются гражданской войны в Афганистане

05.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Из Кыргызстана уходят инвесторы

03.09.2019
A.Konstantinov, Ъ
Президент Казахстана поменял местами базис и надстройку

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней