Кыргызстанды башкарган үй-бүлөнүн жаманатты соңу
вторник, 30 октября 2012 г. 11:40:24
Кыргызстандын мурдагы биринчи үй-бүлөсү

Тактан кулаган падышалар
Жарымы күйгөн анын үйү дагы эле Бишкектин борборундагы кытай ресторанынын маңдайында турат. Эки жарым жыл мурда анын атасы Кыргызстандан качып кеткен кезде козголоңчулар анын үйүн тоноп туруп өрттөп жиберишкен. Бир аз кийинчерээк үйгө майыптардын тобу кирип, бул үйдү алар үчүн баш калкалоочу жай кылып бергиле деп талап кылышкан.
Ошондон кийин Максим Бакиев 2010-жылы 7-апрелде болгон кандуу төңкөрүштөн улам атасы бийликтен куулган соң дароо Улуу Британияга менчик учак менен учуп барган, Кыргызстандын жаңы жетекчилиги аны кайтарып алууга аракет кылган. Дал ошондуктан Бишкектегилердин көбү Максим Бакиев Лондондун атактуу Белгравия районунда 12-октябрда камакка алынганын угуп майрамдашты. Окуялардын күтүүсүз өзгөрүшүнөн улам камакка алуу Вашингтондун эрки менен ишке ашты. Америкалыктар 34 жаштагы Бакиевди «баалуу кагаздар менен алдамчылык кылды жана акыйкат соттун болушуна бут тосту» деген олуттуу айыптоолор менен соттогусу келип жатат.
Бул борборазиялык республикадагы эң жек көрүндү болгон адамдардын бири - Максимди Кыргызстанда ондогон миллион мамлекеттик каражатты жеп алганы үчүн айыптап жатышат. Бир кезде ханзаада катары белгилүү болгон Бакиев үй-бүлөнүн менчик бизнесиндей кылып каалашынча пайдаланып, режимди жеке өзү бийлеп турган. Ал өнүгүү жана инвестиция боюнча агенттикти жетектеген. Көбү «Максимдин ачкөздүгү анын үй-бүлөсүн тактан кулаткан төңкөрүштүн себептеринин бири болду» деп эсептешет.
Кыязы, ал акчаны реактивдүү отун жеткирүү боюнча келишимден улам жыйнаган окшойт. Кыргыз прокурорлору Бакиевге «ташылган жүк үчүн 80 миллион доллар өлчөмүндөгү төлөмдү төлөөдөн качкан жана «Манастагы» америкалык аба базасына карата отун жеткирүүгө көзөмөл кылган» деп айып тагып жатат.
Ал арада афган согушунда абдан маанилүү борбор катары саналган базаны сактап калууга аракет кылган Америка тарап баарын көрмөксөнгө салган. Бакиевдер куулупп кеткенден кийин Американын аткаминерлери болгон күчү менен Курманбек Бакиевдин бийлигинен соң өздөрүн алыс кармоого аракет кылган кыргыздын жаңы башчыларынын көңүлүн табууга аргасыз болушту. Кийинчерээк Конгресстин иликтөөчүлөрү америкалык аткаминерлерди экс-президенттин үй-бүлөсүн «алдейлеп», базаны сактап калыш үчүн Америка Бакиевдерди сатып алгандай таасир калтыргандыгы үчүн сынга алышты.
Максим Бакиевди камакка алуу көбү бийликтен куулган клан чет өлкөдөн баш паанек таап алганына нааразы болуп жаткан Кыргызстандын өкмөтү үчүн жакшы жышаан. Максимдин атасы Минскиде эч бир тергөөчүнүн колуна тийбей Белорусиянын президенти Александр Лукашенконун коногундай болуп жашап жатат. Кылмыштары «Өкүл ата» тасмасын эске салган, Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси болгон Максимдин агасы Жаныш бир аз мурда пайда болуп, мындан улам нааразы болгон кыргызстандыктар Белорусиянын элчилигине кол салышкан.
Колдо болгон маалыматка таянсак, Максим Бакиев Улуу Британиядан баш паанек алгысы келген жана өзүнө коюлган дооматтардын баарын четке каккан. Ал Кыргызстанда мени акыйкатсыз соттошот деп айтып жатат. Ошондуктан кайсы бир Батыш өлкөсү аны артка кайтарып бериши күмөн. Ал азырынча декабрда боло турган соттук териштирүүгө чейин күрөө коюу аркылуу бошотулду.
Эгерде америкалыктар Бакиевди өткөрүп ала турган болсо эмне кылаары белгисиз. Көптөгөн кыргыздар аны кай жерде болбосун түрмөгө камаса ыраазы болушат эле. Бирок айрымдары анын Кыргызстанга экстрадицияланышын талап кылып жатышат жана анын кайтып келишин «Манастагы» америкалык базанын статусу менен байланыштырышы мүмкүн. Жана америкалык дипломаттар кайрадан туруксуз өнөктөшү менен «бийге түшүүгө» даярданып жаткан кези.
Максим Бакиев үчүн жакшы болгон жери - анын колунун канга булганбаганы (бери дегенде бизге бул тууралуу белгисиз). Эгерде анын үй-бүлөсү бийликтен куулган 2010-жылдагы ошол жамгырлуу апрелдин күнүнө кайтып бара турган болсок, коомдук тартипти сактоочу полиция нааразы болгон тараптар менен кагылышкан күн эске келет. 100 жакын өлгөн адамдардын денеси Бишкектин башкы аянтында жатты. Максимдин атасы менен агасына элди кырганы үчүн сыртынан айып тагышкан. Бирок Максимдин алибиси бар. Ошол күнү ал америкалык аткаминерлер менен инвестициялык маселелерди талкуулаш үчүн Вашингтонго учуп кеткен болчу.

«Economist», 15-октябрь, 2012 года
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Кыргызстан Максим Бакиев
Другие материалы раздела:
Комментарии
авто.kg


Публикации Авторов:

24.02.2020
"Zakon.kz"
Казахстан пожалуется на Кыргызстан в ВТО

24.02.2020
"Eurasianet.org"
Туркменистан: маскируя реальность - обзор событий

24.02.2020
A.Yuldashev (A+)
Бишкек и Душанбе договорились обменяться 23 гектарами земли

23.02.2020
“Review.uz”
Узбекистан разместит у себя серверы Google, Facebook и Yandex

21.02.2020
"UzReport.uz"
Сингапурская компания предложила Ташкенту сотрудничество по переработке отходов

21.02.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызы вытолкали из страны китайского инвестора

19.02.2020
V.Panfilova, NG
Таджики объявили своей Баткенскую область

17.02.2020
"Zakon.kz"
В Узбекистане признали, что мирных жителей в Андижане расстреляли правительственные войска

17.02.2020
"Asia plus"
Жители села Сомониён: «Если отдадим наше село, Чоркух высохнет»

13.02.2020
G.Ivanova (Iz)
Свято место: почему США возвращаются в Центральную Азию

13.02.2020
"Eurasia.expert"
ЕАБР профинансирует масштабный инфраструктурный проект в Казахстане

12.02.2020
V.Panfilova, NG
Туркменистан укрепляет границу с Афганистаном

11.02.2020
"Nezavisimaya gazeta"
К-Т. Токаев уволил силовиков

10.02.2020
V.Panfilova, NG
Погромы в Казахстане покрывали госорганы

06.02.2020
V.Panfilova, NG
Душанбе не спешит в Евразийский союз

06.02.2020
"RIA Novosti"
В Москве умер сын экс-президента Кыргызстана, сообщили СМИ

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней