Чавес эмнеси болсо да жеңишке жетти
среда, 10 октября 2012 г. 21:03:12
Венесуэладагы президенттик шайлоо. «Кетпеш үчүн бул жерде»

Уго Чавес Венесуэланын президенти болуп 2031-жылга чейин калгысы келгенин айтты. 7-октябрда аны жаңы мөөнөткө шайлашкан кезде, ал бул максатында 6 жылга жакындады. Президент өз атаандашы, «Демократиялык биримдик» коалициясынан чыккан Энрике Каприлестен 10 кадам алдыга озду. 90% добуштарды эсептегенден кийин шайлоо комиссиясы Чавес 54%дан ашык добуш алганын, ал эми Каприлеске 45% добуш берилгенин маалымдады. Шайлоочулардын катышуусу рекорддук 80%га жетти.
Оппозициянын талапкери өз тарапташтарынын алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө жеңилгенин моюнга алды жана президентти жеңиши менен куттуктады. Бирок ал шайлоонун жыйынтыктары венесуэлалыктардын эки көз карашы бар болгонун көрсөттү деп кошумчалады. «Жол бар» деген шайлоо урааны менен чыккан Каприлес жол дагы эле бар экенине ишенет.
Президенттик  ак сарайдын «элдик балконунда» өзүнүн жеңиштен кийинки сөзүндө Чавес элдешкендей тон менен сүйлөдү. Ал жеңилгенин татыктуу кабыл алган оппозициянын демократиялык жүрүм-турумун моюнга алып, «бул тынчтык тарапка жана биргелешип аракеттенүүгө карата жасалган абдан маанилүү кадам» деп айтты жана «өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн диалогго, биргелешкен жумушка жана дебаттарга» чакырды. Анын сөзү шайлоо алындагы өнөктүк маалында Каприлести чочко, фашист деп басмырлап айткан сөздөрүнөн таптакыр айырмаланып турду. Жана ал оппозицияны шайлоодо жеңилип кала турган болсо нааразалык акциясын өткөрөт деп жөндөн жөн эле айыптаганы үчүн кечирим сурап да койгон жок.
Адегенде Чавес 1992-жылы ийгиликсиз болгон аскердик төңкөрүштүн башчысы катыры бийликке келгенге аракет кылган. Алты жыл мурда ал президент болуп шайланып, өлкөнү башкарып келет. Анын максаты - XXI кылымдын революциясын бекем орнотуп, жеке өзү 1999-жылы киргизген Башмыйзамдын негизинде «коммуналдык өлкө» кургусу келет. Бул Башмыйзам аны ушул жылы кайра шайлануусуна тыюу салган, бирок 2009-жылы шайлоочулар президенттик мөөнөттөрдү чектөөнү алып салуу боюнча референдумду колдоп беришкен.
Каприлес бийликти президенттин колуна топтоону жоюну, парламенттин, соттордун жана мамлекеттин башка бутактарынын өз алдынчалыгын калыбына келтирүүнү, ошондой эле аймактык губернаторлорго бийлик берүүнү убада кылган. Бирок Чавестин авторитардык тенденциялары кыязы, Каприлес шайлоо алындагы өнөктүктө ийгиликке жетишин чектөөгө мүмкүндүк түздү окшойт. Чавес өзүнүн шайлоо алындагы өнөктүгүндө бул мунайга бай мамлекеттин бардык аппараттарын, анын ичинде сотторду, ММК жана өкмөттүк мекемелерди ачык эле пайдаланды. Эми кыязы кайрадан президент бут тосуп койдубу деген шектенүүлөр пайда болот окшойт.
Эгерде оппозиция Чавести анын келерки президенттик мөөнөтүнө чейин көзөмөлдөөгө ниеттенип жатса, ал ушундай бир жеңилгис саясат жүргүзүшү керек. Көп жылдык талаш-тартыштан соң ондогон оппозициялык партиялар президентикке жалгыз талапкерди тандаш үчүн алдын-ала шайлоо өткөрүүгө макул болушкан, февралда Каприлес жеңил гана жеңишке жетишкен. Ал тартиптүү жана натыйжалуу өнөктүк жүргүздү, ошондой эле анын оппозициянын башында калуу мүмкүндүгү бар. Оппозиция үчүн биримдик менен мотивацияны сактоо кыйынга турмакчы. «Кантип жеңишке жетүүнү үйрөнүш үчүн жеңилгенди билиш керек», - деп айтты шайлоо күнү Каприлес. «Демократиялык биримдик» баш-аягын жыйнаганга убакыт аз: губернаторлорду шайлоо декабрда болот.
Чавестин да өз жеңишинен ырахат алганга убактысы аз. Быйылкы экономикалык тез өсүшкө карабай, үнөмсүз чыгашалардын айынын чет элдик валютанын запастары азайып, карыз өсүүдө жана мунайдын экспортуна бюджет көз каранды болуп бара жатат. Көпчүлүк талдоочулар «жумушсуздуктун деңгээли 20 пайыз экенин, ал эми «көмүскө базардагы» валюта курсу расмийге салыштырганда үч эсе жогору экенин эсе алганда өлкөнү девальвация күтүп турат» деп болжолдошот.
Эгерде ал тургай президент бул экономикалык кыйынчылыктарды жеңип чыга алган күндө да, анын ден соолугунун абалы айкын эмес болуп турат. Өткөн жылы ага «ич көңдөйүнүн шишиги» деген диагноз коюшуп, үч операция жасашкан. Эми президент «толук айыктым» деп айтып жатат. Бирок ал эч кандай кеңири медициналык маалымат көрсөткөн жок жана бул жолу буга чейинки өткөрчү шайлоо өнөктүгүндөй кубаттуу өнөктүк өткөрө алган жок. Президент саясий аренада жашап кетүүгө эң мыкты мүмкүнчүлүгү бар экенин дагы бир жолу далилдеди. Бирок дагы алты жылга ооруга туруштук берүү жеңил эмес жана балким абдан кыйын нерсе.

«Economist», 8-октябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Чавес жеңиш Каприлес
Другие материалы раздела:
Комментарии
kolesa.kg


Публикации Авторов:

24.02.2020
"Zakon.kz"
Казахстан пожалуется на Кыргызстан в ВТО

24.02.2020
"Eurasianet.org"
Туркменистан: маскируя реальность - обзор событий

24.02.2020
A.Yuldashev (A+)
Бишкек и Душанбе договорились обменяться 23 гектарами земли

23.02.2020
“Review.uz”
Узбекистан разместит у себя серверы Google, Facebook и Yandex

21.02.2020
"UzReport.uz"
Сингапурская компания предложила Ташкенту сотрудничество по переработке отходов

21.02.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызы вытолкали из страны китайского инвестора

19.02.2020
V.Panfilova, NG
Таджики объявили своей Баткенскую область

17.02.2020
"Zakon.kz"
В Узбекистане признали, что мирных жителей в Андижане расстреляли правительственные войска

17.02.2020
"Asia plus"
Жители села Сомониён: «Если отдадим наше село, Чоркух высохнет»

13.02.2020
G.Ivanova (Iz)
Свято место: почему США возвращаются в Центральную Азию

13.02.2020
"Eurasia.expert"
ЕАБР профинансирует масштабный инфраструктурный проект в Казахстане

12.02.2020
V.Panfilova, NG
Туркменистан укрепляет границу с Афганистаном

11.02.2020
"Nezavisimaya gazeta"
К-Т. Токаев уволил силовиков

10.02.2020
V.Panfilova, NG
Погромы в Казахстане покрывали госорганы

06.02.2020
V.Panfilova, NG
Душанбе не спешит в Евразийский союз

06.02.2020
"RIA Novosti"
В Москве умер сын экс-президента Кыргызстана, сообщили СМИ

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней