«Сэнди» куюну АКШдагы шайлоонун датасы тууралуу маселени пайда кылды
четверг, 1 ноября 2012 г. 7:04:00
Кыйраткыч «Сэнди» куюну

Кайсы бир деңгээлде «Сэнди» катуу шамал жана нөшөрлүү жамгыр аралаш азыраак туман коштогон өзгөрмөлүү бороон болуп калды. Анын кыйраткыч кесепеттери дагы көпкө уланчудай болуп турат. Шейшемби күнү Американын чыгыш жээгиндеги миллиондогон жашоочулар жарыгы жок үйлөрдө ойгонуп, кулаган бак-дарактарды, жуулуп кеткен көчөлөрдү көрүштү жана 30дан ашык адамдын курман болгону тууралуу жаңылыкты угушту.
Эң күчтүү сокку Нью-Йорк менен Нью-Джерсиге урулду: президент эки штат тең чоң кырсыкка кабылганын жарыялады. Нью-Джерсинин губернатору Крис Кристи анын штатына келтирилген чыгымды эсептөөгө мүмкүн эмес экенин айтат. Нью-Йорк шаарынын мэри Майкл Блумберг ураганды «абдан зор масштабдагы шамал» деп атады.
Көпчүлүк үчүн жашоо токтоп калды, анткени жолдор, ишканалар менен мектептер жабылды. Метро системасы Вашингтондон Бостонго чейин жабылды; ал эми Нью-Йоркто бир нече туннелдерди суу басып калды. Чыгыш жээктеги поезддер, ошондой эле учактар токтотулду. Кургакта калган миллиондогон адамдар эмдигиче электр жарыгы жок олтурушат.
Буга окшогон кыйроодон улам президенттикке талапкер болуп жаткандар шайлоо өнөктүгүнөн баш тартышты. Ураган ал тургай партиялар аралык кызматташтыктын сейрек учуруна дагы түрткү берди - Митт Ромнинин белгилүү тарапташы Кристи Обаманы жагдайга абдан мыкты реакция кылганы үчүн мактады (шаршемби күнү эки талапкер тең Нью-Джерсиге жөнөштү). Кээ бирөө Ромнинин шайлоо алындагы сөздөрүн эстешти, ал чукул кырдаалдарда башкаруу жоопкерчилигин штаттардын жетекчиликтерине жүктөөнү сунуш кылган.
Мынчалык масштабдагы куюн федералдык кийлигишүүнү талап кылат, бирок бул жардам жөнөкөй «жардам» түрүндө болобу же координация түрүндө болобу деген талаш-тартыштар уланышы мүмкүн. Кыязы, азырынча федералдык жана жергиликтүү масштабдагы аткаминерлер эң сонун аракеттеништи окшойт. («Twitter»де азыртан эле өкмөттүн натыйжалуу иштегени тууралуу комментарийлер пайда болду). Чукул кырдаалдарда башкаруу боюнча федералдык агенттик болжолу «Катрина» куюнунан кийин стратегиялык орундарга ресурстарды эртелеп жайгаштырып, өткөндөн туура сабак алган көрүнөт. Мындан коммуналдык кызматтар дагы үлгү алышкан. Нью-Йоркто электрстанциянын жумушчулары электрге байланыштуу маселелерди чечүүгө аракет кылып жатышат.
Ал арада эки партия тең шайлоо күнүндө куюнга байланышкан маселени кандай кылаары тууралуу жүйөлөрүн айтышууда. Бирок башкы маселе айрым аймактарда дегеле шайлоо болобу же жокпу дегенде жатат. Кристи электр менен камсыздоо шайлоо датасына карата калыбына келтирилет деп болжойт жана Обама өзүнүкүн бербей тургандай көрүнүүдө. «Кечээ мен президент менен үч жолу сүйлөштүм»,-дейт Кристи CNNге. «Эгерде ал бул суроону талкууга алып чыкпаса, албетте, мен андан бетер алып чыкпайм».

«Economist», 30-октябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Сэнди ураган АКШ шайлоо
Другие материалы раздела:
Комментарии
бишкек авторынок


Публикации Авторов:

24.02.2020
"Zakon.kz"
Казахстан пожалуется на Кыргызстан в ВТО

24.02.2020
"Eurasianet.org"
Туркменистан: маскируя реальность - обзор событий

24.02.2020
A.Yuldashev (A+)
Бишкек и Душанбе договорились обменяться 23 гектарами земли

23.02.2020
“Review.uz”
Узбекистан разместит у себя серверы Google, Facebook и Yandex

21.02.2020
"UzReport.uz"
Сингапурская компания предложила Ташкенту сотрудничество по переработке отходов

21.02.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызы вытолкали из страны китайского инвестора

19.02.2020
V.Panfilova, NG
Таджики объявили своей Баткенскую область

17.02.2020
"Zakon.kz"
В Узбекистане признали, что мирных жителей в Андижане расстреляли правительственные войска

17.02.2020
"Asia plus"
Жители села Сомониён: «Если отдадим наше село, Чоркух высохнет»

13.02.2020
G.Ivanova (Iz)
Свято место: почему США возвращаются в Центральную Азию

13.02.2020
"Eurasia.expert"
ЕАБР профинансирует масштабный инфраструктурный проект в Казахстане

12.02.2020
V.Panfilova, NG
Туркменистан укрепляет границу с Афганистаном

11.02.2020
"Nezavisimaya gazeta"
К-Т. Токаев уволил силовиков

10.02.2020
V.Panfilova, NG
Погромы в Казахстане покрывали госорганы

06.02.2020
V.Panfilova, NG
Душанбе не спешит в Евразийский союз

06.02.2020
"RIA Novosti"
В Москве умер сын экс-президента Кыргызстана, сообщили СМИ

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней