АКШнын 60 миллион жашоочусу кыйроого даярданып жатат
среда, 31 октября 2012 г. 1:55:08
«Сэнди» ураганы Американын жээктерине жетти жана «тропикалык эмес шамал» деп таанылды

Чыгыш жээкте «Сэнди» циклону буркан-шаркан түшүп жатат, бул тууралуу Нью-Йорктон Никил Кумар жана Вашингтондон Руперт Корнуэлл билдиришти.
Катуу шамал жана нөшөрлөгөн жамгыр АКШнын чыгыш жээктерине «Хэллоуин» майрамынын алдында чакырылбаган коноктой болгон «Сэнди» циклонунун келишинин белгиси болуп калды. Ошондой эле шамалдуу жаан-чачын өлкөнүн калк эң эле жыш жайгашкан аймагынан көп сандаган адамды эвакуациялоого аргасыз кылды.
АКШнын урагандарды алдына ала эскертүү боюнча улуттук борборунун (National Hurricane Center) берген маалыматына таянсак, болжол менен жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 8дерде түндүк-чыгыш штаттардын жарымынан ашыгына чукул кырдаал киргизүүгө аргасыз кылган катуу шамал Нью-Джерсинин түштүгүндө жайгашкан Атлантик-Сити шаарынын жээгине жакындап келди. Катуу шамал АКШнын жээктерине жакындап келген соң, анын ылдамдыгы саатына 130 чакырымга чейин азайды жана бул көрүнүш тропикалык эмес шамал катары квалификацияланды.
Буга чейин «Сэнди» ураганындагы шамалдын ылдамдыгы жекшемби күнгө караган түнү Атлантика океанынын жээктеринде байкалган ылдамдыгы саатына 120 чакырымга жеткен шамалга салыштырмалуу эң жогорку чекке - саатына 145 чакырымга жеткен болчу.
Өткөн түнү шамал жээкке жакындап келип, коркунучтуу бийиктикте турган кранды кыймылдата баштагандыктан Манхэттендин полициясы асман тиреген көп кабаттуу үй курулуп жаткан көчөлөрдү тоскон болчу. Аралдагы эң бийик имараттын чатырында турган коркунучтуу кран жакын жайгашкан райондорду эвакуациялоого себепчи болду. Ошондой эле аба ырайы бузулгандан кийин кран кулашы мүмкүн деген коркунуч келип чыкты. Кечээ кечинде Манхэттендин Челси районунда жайгашкан имараттын бет маңдайы жабыркаганын дагы кабарлашты.
«Сэнди» ураганынын жакындап келатканы анын өзү келгенге чейин эле сезиле баштаган. Атлантик-Сити менен Оушен-Ситиде суу ташкындап, аны менен катар Оушен-Сити шаарындагы белгилүү кеме токтоочу жайды жууп кеткен. Бул арада АКШнын жээк күзөтү Түндүк Каролина штатынын жээгинен болжол менен 145 чакырым аралыкта толкуган деңизге өз кемесин таштоого аргасыз болгон «HMS Bounty» кемесинин 16 экипажынын 14 мүчөсүн куткарган болчу.
Вирджиния, Мэн, Массачусетс, Нью-Йорк, Делавэр, Пенсильвания, Род-Айленд жана башка түндүк-чыгыш штаттардын жетекчилиги ондогон миллион адамдардан өз үйлөрүндө калууну суранышты, себеби аба ырайын алдын ала маалымдоочулардын прогноздору боюнча аймакта катуу кар жаап башташы мүмкүн. Синоптиктердин айтымында, негизги коркунуч болуп шамалдын узактыгы саналат.
АКШнын президенти Барак Обама өз шайлоо өнөктүгүн токтотту жана башкы командачынын ролун аткарууга киришти. Ал миллиондогон адамдар катуу шамалдан жапа чегиши мүмкүн экенин алдын-ала эскертти. «Азыркы учурда мен элден бир гана нерсени өтүнөт элем - силердин мамлекетиңер менен жергиликтүү жетекчилириңер эмне айтса угуңуздар. Эгерде алар эвакуацияланыш керек десе-эвакуацияланыңыздар», - деп кошумчалады ал.
Катуу бороонго даярдык кылып кечээ Американын аткаминерлери Нью-Йорк шаарынын 375 миң жашоочусун, Делавэрдин 50 миң тургунун, Атлантик-Сити калаасынын 30 миң жашоочусун эвакуациялоо тууралуу жарлык чыгарышты. Нью-Джерси, Вирджиния, Делавэр, Мэриленд, Коннектикут, Род-Айленд менен Нью-Йоркто 9 миң рейс токтотулду. Бери дегенде 9 штатка, ошондой эле Колумбия округуна чукул кырдаал киргизилди.
Кечээ Мэриленд штатынын губернатору Мартин О'Мэлли: «Алдыдагы күндөр кыйын болчудай. Бул бороондон улам эл курман болушу мүмкүн», - деп билдирди.
Мектептер жабылды, миллиондогон америкалык окуучулар үйлөрүнө жөнөтүлдү. Вашингтондо, Колумбия округунда нөшөрлөгөн жамгыр менен катуу шамалдан улам бардык метро системалары жабылды.
Буга чейин Нью-Йорктун мэри Майкл Блумберг өлкөнүн ири шаардык транспорт системасынын жабылышы тууралуу айткан. Жекшемби күнү кечки саат 7де шаардык метронун бардык 468 станциясы жабыла баштады. Ушул сыяктуу эле бир жыл мурдараакта «Ирен» ураганы башталарда Нью-Йорктун бүт метро станциялары жабылган эле.
Ал ошондой эле ал шаардын айланасындагы төмөнкү райондордү милдеттүү түрдө эвакуациялоо тууралуу буйрук чыгарды. Мэрдин айтымында, шаар боюнча 76 мектепте 16 миң адамды кабыл ала турган баш калкалоочу жайлар түзүлдү. Бирок жекшемби күнү кечинде мындай жайларга болгон 3 миң адам келди.
«Жагдай абдан тез начарлап бара жатат, ошондой эле тынч калышыбызга да мүмкүндүк аз. Кетип калыш үчүн абдан эле кеч болуп калды», - деп белгиледи Блумберг. Кыязы, Нью-Йорктун тургундары анын сөзүн угушкан окшойт, кечээ төмөнкү Манхэттендин көчөлөрү аңгырап ээн калды. Уолл-Стрит көчөсүндө жайгашкан Нью-Йорк фондулук биржасы мурдагыдай эле иштебей турат.
Андан ары карай түндүктө кадимки күндөрү Манхэттендин киши көп болгон Вест-Вилладж районунда дүкөндөр менен ресторандар жабылды. Вашингтон-сквердин кире беришине тосмо орнотулду, ошондой эле Салливан-Стритте бир да жан жок ээн калды. АКШнын борборунда дагы ушуга окшогон жагдай. Федералдык өкмөттүн имараттары, транспорт каттамынын бардык түрлөрү жана көптөгөн мекемелер аптанын биринчи жумушчу күнү жабык болду, ал эми Вашингтондун өзү жансыз шаарды эске салууда.

Никил Кумар менен Руперт Корнуэлл
«Independent», 30-октябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: АКШ Сэнди ураганы Никил Кумар менен Руперт Корнуэлл
Другие материалы раздела:
Комментарии
бишкек


Публикации Авторов:

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

30.09.2019
"SNG.Tofay"
Глава МИД Узбекистана призвал взглянуть на Центральную Азию по-другому

27.09.2019
A.Petrov (RG)
Москва - Бишкеку

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней