Качып жүргөн Максим геосаясаттын пешкасы болду
вторник, 23 октября 2012 г. 7:29:25
Кыргызстандын качкын президентинин уулу дипломатиялык мамилелерде пешка болуп калат окшойт

Бишкек, Кыргызстан. Кыргызстандын бийликтен куулган президентинин улуунун ушул айда Лондондо камакка алынышы, «ал бул өлкөдөгү америкалык аскер аба базасы менен болгон сүйлөшүүлөрдө айырбаш тыйын болуп калышы мүмкүн» деген ар кандай божомолдорго себеп болду.
Кыргызстандын Улуу Британия жана АКШ менен экстрадиция тууралуу келишими жок. Бирок бул өлкөнүн жетекчилиги бийликтен куулган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимди мекенине кайтарып алууну каалап жатканын билдирди. Ага «коррупция жана атасы башкарып турган кезде бийликтен ашыкча пайдаланган» деп айып тагылууда.
«Максим Бакиевди кылмыш жообуна тартуу максатында Кыргызстандын жетекчилиги Улуу Британия жана АКШ менен сүйлөшүүгө киришти», - деп билдирет Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий өкүлү Нуржигит Кадырбеков. «Кыргызстан Улуу Британия жана АКШ менен келечекте Максимди Кыргызстанга алып келиш үчүн келишим түзүүгө абдан катуу ниеттенип жатат», - деп кошумчалады Кыргызстандын ТИМинин өкүлү.
Максим Бакиев 12-октябрда Лондондо камакка алынган. Ал алдамчылык кылуу жана америкалык акыйкатка бут тосуш үчүн болгон кутум боюнча айыпталууда. Талдоочулар «айыптоо Нью-Йорктогу фондулук биржанын баалуу кагаздары жана «Nasdaq» менен болгон мыйзамсыз соодага түздөн-түз тиешеси бар» деп жатышат.
Бишкектеги АКШнын элчилиги АКШ британ бийлигинен Бакиевди экстрадициялоо тууралуу өтүнгөнүн жана эгерде Максим Бакиев күнөөлүү деп табылса, аны көп жылдар бою темир тордун арты күтүп турганын тастыктады.
2010-жылы апрель айында болгон элдик көтөрүлүштөн соң Курманбек Бакиев бийликтен кулатылгандан кийин Максим Улуу Британияга качып кеткен жана ал жактан башпаанек сураган. Британ бийлигин ал Кыргызстанда «мени адилетсиз сот күтүп турат» деп ынандырган.
«Максим Бакиев Курманбек Бакиевдин ыплас жана ырайы суук режиминин символу болуп калды», - дейт «IHS Global Insight» талдоочусу Лилит Геворкян. «Ал байлык топтоонун жана тууганчылык менен бийликте туруунун эң сонун үлгүсү болуп калды», - деп кошумчалады ал.
Айрым жергиликтүү байкоочулар «Максим Бакиев Американын бийлигине пайда алып келип, Кыргызстанда жайгашкан Американын аба базасы тууралуу сүйлөшүүлөрдө рычаг катары роль ойношу мүмкүн» деп тастыкташууда. НАТОнун Афганистандагы аскерлери үчүн маанилүү каттам болуп саналган «Манас» транзиттик жүк ташуулар борбору боюнча келишимдин мөөнөтү 2014-жылы аяктайт.
Бишкектен эркин саясат таануучу Марс Сариев Максим Бакиевди камакка алуу Кыргызстан өкмөтүнүн аба базасы боюнча ижара мөөнөтүн узартуудан баш тартканына байланыштуу болушу мүмкүн экенин айтат. Кыргызстанын президенти Алмазбек Атамбаев Россиянын президенти Владимир Путин бир аз мурда бул өлкөгө барганда АКШ менен ижара мөөнөтүн узартуудан баш тарта турганын дагы бир жолу кайталаган. Россиянын дагы Кыргызстандагы Кант шаарында жайгашкан өз аба базасы бар.
«Владимир Путиндин иш сапарынан соң, Кыргызстан Россия тарапка тартып калганы ачык түшүнүктүү болду», - дейт Сариев. «Азыркы учурда америкалыктар Кыргызстандын жетекчилигине катуу кысым кылыш үчүн колунан келген мүмкүнчүлүктүн баарын пайдаланууга аракет кылып жатат», - деп белгилейт ал.
2009-жылы Бишкектеги АКШ элчилигинин «WikiLeaks»тин веб-сайтына жарыяланган жашыруун катында «Кыргызстанда Максим Бакиев өз атасынын абалынан пайдаланып жаткан коррупциялашкан адам катары эсептелээри» айтылган. Ошондой эле жашыруун катта Максим Бакиев Американын өкмөтү үчүн пайдалуу өнөктөш болушу мүмкүн экени да белгиленген.
Сариев Максим Бакиев АКШ үчүн пайдалуу боло турган Кыргызстандагы кызматкерлер тууралуу маалыматка ээ болушу мүмкүн деп айтууда. «Менин көз карашымда АКШдагы расмий тараптарды анын «Манас» жүк ташуу транзиттик борборуна күйүүчү май ташуудагы ролу кызыктырып жатат. Кыязы, америкалык аткаминерлерге Максимден азыркы схемалар жана кыргыз саясатчыларынын байланышы тууралуу маалыматтар керек. Ал америкалык тарапка Кыргызстандагы АКШнын аба базасы тууралуу сүйлөшүүлөрдүн маалында айырбаш тыйын тыйын катары америкалык тарапка эмне керек экенин айтып бериши мүмкүн», - дейт Сариев.
Башка талдоочулар буга окшогон сценарий болушу мүмкүн эмес деп жатышат. «Албетте, АКШ 2014-жылдан кийин дагы өз аба базасын Кыргызстанда калтырууну каалайт, бирок америкалык бюрократиянын ар түрдүү бөлүктөрү тандем менен иштей турган болсо мен абдан таң калмакмын», - дейт Стратегиялык жана эл аралык изилдөө борборунун Россияны жана Евразияны изилдөө боюнча программасынын директору Джеффри Манкофф. «Максим менен Курманбек Бакиев «Манастагы» отун келишимдери боюнча жасалган ыплас каржылык операцияларга катышы бар, жана мен Бакиев кулатылгандан кийин да ыплас алдамчылык уланып жатат деп ишенем. Бирок бул алдамчылык менен анын катышуучуларынын бетин ачуу аркылуу Бишкектин бийлигинде олтурган топторго караганда Америка оң упайга ээ болот деп ойлобойм», - дейт Манкоф.
Көрүнүп тургандай, Максим Бакиев азыркы учурда 2010-жылы болгон элдик көтөрүлүштүн учурунда 80ден ашуун адамдын кырылышына күнөөлөнүп жаткан атасы менен байкесине караганда азыраак таанымал. Ал кезде атасынын мураскору болуп калышы ыктымал деп эсептелген Максим 2010-жылы болгон окуяларга түздөн-түз катышкан эмес.
Кыргызстандын прокуратурасы «Максим Бакиевге таандык болгон компания «Манас» транзиттик жүк ташуу борборунун камсыздоочуларына сатылган авиациялык отун үчүн 80 миллион доллар көлөмүндө салык төлөгөн эмес» деп билдирди.

Аскар Эркебаев менен Руби Расселл
«Washington Times», 22-октябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Максим Бакиев геосаясат Аскар Эркебаев Руби Расселл
Другие материалы раздела:
Комментарии
nissan


Публикации Авторов:

18.10.2019
A.Saruar (LSM.kz)
Казахстан проиграл всем странам ЕАЭС во взаимной торговле

16.10.2019
"CentrAsia"
Вернут ли Жээнбеков и Трамп американскую военную базу в Кыргызстан?

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней