Түркия сириялык качкындардын агымынан тумчугуп жактан кезде, Европа өзүн алыс кармагысы келип жатат
понедельник, 22 октября 2012 г. 10:03:04
Саясат сириялык качкындарга жардам берүүгө тоскоол болуп жатат

Сириядан миңдеген качкындар Түркияга барып жатат. Анкара Европа Биримдиги убада кылган жардамга муктаж болуп жатканын билдирүүдө. Бирок саясий пикир келишпестиктер жана юридикалык бөгөттөр эки мамлекеттин тыгыз кызматташуусуна бут тосуп жаткан кези.
Түркия Евробиримдиктен жардам сурады, анткени дүйшөмбү күнү сириялык качкындардын саны 100 миң адамдан ашып кетти жана муну менен Түркиянын качкындардын мындай агымына туруштук берүүчү мүмкүндүгүн коркунучка кептеди. Кыш жакындап келе жаткандан улам жагдай мындан дагы оордоп кетиши мүмкүн.
«Европа Сириядан Түркияга качып жаткан адамдар тууралуу ойлоно башташы керек», - деп айтты немистердин «Die Welt» басылмасы менен болгон маегинде Евробиримдиктеги Түркиянын министри Эгемен Багис. «Европа коопсуз башпаанек издегендерге жардам бериши зарыл. Акыры Европа жардам берүүгө тийиш болгон учур келип жетти».
Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери гуманитардык жардам берүүгө убада берүү менен Түркиянын дүйшөмбүдөгү кайрылуусуна жооп узатышты. Бирок алар качкындардын бир бөлүгүн Европага жайгаштырууну сунуш кылышкан жок.
«Евробиримдик Түркияга качкындар кризисин жөнгө салууга жардам берүүгө даяр экенине карабай тыгыз жана көбүрөөк иш жүзүнө ашчу кызматташтыкка бөгөт коюлду», - деп айтты «Deutsche Welle» булагына өз ысымын жашыруун калтырууну каалаган Евробиримдиктин аткаминерлеринин бири. Сириядагы кризисти жөнгө салыш үчүн Евроибиримдик жана ага мүчө болгон мамлекеттер 214 млн. евро бөлдү, бирок Түркия азырынча болгону 1 млн. евро алды.
«Саясий пикир келишпестиктер жана юридикалык тоскоолдор Евробиримдик менен Түркиянын ортосундагы көбүрөөк тыгыз кызматташтыкка тоскоол болуп жатат», -деп айтты ал. «Качкындардын кризисин чечүүдө Евробиримдик жетиштүү аракет кылбай жатат деп Евробиримдикти сындагандар фактыларды четке кагууда».
Европалык аткаминердин айтымында, ири суммадагы акча 200 миңдей сириялыктар башпаанек издеп качкан Ливан, Иордан жана Ирак сыяктуу башка мамлекеттерге жөнөтүлдү. Түркияга салыштырмалуу бул өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрү кыйла чектелүү жана алар токтоосуз жана масштабдуу жардамга муктаж.

Саясий жана юридикалык тоскоолдуктар
«Түркияга берилчү жардамга келе турган болсок, биз татаал саясий жана юридикалык тоскоолдуктарга учуруп жатабыз жана азырынча Түркияга масштабдуу гуманитардык жардам жөнөтүүгө мүмкүн болбой турат», - дейт аткаминер. «Түрк тарап жардамды акчалай түрдө алууну каалайт, бирок Евробиримдиктин эрежелери мамлекеттик уюмдарга түздөн-түз жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк бербейт».
Евробиримдиктин гуманитардык жардам берүү боюнча нормаларына ылайык, Евробиримдик иштей турган уюмдардын тизмесине БУУнун агенттиктери, Кызыл чырым коому жана техникалык жардам берүү боюнча адистешкен GTZ же болбосо THW сыяктуу агенттиктер кирет. Үчүнчү өлкөлөрдүн институттары бул тизмеге кирбейт.
«Дагы башка чоң маселе болуп түрк өкмөтү Евробиримдиктин акчасын пайдалана турган европалык агенттиктерди же болбосо өкмөттөн эркин уюмдарды каттагысы келбегенинде болуп жатат. Анкара буга окшогон уюмдардын иштешине уруксат бербейт», - деп белгилейт аткаминер. Бир жагынан алганда түрк аткаминерлери «чегарага жакын райондогу өкмөттөн эркин уюмдун иштеши коопсуздук маселесин жаратышы мүмкүн» деп тастыктайт.
Азырынча Евробиримдик сириялык качкындар үчүн 1 миллион еврону БУУнун качкындар боюнча агенттиги аркылуу Түркияга бөлүп бергенге жетишти. Батыш дипломаттары Түркиянын эл аралык кызматташууга ынтызарлык көрсөтпөгөнүн, юридикалык талаптарды канааттандырыш жана бюрократиялык процедураларды жеңилдетиш үчүн аракети жоктугун сындап жатышат. Жарга такалган абалды жоюш үчүн Европалык коомчулуктун гуманитардык жардам берүү бюросу Анкарага өз өкүлүн жөнөтүүнү пландап жатат, ал ошол жакта мыкты координациялоону камсыз кылыш үчүн алты ай бою иштемекчи.

Түркиянын «ачык эшик» саясаты
2011-жылы май айында Түркияга алгачкы сириялык качкындар келе баштаганда Түркия ачык эшик саясатын кабыл алган. Анкара азыркы агымга карабай жагдай көзөмөлдө болуп турган кезге чейин бул саясатты уланта берерин билдирди. Түркия көптөн бери эле Сириянын ичине коопсуз аймактарды түзүүгө үндөп келет, бирок бул сунуш эл аралык колдоого ээ болгон жок.
Түркия Сирия менен 904 чакырым узундуктагы чегараны бойлото 100 миң сириялык качкынга 14 лагерде башпаанек берүүдө. Азыркы учурда Анкара 200 миллиондон ашык еврону сириялык качкындарга башпаанек жана гуманитардык жардам бериш үчүн коротту. Өзүн аймактагы ишенимдүү жана таасирдүү мамлекет катары эсептеген Түркия эл аралык коомчулуктан жардам сурагысы келген эмес. Бирок эми качкындардын агымы көбөйгөн кезде Анкара өз түйшүгүн жеңилдетүүгө колунан келген аракет жасатууга европалыктарды көндүрө албай аткан кези.
Саясий жана юридикалык тоскоолдуктардан тышкары, Евробиримдик менен Түркиянын ортосундагы алда канча тыгыз кызматташтыкка Гуманитардык жардам фонду (IHH) деп аталган исламчыл багыттагы өкмөттөн эркин уюмунун ролу дагы жолтоо болуп жатат.

Радикалдуу топтор түйшөлтүүдө
IHH чегарадагы областтарга жана согуш болуп жаткан Сириянын шаарларына гуманитардык жардам көрсөтөт. IHH фондунун исламдык теги бар куралдуу оппозициялык топтор менен болгон байланышы Батыш дипломаттарынан арасында күмөн жаратты.
Түркиянын өкмөтү менен дагы тыгыз кызматташкан уюм 2010-жылы Газа тилкесиндеги Израил бөгөтүн жардырыш үчүн флотилияны каржыланган соң, коомчулуктун көңүлүн бурду. Израиль аскерлери «Mavi Marmara» кемесине чабуул кое баштаган кезде алар Түркиянын курч чыңалуусун пайда кылган тогуз активистти өлтүрүшкөн.
Мындан тышкары европалык аткаминерлер түрк-сирия чегарасында жайгашкан качкындар лагеринин коопсуздугуна тынчсызданып жатышат. Азырынча Түркиянын жетекчилиги жана БУУнун качкындар иштери боюнча агенттиги кызматташып турганда бул лагерлерди өкмөт көзөмөлдөйт. Түрк оппозициясынын башчылары «бул лагерлердин айрымдары Сириянын оппозициясын машыктырууда пайдаланылып жатат» деп белгилешүүдө.

Кышка даяр эмес
Ар кандай кабатыр ойлорго карабай, Батыш аткаминерлери Түркиянын 100 миңден ашык качкындарга 14 лагер берүүдөгү ийгилигин баалап жатышат. Бирок кыш келе жатканына байланыштуу Түркия үчүн кышка ылайык турак-жай берүү кыйынга турат. Түркиянын батирлери менен мейманкаларында жашап жаткан 70 миң катталбаган сириялык качкындын келечеги дагы белгисиз бойдон турат.
Укук коргоо уюумдарынын айтымында, 150 миңдей сириялыктар Алепподон кетишти жана дагы миңдей киши жакын арада Түркияга келиши мүмкүн. Түркия азырынча качкындарды жайгаштыруу боюнча башка мамлекеттерден расмий жардам сурай элек. Көп нерсе келе жаткан жумалардагы окуялардан көз каранды болмокчу.
Кыязы ,европалык аткаминерлер жагдай начарлап кетсе, сириялык иммигранттар Евробиримдикке мыйзамсыз кирүүгө аракет кылат деп чочулап жатышат окшойт. Түркиянын коңшулары болгон Болгария менен Греция, ошондой эле Кипр сириялык иммигранттардын маселеси менен бет келишти. Азыркы учурда Европада Сириядан барган 15 миң качкын бар.

Айхан Шимшек
«Deutsche Welle», 16-декабрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Түркия сириялык качкындар Айхан Шимшек
Другие материалы раздела:
Комментарии
бмв


Публикации Авторов:

14.06.2019
"Stanradar"
Какие подарки получил Кыргызстан накануне саммита ШОС

13.06.2019
"Fergahana.News"
В Ташкенте при поддержке США начался форум CAMCA об освоении Центральной Азии

13.06.2019
"CA News"
Племена Центральной Азии использовали марихуану во время ритуалов около 2500 лет назад

11.06.2019
Y.Roks (NG)
Второму президенту Казахстана досталось не такое уж и сказочное наследство

10.06.2019
"CAmonitor.kz"
Высокий износ энергетических мощностей сохраняется в Казахстане

09.06.2019
"Kapital.kz"
UPD: Задержаны 500 человек в Нур-Султане и Алматы

07.06.2019
V.Prohvatilov, Zk.kz
США усиливают давление на Казахстан через подконтрольные НПО и СМИ

04.06.2019
S.Voronov, NG
Казахстан: выбор есть!

03.06.2019
"Kazakhstan2.0"
Назарбаева vs Кулибаев: война за активы

31.05.2019
V.Panfilova, NG
Беглый президент мобилизует кыргызских трудовых мигрантов

29.05.2019
"Nezavisimaya gazeta"
В ЕАЭС из Назарбаева надеются "выжать" еще много положительного

26.05.2019
A.Hodasevich, NG
Белоруссия и Казахстан договорились по поставкам нефти

22.05.2019
Sh.Abdulhasanov (Polit - Asia)
Трудовая миграция − панацея для Центральной Азии

22.05.2019
V.Panfilova, NG
Евросоюз изменит подход к странам ЦA

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней