Балдардын ордуна Өзбекстанда эми кызматкерлер пахта терип жатышат
среда, 17 октября 2012 г. 10:20:26
Өзбекстандын жетекчилиги врачтар менен медайымдарды пахта терүүгө аргасыз кылды

Балдардын эмгегин пайдаланып жатканына нааразылык катары өзбек пахтасына «H & M», «Adidas» менен «Marks and Spencer» сыяктуу айрым эл аралык кийим тигүүчүлөр бойкот жарыяланган соң, быйыл көпчүлүк өзбек балдары кайрадан мектеп партасына олтурууга мүмкүндүк алышты. Алардын ордуна пахта талааларына мекеме кызматкерлери, медайымдар, ал тургай хирургдар жөнөтүлдү.
Мальвина аттуу Ташкенттик клиниканын медайымы Өзбекстандын бийлигине абдан ачууланып жаткан кези. «Мен 50гө чыктым жана астма менен ооруйм. Бизге көп пахта теришиңер керек жана баарын кол менен теришиңер керек дешти. Жана акыр-аягы бизге эч нерсе төлөнгөн жок», - дейт медайым.
Ал 15 күн бою Өзбекстандын айыл райондорунда саламаттык сактоонун башка кызматкерлери менен кошо пахта жыйнап жаңы эле кайтып келген экен. Бул чыны менен эле оор болуп, жумуш стажысына карабай эч ким пахта жыйноодон кача алган жок. «Кээ бир кишилер биз менен кошо талаада иштеп жаткан хирургга чалышты», - деп кошумчалады ал. «Чалган кишилер: «Бир жума мурда мага операция жасагансыз, эми менин денем ысып жатат. Эмне кылышым керек?» деп сурап жатышты», - дейт 50 жаштагы медайым.
Өзбекстан дүйнөдө өлкөнүн экономикасын кармап турган пахта жана айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүү боюнча алдыңкы орунда. Өзбекстандын экономикасы Советтер Союзунун маалындагыдай эле «талаадагы бардык түшүм тезирээк жыйналсын» деп өндүрүштү көзөмөлдөп турат жана квота бөлөт.
Түшүм жыйноо маалында балдарды мажбурлап иштетүүнү колдонуу тууралуу баяндамалар көптөгөн компанияларды - анын ичинде H&M, «Marks and Spencer» менен «Tesco»ну өзбек пахтасынан баш тартууга жана жаңы камсыздоочуларды издөөгө аргасыз кылды.
Быйылкы жылдын башында Өзбекстандын өкмөт башчысы Шавкат Мирзияев балдарды пахта талааларында иштетүүгө тыюу салган жарлык чыгарган. Ошого карабай, көптөгөн чоңдор, мугалимдер, пол жуугучтар жана кызматчылар октябрдан ноябрга чейин айыл чарба жумуштарына барууга аргасыз болуп жатышат. Быйыл былтыркыдай эле медициналык кызматкерлерге пахта жыйноого кошулууга буйрук беришкен. Оорулууларды алардын дарыгерлери пахта жыйнап жаткандыктан үйлөрүнө кайра кетирип жатат деген маалыматтар бар.
Башка эл аралык ММКлардай эле BBCге Өзбекстан тууралуу жаңылыктарды кабарлоого тыюу салынган. Коопсуздугун сакташ үчүн аты-жөнү өзгөртүлгөн медайым Мальвина бизге былтыртан тартып өзбек бийлиги өлкөнүн ар бир районунан пахта талааларына иштетиш үчүн 330 медицина кызматкерин талап кылып жатканын айтып берди.
Андан соң алардын клиникасында ким пахтага бара турганын чечкен жыйын болгон. Тилекке каршы, Мальвинанын астма менен ооруганы аны пахта талаасында иштөөдөн сактап кала алган жок. «Меджумушчулардын иштебегенге ар кандай себептери бар болчу - кыр аркасы ооруп же болбосо кан басым жогору же дагы бир нерсе дегендей. Башкы врач оорулардын бардык тизмесин уккандан соң: «Токтоткула. Менин уккум келбейт. Кош бойлуу аялдардан жана эмчек эмизген баласы барлардан тышкары баарыңар барасыңар.Талаага баруудан баш тарткандар жумуштан бошотулат» деп айтты», - дейт Мальвина.
Мальвинанын айтымында, аларды эртен мененки саат 4ттө ойготушчу, анткени алар жумуш ордуна барыш үчүн бир саат керек эле. Жумуш болжол менен кечки алтыларда аяктай турган. «Күн сайын биз 60 килограмм пахта терчүбүз. Эгерде биз норманы аткара албасак, калганын жергиликтүү жашоочулардан сатып алууга туура келчү», - дейт ал.
Мальвинага жана клиникадагы анын кесиптештерине мектепке жайгашууну сунушташкан, бирок ал жакта орун жок калыптыр. Акыр-аягы алар өздөрүнө үй жалдашты. Ошондой эле алар жергиликтүү мончого киргени үчүн акча төлөшкөн.
Көптөгөн өзбектерге пахта жыйноо мезгили абдан көп күч келтирет. Атын атагысы келбеген Самарканд областынын колледжинин окутуучусу бизге быйыл ал ооругандыктан пахта жыйноого бара албаганын айтты.
«Мен ордума пахта териш үчүн киши таап, ага 100 доллар төлөп бердим», - дейт ал. «Андан соң колледжде бир айлык эмгек акымды кармап калышты. Мага менин бир айлык акым жумушчулардын жашоосуна жана тамак-ашына кетет деп айтышты - ошентип мен дагы 200 доллар жоготтум», - деп кошумчалады ал. Бирок ал быйыл мектеп окуучуларын аяшканына жана алардын билим алышына мүмкүндүк берилгенине кубанып жатат.
Ташкенттик укук коргоочу Елена Урлаева бүт өлкө боюнча кыдырып, адам укуктарынын бузулушун каттайт. Ал жумушчу күчүнүн жетишсиздигин толтуруш үчүн жумушка балдарды тарткан бир нече учурду белгиледи.
Өзбек бийлиги мурдагыдай эле BBCнин кабарчылары менен пахта жыйноо боюнча талкуудан качат, ал эми бир аз мурда өкмөттүк веб-сайттардын биринде быйыл пахта жыйноого балдар катышпай турганы айтылды. Жарлыкка ылайык, 15 жашка жетпеген жана мектепти бүтө электер бала деп эсептелет. Жогоруда көрсөтүлгөн жаштан улуу студенттерди түшүмдү жыйнаш үчүн автобустар менен алып кетишет, ал эми бардык колледждер менен университеттер эшиктерин жапты. Урлаеванын тастыктаганы боюнча, студенттер пахта жыйнаш үчүн абдан эле жаш.
«Алар дагы эле балдар, алардын айрымдары ооруп калышат, анткени шарттар абдан катаал. Алар ошондой эле сууктан жана жакшы тамактын жоктугунан ооруп калышат», - деп белгиледи укук коргоочу. Ал өзүнүн оорулуу балдарын пахта талааларынан алып кетүүгө аракет кылган ата-энелердин балдары окуу мекемелеринен кууп жиберүү коркунучуна кабылышат деп тастыктайт.
Бойкотту уюштуруучуларын бири жана «Responsible Sourcing Network» тобунун өкүлү өзбек өкмөтү азыр эч нерсе жасабаганын белгиледи. «Өзбекстандын өкмөтү биздин бойкотубузду токтотуш үчүн биздин шарттардын бирин аткарышы керек – башкача айтканда Эл аралык эмгек уюмунун өкүлдөрүн өлкөдөгү жагдайды байкаш үчүн чакырышы зарыл», - деп билдирди «Пахта» программасынын менеджери Валентина Гарни. «Биздин бекем турганыбызга карабай, андай болгон жок», - деп белгиледи ал. «Мажбулап иштеткен эмгек дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде байкалат, бирок бир гана Өзбекстанда өкмөт мажбурлап иштетүүнү уюштуруунун бардык жоопкерчилигин алат», - дейт Гарни.
Пахта боюнча эл аралык консультациялык кеңештин берген маалыматына таянсак, Өзбекстандын үлүшүнө дүйнөлүк пахта өндүрүшүнүн 4 пайызга жакыны, ал эми дүйнөлүк пахта экспортунун 10 пайызга жакыны туура келет. Ошол эле маалда пахта Өзбекстандын жалпы экспортунун көлөмүнүн 45 пайызга жакынын түзөт. Көптөгөн жылдар бою «ак алтын» Өзбекстанда маанилүү маданий баалуулук катары эсептелип келген. Эрте жашынан баштап эле өзбектер пахта терим маалын чыдамсыздык менен күтүшөт. Пахта терүү аларга өз өлкөсүнүн гүлдөп өнүгүшү үчүн салым кошууга мүмкүндүк берет.
Мальвина үчүн бул сезон акыркы эмес, себеби анын клиникасы пахта фермасы менен жакынкы беш жылга келишим түзгөн.

Ибрат Сафо менен Вилиям Кремер
BBC, 16-октябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Өзбекстан пахта Мальвина
Другие материалы раздела:
Комментарии
автогид бишкек


Публикации Авторов:

13.11.2019
"EADaily"
Узбекистан покинул тройку мировых лидеров по экспорту хурмы

11.11.2019
"RIA Novosti"
Эксперты рассказали о взаимодействии России и Китая в Азии

11.11.2019
"TASS"
Макрон заявил о готовности решать проблемы Центральной Азии со всеми странами региона

11.11.2019
"Haqqin.az"
Резиденция президента Казахстана осталась без света

06.11.2019
"Haqqin.az"
Таджикистан задумал передать Узбекистану территорию с золотом

01.11.2019
"LSM.kz"
Казахстан поставил ультиматум странам ЕАЭС

01.11.2019
V.Panfilova, NG
Пекин осваивает Горный Бадахшан

30.10.2019
J.Lillis, EN
Кто же все-таки лидер нации в Казахстане?

24.10.2019
K.Karabekov, Ъ
Дело экс-президента Кыргызстана рассмотрят конституционно

24.10.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Туркменский газопровод берут под охрану афганские военные

23.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев возвращает свои полномочия

18.10.2019
A.Saruar (LSM.kz)
Казахстан проиграл всем странам ЕАЭС во взаимной торговле

16.10.2019
"CentrAsia"
Вернут ли Жээнбеков и Трамп американскую военную базу в Кыргызстан?

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней