Афганистандан коалициянын аскерлери чыгып кеткенден кийин көптөгөн балдар мектепке бара албай калат
четверг, 18 октября 2012 г. 13:27:25
Британиянын кайрымдуулук уюмунун башчысы 5 миллион афган балдары мурдагыдай эле билим ала албай жатканын тастыктайт

Афганистанда иштеп жактан Британиянын кайрымдуулук уюмунун башчысы Афганистанда жетишилген бардык прогресстерге карабай, 5 миллион бала мурдагыдай эле билим ала албай жатканын айтат. Ошондой эле кайрымдуулук уюмунун башчысы Афганистандан альянстын аскерлери чыгарылып кеткен соң, бул балдар баштапкы билим алууга кандайдыр бир мүмкүнчүлүгү жок калаары тууралуу тынчсызданганын айтат.
40 миң афган балдарынын билим ала башташына жардам берген «Afghan Connection» кайрымдуулук уюмунун башчысы Сара Фейн Афганистандын келечеги тууралуу кабатырланганын билдирди. Фейн эл аралык кайрымдуулук уюмдары «2014-жылы Афганистандан коалициянын аскерлери чыгарылып кеткен соң эл аралык коомчулуктун бул мамлекетке болгон кызыгуусу азаят» деп чочулап жатышканын айтат.
Фейн Голливуддун Мерил Стрип жана Энн Хэтэуэй сыяктуу жылдыздарынын маалыматын жогорулатуу боюнча дүйнөлүк өнөктүктөргө катышкан, ошондой эле ал акыркы он жылдыгын Афганистандагы балдардын сабатсыздыгы менен күрөшүүгө арнаган. Ал «эл аралык коомчулуктун катышуусу болмоюнча согуштан алсыраган өлкөдөгү жакшыруу абдан эле жай болмок» деп эсептейт.
Анын айтымында, «Талибан» кыймылы башкарып турган учурда Афганистан «үмүтсүз жер» болчу. 2002-жылы ал «Afghan Connection» кайрымдуулук уюмун түзгөн жана жеке донорлор менен эл аралык коомчулуктун жардамы аркылуу ал өлкөдө жалпы жонунан 36 мектепти курууга жетишкен.
Азыркы учурда кайрымдуулук уюму салыштырмалуу коопсуз деп эсептелген жана жергиликтүү коомдор өз балдарынын билим алуусуна аракет кылган түндүк-чыгыштагы Ворсаж районунун мектептеринин курулушуна өзгөчө көңүл буруп жатат. Бирок ал кайрымдуулук уюму ресурстарга муктаж.
Азыркы учурда Афганистанда билим берүү тармагында сезилерлик жакшыруу байкалууда. Талибдердин режими кулаган 2001-жылга чейин афган мектептеринде бир миллионго бала жана болгону 5 миң кыз билим алышкан. Бирок интервенциядан кийин бул сан 8 миллион бала жана 3 миллион кызга чейин көбөйдү.
Бирок 5 миллион бала – алар болжол менен афган балдарынын 42 пайызын түзөт - мурдагыдай эле билим ала албайт жатышат. Британ кайрымдуулук уюмунун башчысы Афганистандан эл аралык күчтөр кеткен соң «Афганистандын келечек муунуна чоң коркунуч келет» деп алдын ала эскертет.
Фейн 1989-жылы Советтер Союзу аскерин алып чыгып кеткенден кийинки согуштан талкаланган Афганистан тууралуу эскерди. Анын айтымында, туруктуу инфраструктуранын ордуна эл колунда курал жана бийликтин боштугу менен кала турган тааныш сценарийдин кайра кайталанып кетиши мүмкүн жана азыркы учурда мындай келечек көптөгөн афгандыктарды коркутуп жатат.
Өткөн айда «Express Tribune» менен болгон маегинде «Талибан» кыймылынын мурдагы каржы министри Мулла Ага Ян Мутасим жарандык согуш башталып кетиши ыктымал экенин айтты. Анын пикиринде, эгерде афгандыктар өткөндөн ачуу сабак алышпаса, өз ара түшүнүшүүгө келе алышпайт жана ал сценарийден качууга мүмкүн эмес.
Ошого карабай, согуштан кийинки Афганистандын келечегиндеги тынчтык сүйлөшүүлөрү жана келечек муунга курал эмес, билим берүү Афганистанда жарандык согуштун башталышынын мүмкүндүгүн азайтышы жана коопсуздукту камсыз кылышы мүмкүн.
Афганистандагы жагдайды жакшыртуунун өзөгүндө бул өлкөнүн кыздарга билим берүүдө маанилүү роль ойной турган аял мугалимдердин жетишсиздиги боюнча маселени чечүүгө умтулуп жаткан Билим берүү министрлиги жатат.Ошондой эле учурда он эсе көбөйгөн окуу борборлору аталган жетишкендиктин ажырагыс бөлүгү болушу мүмкүн.
Бирок мектептерде окуучу кыздардын жана мугалим аялдардын көбөйгөнүнө карабай, коопсуздук маселеси мурдагыдай эле түйшөлтүүдө. Апрелде Тахар провинциясында суунун ууланышынан улам 100дөн ашуун кыздар менен мугалимдер бейтапканага жаткырылган, ал эми июлда жоочулар Герат провинциясындагы мектепти өрттөп жиберишкен.
Ар түрдүү коркунучтарга карабай, Фейн окуп жаткандардын коопсуздугун камсыз кылууда болгон күч аракетин жумшап жатат жана жергиликтүү жамааттар мектептерди сактап калышка жардам бериш үчүн жер жана көмөк сунуш кылышууда. 2010-жылы тогуз айдын ичинде жергиликтүү жамааттар козголоңчулардын аракетинен улам жабылып же бузулуп калган 220 мектепти ачууга жардам беришкен.
Жамааттардын бардык өтүнүчтөрүнүн арасынан кайрымдуулук уюму болгону мектептерди гана куруп бере алат, анткени Фейндин пикири боюнча ал мектептердин коопсуздугун сактоо коомдун өздөрүнүн кызыкчылыгында болушу керек. Аталар жана күйөөлөр кыздары менен аялдарынын билимдүү болушунан экономикалык артыкчылыкты көрө баштаган маданий ыкмалардын өзгөчөлүктөрү «Afghan Connection» сыяктуу кайрымдуулук уюмдарынын башка областтарда иштешине мүмкүндүк берет. Фейн анын уюму мектептерди куруп жактан Ворсаж коңшулаш айылдар менен шаарларга мисал болот деп үмүттөнөт.
«Миңдеген адамдар мага ыраазылык билдирип жатышат, ал эми башка өрөөндөн кимдир-бирөө келип биз курган мектепти карап: «Бизге сиздин жардам керек, бизге дагы ушундай мектеп керек», деп айтат. Акча болгон кезде биз баарына жардам бере алабыз. Бирок британ күчтөрүнүн кетишине бир жыл калгандыктан, өкмөттөн эркин уюмдар болуп көрбөгөндөй кысымды сезип жатышат жана дүйнө Афганистан тууралуу унута элегинде эл аралык коомчулуктун кызыкчылыгын пайда кылып, каражат алууга аракет кылып жатабыз», - дейт Фейн.
«Афганистанга билим зарыл, бирок баары барып акчага такалат жана буга окшогон маселени чечиш үчүн көп күч-аракет жана убакыт талап кылынат. Тез чечимдер жок, бирок мен оптимисттик көз караштамын. Афган мектебиндеги баланын жылдык окуусу болгону 60 долларга барабар экенин эске алганда, мен биз 5 миллион афган балдарына татыктуу билим бере албай кылышыбызга эч кандай себеп жок деп эсептейм», - деп кошумчалады Фейн.

Хаджар Райт
«Independent», 16-октябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Афганистан мектеп коалиция Сара Фейн
Другие материалы раздела:
Комментарии
хонда


Публикации Авторов:

18.10.2019
A.Saruar (LSM.kz)
Казахстан проиграл всем странам ЕАЭС во взаимной торговле

16.10.2019
"CentrAsia"
Вернут ли Жээнбеков и Трамп американскую военную базу в Кыргызстан?

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней