Каракол - туристтер үчүн бейиш
среда, 17 октября 2012 г. 9:59:04
«Каракол» тоо лыжа базасы: Кыргызстандагы эң мыкты кышкы курорт

Мурдагы Советтер Союзунан калган тоо лыжа базасына келгиле
Эгерде сиз кезектеги чет элдик эс алууңуздун маалында лыжа тээп ырахаттанууну кааласаңыз, бирок акчаныз жетишей турса, Кыргызстан сиз үчүн идеалдуу орун болуп калышы мүмкүн.
Кыргызстандагы эң мыкты тоо-лыжа курорту Каракол шаарында жайгашкан. Бул салыштырмалуу чоң шаар Кыргызстандын белгилүү туристтик жайы болгон Ысык-Көлүнөн анча алыс эмес жерде жайгашкан. «Ski-Karakol.com» веб-сайтынын берген маалыматына таянсак, Советтер Союзунун маалынан бери эле «Каракол тоо-лыжа базасы спортчу-олимпиадачылар үчүн машыгуучу база катары колдонулчу. Курорттун өзү Каракол шаарынын борборунан болжол менен 7 чакырым жерде жайгашкан.

Бул тоо тууралуу
«Каракол» тоо лыжа базасынын деңиз деңгээлинен 3450 метр бийиктикте жайгашкан эң бийик лыжа каттамына чейин атайын техниканын жардамы менен чыгууга болот. Калган бардык каттамдын баары базадан анча алыс эмес жерлерде, 2300 метр бийиктикте жайгашкан. Трассадан тышкары лыжа тебүүгө орто жана алдыңкы деңгээлде көп мүмкүнчүлүктөр берилет, ошондой эле базада татаал каттамдар бар. Бирок жаңы үйрөнчүктөр үчүн «Каракол» базасы бир аз коркунучтуу болушу мүмкүн.

Кантип чыгууга болот?
Кыргызстандын борбору Бишкек шаарына учуп келүү жана Каракол шаарына автобус менен баруу, сөз жок, эң жеңил десек болот. Эгерде сиздер тоо-лыжа базасына бараткан маалда бир аз болсо да тынчтыкты кааласаңыз, анда сиз жеке унаа же болбосо анча чоң эмес бус жалдап алсаңыз болот, бирок түнкү автобус сиз үчүн эң арзан жана жөнөкөй вариант болуп саналат. Бул өлкөгө Батыш маданияты тийген эмес жана Кыргызстанда абдан көп кооз жайлар бар, бирок ал коопсуз эмес. Жолдор тайгак болуп калышы мүмкүн, автобустар дайыма эле ишенимдүү эмес, ал эми кээде карактоого дагы туш болуп калышыңыз ыктымал. «Маалыматы бар - демек куралы бар» деген кеп бар эмеспи. Жана бул маалымат сизге кандайдыр бир олуттуу кыйынчылыктан качыш үчүн жардамы тийип калышы мүмкүн.

Кайсы жерге токтош керек?
Караколдо абдан көп мейманканалар менен батирлер бар, аны суткасына болгону 10 долларга ижарага алса болот. Жогорку класстагы турак-жайды кымбатыраак баага табышыңыз мүмкүн, бирок Каракол шаарында абдан эле кымбат баалуу номер табам деп ойлобоңуз. Кыязы сиз Кыргызстан - бул Колорадо штаты эмес экенин түшүнгөнүңүздө, күткөндөрүңүздүн баарын актап жиберүүгө болот.
Тоонун боорунда жайгашкан конок үйү бир аз кымбатыраак, бирок номерлер менен коттеждер чыны менен коротулган акчага татыктуу. «Каракол» тоо-лыжа базасынын отелинде эс алуунун кошумча артыкчылыгы - ойгоно калып эле конок үйүнөн анча алыс эмес жерден башталган башкы тоо лыжа базасына бара калышыңызда.

Баалары
Эгерде бул маалыматтар Каракол шаары жана аны менен аты уйкаш тоо-лыжа базасы тууралуу бейишти элестетпей жатса, аркан жолунун билетинин баасы бул маанайды өзгөртүшү мүмкүн. Бир күндүк абонементти болжол менен 20 долларга сатып алса болот, ал эми жарым күндүк абонемент 5 доллар турат. Эгерде сиз бир апта бою лыжа тепкиңиз келсе, анда болгону 140 доллар керектелет.
Лыжа менен сноуборддун ижарасы үчүн кошумча 10-20 доллар зарыл. Эгерде жеке жабдууларыңыз менен барбай коюну чечсеңиз, тоо-лыжа базасындагы жогорку классттагы жабдуулар чын эле баалуу экенин сизди тынчтандырмакчы.
Эгерде сиз кышкы эс алууңуздун маалында арзан эс алгыңыз келсе анда Кыргызстандын Каракол шаары менен ага аты уйкаш базадан башка эч нерсени издебей деле койсоңуз болот.

Б.Л. Кинг
«Yahoo!», 16-октябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Теги: Каракол туристтер Б.Л. Кинг
Похожие материалы:
Другие материалы раздела:
Комментарии
авто из киргизии


Публикации Авторов:

18.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Туркменистан избавляется от русского языка

16.09.2020
V.Panfilova, NG
Ашхабад предлагает Кабулу площадку для мирных переговоров

15.09.2020
"Kabar.kg"
Кыргызстан суверенное государство - остальное это говорильня

15.09.2020
"Ritm EurAsia"
На территории ЕАЭС введут систему полной прослеживаемости товаров

14.09.2020
"IA-Center"
Будущее Казахстана в Беларусском зеркале

14.09.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстану угрожает рост протестных настроений после выборов

11.09.2020
E.Pogrebnyak, Vzd
«Белорусский майдан» созревает в еще одном осколке СССР

09.09.2020
"Ritmeurasia"
Узбекистан пересмотрел свое отношение к ЕАЭС

07.09.2020
"Ritmeurasia"
Президент Кыргызстана не стал подписывать закон, где говорится о коррупционерах

04.09.2020
"Ritmeurasia"
ЕЭК изучит ситуацию по прекращению Казахстаном поставок металлического лома в Россию

03.09.2020
"Eurasianet"
Китай, возможно, хочет открыть новые военные базы в Таджикистане, утверждает Пентагон

02.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Бердымухамедову предлагают уйти по-хорошему

01.09.2020
G.Alekseenko (Afganistan.ru)
Центральная Азия стала спасательным кругом для мирных афганцев

01.09.2020
V.Panfilova, NG
Страны бывшего СССР создают новый консультативный альянс – без России

30.08.2020
"Gazeta.uz"
«Накинули на голову мешок и забрали на вертолете» — отец блогера из Соха

28.08.2020
K.Mami, NG
Казахстанский конституционализм: опыт и перспективы

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней