Сириянын жүргүнчү учагы Түркиянын жетекчилигине шектүү болуп көрүндү
суббота, 13 октября 2012 г. 11:17:13
Түркия Сириянын учагын кайтарып, аны Анкарага конууга аргасыз кылды

Түркия «Москвадан учкан жүргүнчү учактын бортунда Дамаски үчүн жөнөтүлгөн оор курал-жарак табылды» деп тастыктап жатат.
Тиешелүү кызматчылар менен ММК берген кабарларга таянсак, түрк уруш учактары Сириянын жүргүнчү учагын Анкаранын аэропортуна конууга аргасыз кылган, себеби түрк тараптын шектенүүсүнө караганда бул учактын бортунда курал бар болчу.
TRT түрк телеканалы шаршемби күнү Москвадан Дамаскиге учкан «Airbus A320» учагы түрк уруш учактары тарабынан кармалганын маалымдады. Ошондой эле телеканалдын кабарлашына караганда, учак Түркиянын аба мейкиндигинен өткөндө кармалган жана Түркиянын баш калаасындагы «Эсенбога» аэропортуна коштолуп келген.
Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу «учактын бортунда жарандык эмес жүк бар» деген маалыматтан улам учкучтарды түрк аэропортуна конууну өтүнүшкөнүн билдирди.
Афинден TRT телеканалы менен болгон маегинде Давутоглу Түркия башка өлкөлөр менен катар «аскердик материалдарды тартып баратат» деп шектелген жарандык учактарды токтото ала турган эл аралык мыйзамга ылайык иш алып барганын билдирди.
Бул окуя өткөн аптада тынчы жок чегарада бири-бирин артиллерия менен аткан Түркия менен Сириянын ортосундагы мамилелер курчуп жаткан маалда болуп олтурат. Менчик NTV телекомпаниясы учактын бортунда 35 жүргүнчү болгонун кабарлады.

Сириянын үстүндөгү «кооптуу» аба мейкиндиги
Буга байланыштуу түрк бийлиги Сириянын аба мейкиндиги «кооптуу» деп жарыялады. Ошондой эле жарлыкка ылайык, жарандык согуш кучагына алган өлкөнүн үстүнөн учкан түрк учактары токтотулду. TRT телеканалы Сауд Арабиясына учуп кеткен түрк учагы шаршемби күнү кайра айланып түрк аэропортуна конгонун маалымдады.
Ага чейин ошол эле күнү түрк армиясынын башчысы Түркия мындан ары Сирия тараптан ок атылган кандай кана чабуул болбосун катуу жооп узатаарын билдирген. НАТО Түркияны коргоого даяр экенин айткан күндүн эртеси бул мамлекет өзүнүн түштүктөгү коңшусуна басым кылууну улантты.
Генерал Недждет Озел Сирия менен чегаранын 910-чакырымын бойлото аскердик нөөмөткө коюлган аскерлер менен жолугушту. Эки өлкөнүн ортосундагы чегарада бир апта бою тараптар бири-бирин артиллериядан жана минемёттон аткылап жатканы байкалды жана бул Түркия менен Сириянын ортосундагы чыңалуунун күчөп кетишине себеп болду. Өз кезегинде эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин начарлашы «чоңураак аймакты камтыган чатак башталышы мүмкүн» деген коркунучтарды күчөттү.
Түркия чегараны артиллериялык куралдар менен чыңдады, мындан тышкары өткөн аптада Сирия тараптан атылган октон беш түрк жараны курман болгон, чегарадан анча алыс эмес жайгашкан аба базасында аскер учактарынын санын көбөйттү. «Биз жооп кайтардык жана эгерде дагы аткылоо боло турган болсо, биз дагы күчөнүп жооп кайтарабыз», - деп билдирди генерал Озел Акчакал шаарына барганда «Dogan» агенттиги менен болгон маегинде.
Бул окуя шаршемби күнү бүт өлкө боюнча сириялык режимдин күчтөрү менен оппозициянын жоочуларынын согушу уланып жаткан маалда болду. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Асаддын режимин ок атууну бир тараптуу токтотуу тууралуу жарыялоого чакырды. Өз кезегинде Сирия БУУнун башчысынын талабын аткаруудан баш тартты.

«Al Jazeera», 12-октябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Сирия Түркия учак
Другие материалы раздела:
Комментарии
авто бишкек рынок


Публикации Авторов:

17.01.2020
"Intrefax"
На переговорах Мирзиёева в Кремле присоединение Узбекистана к ЕАЭС будет одним из главных вопросов

13.01.2020
A.Groshev, Vesti.uz
Почему И.Каримов пожертвовал своей дочерью

10.01.2020
"Eurasia.expert"
Кыргызстан примет меры по устранению заторов на казахстанской границе

08.01.2020
"Zakon.kz"
Возможна ли Третья мировая война из-за эскалации конфликта на Ближнем востоке

08.01.2020
G.Gracheva, NG
Президент Казахстана ужесточил наказания за общественно опасные преступления, как и обещал перед выборами

30.12.2019
"Ferghana"
Самые громкие события, которые случились с мигрантами в России в 2019 году

25.12.2019
K.Krivosheev, A.Vinokurov, Ъ
Узбекские выборы отошли от традиции

24.12.2019
Y.Roks, V.Panfilova, NG
Ташкенту предстоит усилить парламент

23.12.2019
"Asia +"
Зимний отдых в Центральной Азии: куда ехать кататься на Новый год

20.12.2019
N.Mayorova (Zvezda)
Патрушев: боевики ИГИЛ готовят плацдарм на севере Афганистана для вторжения в Центральную Азию

19.12.2019
"Interfax"
Политики Узбекистана изучают возможность вступления страны в ЕАЭС

19.12.2019
Y.Roks, NG
Кыргызы и таджики Баткена опять сошлись в рукопашной

17.12.2019
"Eurasia.expert"
Советник Токаева прокомментировал заявления о переименовании Алматы

17.12.2019
O.Suharevskaya, Vesti.uz
Средняя Азия: Взрыватели уже тикают

12.12.2019
P.Leonard, EuAs
Узбекистан: выборы оживились, но выбор ограничен

11.12.2019
"Platon.Asia"
Порт Актау присоединится к Региональному форуму по торговле и транспорту

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней