Борбор Азия фильмдеринин фестивалы цензуранын шартында өттү
вторник, 9 октября 2012 г. 21:17:17
Борбор Азия фильмдеринин фестивалы цензуранын шартында өттү

Алма-Ата, Казакстан. Борбор Азия режиссерлорунун кинофестивалы кызып турган маалы. Ошол эле маалда Алма-Ата, Бишкек, Ташкент жана Дүйшөмбүдөгү киносүйүүчүлөр аймактын айрым кинематографисттеринин эмгектерин көрөрү менен киноиндустриядагы каржылоону чектөө жана цензура жөнүндө сөздөр көңүл борборуна айланды.
«Болгону мурдагы Советтер Союзунун өлкөлөрүндө гана ушундай жагдай түзүлдү - бардык кино өндүрүшүн өкмөт гана каржылайт», - дейт Ташкентте өткөн Борборазиялык көз карандылыксыз кино фестивалдын уюштуруучусу Никита Макаренко. «Режиссерлер өкмөт менен мамиле түзүүгө аргасыз. Жана булар жашап кетүүнү каалабаган кишилер», - деп кошумчалады ал.
Өткөн айда Алма-Ата шаарында сегизинчи Евразиялык эл аралык кинофестиваль ачылган. Мүмкүнчүлүгү чектелүү, ошондой эле жетишерлик каражаты жана прокаты болбогон аймактык кинематографисттер үчүн фестиваль өзүнүн пикирлештерин табууга чоң мүмкүнчүлүк берет.
«Эл аралык кинематографисттер менен жолугушуу биз үчүн абдан маанилүү, себеби алар бизге жаңы долбоорлорду колдош үчүн жол табуу жагынан кеңеш бере алышат», - дейт жогоруда аталган кинофестивалда 18-сентябрда көрсөтүлгөн «Телеграмма» аттуу тажик фильминин режиссеру Искандар Усманов. «Тажикстанда каржылоо тууралуу маалыматтар аз», - деп кошумчалады ал.
Тажикстанда Борбор Азиянын башка мамлекеттериндей эле киностудиялар Советтер Союзунун маалында курулган, бирок Союз тарагандан жана жарандык согуштан соң тажик киностудияларынын башына кыйын күн түшкөн. «Биз кинонун көптөгөн кесипкөйлөрүн жоготтук. Көбү жарандык согуштун убагында Тажикстандан кетишти. Анан калса биз каражаты жок калдык. Жарандык согуштан кийин өкмөт өлкөнүн кино өндүрүш тармагын карай албай калды, себеби Тажикстандагы экономикалык жана саясий жагдай жакшы эмес», - дейт Усманов.

Казак фильмдери
Аймактагы эң бай мамлекет болуп эсептелген Казакстан 2008-жылы Алма-Атада жайгашкан өзүнүн киностудиясын жаңылады. Киностудияны жаңылоо өлкөнүн кино өндүрүшүн жаңдандыруу максатында жүргүзүлдү. Ошондой эле келечектен үмүттөндүргөн кинематографисттердин сегиз долбоору тандалып алынып, аларды «Казакфильм» мамлекеттик компаниясы каржылай турган болду.
Тандалма режиссерлордун бири - Адильхан Ержанов. Анын айтымында, ал өз долбооруна дагы эле акча ала элек. Ержанов «азыркы учурда «Казакфильм» өзүнүн бардык көңүлүн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин жашоосуна арналган үчилтиктин экинчи бөлүгүн тартууга буруп жатат», - дейт.
Ержанов «Казакфильмдин» каражатын күтүп олтуруп калган жок, ал өзүнүн бүт көңүлүн айылдык үй-бүлөнүн коррупция менен күрөшүн баяндаган «Курулуш» аттуу башка долбооруна бурду. Азыркы учурда бул тасма тартылып бүтөйүн деп калды.
«Мага Сорос фонду жардам берди. Сорос фондунун колдоосу болбосо мен акча таба алмак эмесмин. Өлкөдө мунайдын акчасы көп жана жетишерлик бай адамдардын табы бар, бирок акча ата-бабаларды мактаган жана Астанада бактылуу жашап жаткандар тууралуу тасмага гана бөлүнөт», - дейт Ержанов.
Быйыл «Казакфильм» «Мын Бала» аттуу тарыхый эпосту прокатка чыгарат. Ал тасмада XVII жана XVIII кылымдарда евразиялык уруулар болгон - жунгарлардын баскынчылыгынан өз мекенин коргогон улан тууралуу романтикалык баяндын фонунда Казакстандын талааларды пайдаланылган.
Мекенчил тематикага карабай, айрымдар «укмуш баян менен жогорку технологияны ширелиштирүү аркылуу «Мын Бала» тасмасы борборазиялык киноиндустриянын жогорураак классынын жаралышы болгон» деп эсептеп жатышат.

Көчмөндөр жана Кыргызстан жөнүндө
Кыргызстандын киносынчысы Гүлбара Төлөмүшова «2008-жылы тартылып, эл аралык фестивалдан өтпөй калган бюджеттүү «Көчмөн» тарыхый казак тасмасына салыштырганда «Мин Бала» тасмасы кесипкөйлүк менен тартылган» деп эсептейт. Ал Кыргызстан мынчалык деңгээлдеги тасма тартууга али артта экенин айтты.
Төлөмүшова акыркы жылдарда Кыргызстанда бир нече мыкты чакан бюджеттүү көркөм тасмалар тартылганын айтты. Бирок ал Россиянын бийлиги менен XX кылымдын башында күрөшкөн тарыхый кыргыз каарманы Курманжан Датканын жашоосу тууралуу тартылган тасманы сынга алды.
Фильмдин бюджети 1 миллион долларга жакын жана каражат 2010-жылы болгон элдик көтөрүлүштүн маалында бийиктен куулган мурдагы президент Курманбек Бакиев менен жеке инвесторлор тарабынан берилген.
««Мын Бала» тасмасы казак режиссерлорунун чоң жетишкендиги болду», - деп айтты Төлөмүшова. «Курманжан» тасмасы «Көчмөн» тасмасына окшош. Тасма абдан жакшы каржыланып тартылган, бирок артисттердин деңгээли төмөн. Кыргызстан «Мын Баланын» деңгээлинде тасма жаратыш үчүн дагы 5-10 жыл талап кылынат», - деп белгиледи ал.
Ошого карабай Кыргызстандын кино өндүрүшү жашап жатат. Кыргызстанда жыл сайын болчу беш фестиваль өтөт, анын ичинде өткөн аптада Бишкекте адам укуктарына арналган «One World Human Rights Festival» болду.

Мамлекет менен искусство
Өткөн жекшемби күнү Өзбекстандын борбору Ташкентте эл аралык «Алтын кабылан» кинофоруму өттү, ушул айдын аягында Тажикстан бешинчи эл аралык «Дидар» кинофестивалын өткөрөт.
Уюштуруучулардын айтымында, «фестиваль демократиялык баалуулуктардын булагы болуп эсептелген Батыш киносу менен сезимдердин терең философиясы менен жогорку этикалык идеяларды чагылдырган Чыгыш киносунун ортосундагы өз ара карым-катышты камсыз кылуу максатында» өттү. Фестивалдын уюштуруучусу - Өзбекстандын президентинин кызы Гүлнара Каримова жетектеген «Өзбекстандын маданият жана искусство форуму».
Ырчы жана модельер Гүлнара Каримова искусствону сүйгөн филантроптун образын түзүүгө аракет кылды, бирок анын кадыр-баркы Өзбекстандагы адам укуктарынын абалы жана анын өзүнүн жеке көмүскө ишкер кызыкчылыктары тууралуу тириукмуш маалыматтар менен булганган.
Айрымдар анын кино тууралуу табитинен шектенишет. «Гүлнара Каримова белгилүү режиссерлорду Өзбекстанга алып келип, өкмөт каржылаган абдан начар тасмаларды көрүш үчүн көп акча бөлөт», - дейт Борборазиялык эркин кино фестивалдын арт-директору Олег Карпов. «Бул Казакстанда өтүп жаткан Евразия кино фестивалы сыяктуу эле курулай мактанган фестиваль», - деп кошумчалады ал.
Биринчи Борбор Азия эркин кинофестивалы июнь айында өтүп, андан Ташкенттин жашоочуларына мамлекеттик кинотеатрлардан сунушталып, өкмөт каржылаган тасмалардан айырмаланган тасмалар көрсөтүлгөн.
«Эркин режиссерлор көп учурда талаш-тартыш жараткан жана Борбор Азиянын өкмөттөрүнө жакпай турган провокациялык тасмаларды тартышат. Биз алардын режисерлору жашап жаткан өлкөдө көрсөтүлбөгөн тасмаларды сунуштайбыз», -дейт Карпов.
Ал быйыл фестивалда өкмөттүк аткаминерлер катышканын, ал эми көрсөтүлгөн тасмалардын көпчүлүгү ар кандай шылтоолор менен акыры тыюу салынганын кошумчалады. Мисалы, Ташкентте жашап жана Гитлердин окшош адам катары иштеген адам тууралуу даректүү тасма улутчулдукка үгүттөө деп бааланган.
Уюштуруучулар болочоктогу кыйынчылыкка даярданып жатабыз дешет. «Биринчи жолу биздин фестиваль өкмөт үчүн күтүүсүз болуп калды. Келерки жолу алар даяр болушат. Мен кийинки жылы өтө турган фестивалдын башталышына чейин алар бизге ар кандай бут тосо башташы мүмкүн деп күтүп жатам», - дейт Карпов.

Руби Рассел
«Washington Times», 8-октябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Борбор Азия фильм фестиваль
Другие материалы раздела:
Комментарии
авто в кыргызстане


Публикации Авторов:

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

30.09.2019
"SNG.Tofay"
Глава МИД Узбекистана призвал взглянуть на Центральную Азию по-другому

27.09.2019
A.Petrov (RG)
Москва - Бишкеку

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней