Анкаранын коркунучтуу амалдары
пятница, 12 октября 2012 г. 13:43:58
Түркиянын тышкы саясаты коркунучтуу багытка ээ болууда

«Жумшак күч» стратегиясынан баш тартуу жана «аскердик опуза» саясатын колдонуу менен Түркия Ирак, Иран жана Россия менен мамилелерин татаалдатып, Сирия менен согушуп кетүү тобокелдигине барчудай болуп турат.
Сириядагы кризистин тереңдеши Түркиянын консервативдүү-ислам өкмөтүн тышкы саясатта алда канча агрессивдүү позицияны ээлөөгө аргасыз кылды жана муну менен «аймакта масштабдуу чатак чыгып кетеби» деген кабатыр ойлорду күчөттү.
Жума күнү Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайип Эрдоган эгерде сириялык армия тараптан дагы чагым болсо, Анкара согушуудан баш тартпай турганын Дамаскиге эскертти. «Биз согушту жакшы көрбөйбүз, бирок согуштан алыс да эмеспиз», - дейт Эрдоган. ««Тынчтыкты кааласаң согушка даяр бол» деген накыл кеп бар».
Эрдоган түрк парламенти зарыл болгон учурда Сирияга каршы аскердик иш-чараларга уруксат берүүчү ыйгарым укукту колдогондун эртеси ушундай эскертүү менен чыкты.
Өткөн аптада түрктөрдүн Аксакал шаарында Сириянын аскерлеринин минемёттон аткылоосунан улам беш киши курман болгон. Бул окуя Түркияда тынчсыздануу менен түшүнбөөчүлүккө алып келди. Ошондон бери түрк аскерлери ок атууга ок атуу менен жооп кайтарууда. Бирок Дамаски «Түркиянын аймагына түшкөн снаряддар ал жакка кокусунан, куралдуу козголоңчуларга каршы аскердик операциялардын маалында атылган» деп ишендирүүдө. Бирок Анкара муну атайылап жасалаган чагым деп эсептейт.

Чатак тереңдеп кетиши ыктымал
Түркия менен Сирия төрт күн бою бири бирин артиллерия менен аткылашты. Жекшемби күнү Анкара чатак тереңдеп кетиши мүмкүн деген коркунучту пайда кылып, өз аскерин Сириянын түштүк чегарасына жайгаштырууну улантты.
Ишемби күнү Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу парламенттин жооп иретинде аткылоо тууралу санкциясы мындан аркы чабуулдарга коркутуу куралы катары каралганын айтты. «Биз бул кадамды согуш баштайлы деп жасаган жокпуз», - деди министр TRT телеканалына. «Мындан кийин Түркияга каршы кандай гана чабуулга болбосун ушундай жооп кайтарылат».
Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, Түркиянын көпчүлүк жашоочулары Сирия менен согушка каршы, ал эми көптөгөн түрк байкоочулары «Түркия дагы, Сирия дагы согушту каалабайт» деп белгилешет. Ошого карабай чегараны бойлото башталып кетиши мүмкүн болгон чатактар кабатарлантып жатат. Анкара Күрдстан жумушчу партиясынын (КЖП) жикчилери жана анын Сириядагы филиалы болгон Демократиялык биримдик партиясы (ДБП) тараптан коркунучтар пайда болсо, чегаралык операцияны баштоого даяр экенин түшүндүрдү.
Эксперттердин пикиринде, Анкаранын тышкы саясатынын өзгөрүшү дагы бир тынчсыздандыруучу окуя болуп болуп эсептелет. Түркиянын Сирияга карата агрессивдүү болуп бараткан позициясы Ирак, Иран, Россия сыяктуу союздаштарынын терең чыңалуусуна алып келиши мүмкүн.

«Кыйынчылык жок» саясатынын кыйрашы
Түркиянын согуш тууралуу эскертүүсү башкаруучу Акыйкат жана өнүгүү партиясынын (АӨП) «жумшак күчтөн» «аскердик опузага» чейинки стратегиясынын тышкы саясат боюнча өзгөрүүсүн көрсөткөн чечкиндүү кадам болуп калды.
АӨПтүн башкаруусундагы акыры 10 жылда Давутоглунун коңшулар менен «кыйынчылык жок» деген стратегиясы Түркиянын тышкы саясатынын негизин түзгөн. Министр айткандай, бул жаңы тышкы саясий турпатта аскердик коркунучтарга орун жок болчу, ал эми негизги курал катары сүйлөшүү жана дипломатия колдонулуп, башкы кызыкчылык катары аймактык кызматташтык алдыга чыкчу.
Сирия АӨПнын жаңы активдүүлүктү жактаган, бир кезде Осмон империясы башкарган аймактагы коңшулар менен тыгыз саясий, экономикалык жана маданий байланыштарга багытталган тышкы саясатында өзүнчө котур таштай болуп келген.
Каршылаштары Давутоглуну «османдык эмес авантюрасы» үчүн сынга алышса, ал кайра алардын сыны үчүн каяша айта турган. Батыштын кысымы АӨПнын репрессиячыл режимдер, анын ичинде Махмуд Ахмадинежад, Муаммар Каддафи жана Башар Ассад сыяктуу эзүүчүлөр менен тыгыз байланыш түзүшүнө тоскоол боло алган эмес.

Зор дымактар жана  катуу көңүл калуу
Түркия өкмөтүнүн негизги багыты Түркиянын таасир тийгизе турган аймагын кеңейтүү болгон. 2011-жылга чейин Түркия менен Сирия жакын достордон болушкан. Давутоглу Батыштын кысымына каршы чыгуу менен Сириядагы режимдин үстүнөн таасир тийгизүү рычагын алууга аракет кылып, Дамаскиге ондогон иш сапарлар менен барган.
«Кыйынчылык жок» саясаты Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгышта болгон араб төңкөрүштөрүнүн маалында коркунучта калды. Түркия өкмөтүнүн аймактык держава жана Жакынкы Чыгышта таасирге ээ болууга багытталган зор дымактары коңшулаш Сирияда улам көбүрөөк коркунучка кептелди.
2011-жылы март айында Сирияда көтөрүлүш башталгандан кийин Түркия абайлаган жүрүштөрдү жасап жана Асадды реформа жүргүзүүгө көндүрүш үчүн аракет кылган. Бирок Асаддын реформа жүргүзүүнү каалабаганы жана армияны нааразы болгондорго каршы колдонгону Түркиянын жетекчилигинин көңүлүн калтырып, түшүнбөстүктү пайда кылды жана 2011-жылдын августунан кийин түрк бийлиги Асаддын режимине каршы кескин позицияны ээледи.
Коңшу мамлекеттерге таасирин жоготуп алуудан корккон Түркия өкмөтү Сириядагы оппозицияга колдоо көрсөтө баштады жана куралдуу оппозициялык топторго жардам сунуш кылды. Бул топтордун арасында «Аль-Каиданын» жоочулары бар экендиги, радикал исламчылар менен жихадчылардын позициясынын бекемделиши Батыш мамлекеттерин тынчсыздандырган башкы жагдай бойдон калууда.

Ирак жана Иран менен чекилешүү
Асадды кулатуу боюнча өз саясатында Түркия суннит көптүгү басымдуулук кылган эки мамлекет - Сауд Арабиясы жана Катар менен өз күчүн бириктирди. Бул шииттик өлкөлөр жана Асаддын жакын союздаштары болуп саналган Иран жана Ирак менен жакын мамилелерге көлөкө түшүрдү.
Эки жыл мурда Түркия өкмөтү Ирандын өзөктүк кризиси боюнча дипломатиялык чечимдерди сунуш кылып, өзөктүк келишимде ортомчу болууга жетишкен. Бирок Сириядагы кризистен соң Ирандын аскер башчылары Түркияны анын Сириядагы саясаты боюнча ачык эле алдын-ала эскертүүсүн улантышууда.
Анкаранын Ирак өкмөтү менен ансыз да чыңалып турган мамилеси ушул айда ого бетер тереңдеп кетиши мүмкүн, анткени түрк өкмөтү аскерин Ирактын түндүгүнө КЖПнын жоочулары менен күрөшкө жөнөтүүгө ниеттенип жатат.

«Кыйынчылык жок» стратегиясынан, достордун жок калышына чейин
Израил менен дагы салкын мамилеге алып келген Давутоглунун карама-каршы саясаты эми оппозиция тараптан эле сынга кабылбастан, АӨКтү көптөн бери колдоп келе жаткан интеллектуалдар тараптан дагы сынга кабылды.
Алардын бири эл аралык мамилелер боюнча профессор Ихсан Даги: «Түркия ката кетирип жатат жана өз коңшулары менен алда канча масштабдуу чатактарга кабылып калышы мүмкүн болгон кооптуу жагдайларга гана тартылбастан, өткөн он жылдыкта жетишкен ички демократиялык ийгиликтерди дагы жоготуп алышы мүмкүн», - деп эскертет.
«Түркия катары биз «жумшак күчтү» четке сүрүп, биздин аймакта аскердик кубатты колдонууга аракет кылып жатабыз», - деп жазды Даги күн сайын чыкчу «Заман» гезитине. «Биз суктана турган өлкө болбой калдык жана баары коркуп турган өлкө болууга умтулдук. Биз ката кетирдик, абдан чоң ката кетирдик».
Давутоглу жана АӨПтүн «кыйынчылыгы жок» стратегиясы Түркиянын салттуу, улуттук жана обочолонгон тышкы саясатына чакырык таштап, тышкы саясатта жаңы активдүүлүктү пайда кылды, бирок так жана оң жыйынтыктарга жете алган жок. Учурда Түркия өз аймагында таптакыр досу жок калып олтурат.
Даги айткандай, Түркия дүйнөлүк саясатта өсүп бараткан держава катары калууда, бирок түрк өкмөтүнүн тышкы саясат боюнча ийгиликсиз аракеттери өлкөнү эмне менен бүтөөрү белгисиз кыйынчылыктарда оор абалга калтырат. «Тагдырдын тамашасы - бүгүнкү күндө Түркиянын эски режиминин утопиясы чыныгы турмушка ашып жатат. Түркия душмандардын курчоосунда калды», - дейт Даги.

Айхан Шимшек
«Deutsche Welle», 7-октябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Түркия тышкы саясат Айхан Шимшек
Другие материалы раздела:
Комментарии
audi


Публикации Авторов:

22.08.2019
V.Panfilova, NG
Криминальная баронесса Узбекистана, возможно, «слишком много знает»...

21.08.2019
"Regnum"
Туркмения намерена нарастить экспорт газа в КНР до 65 млрд кубометров в год

19.08.2019
K.Dementyeva, V.Arapov, Ъ
Таджикистан бежит впереди перевода

16.08.2019
K.Karabekov, Ъ
У экс-президента Кыргызстана прибавилось дел

16.08.2019
V.Panfilova, NG
Оппозиция Казахстана делает ставку на молодежь

15.08.2019
"Rusvesna.su"
СМИ: Раскрыта сеть ЦРУ, готовившая мятеж в Кыргызстане (ФОТО)

15.08.2019
N.Bakenov (CAmonitor.kz)
Казахстан между Западом и Востоком: накануне двух юбилеев

15.08.2019
"EADaily"
Спецпредставитель ЕС и заместитель госсекретаря США приедут в Казахстан

15.08.2019
"Realist"
Битва за Центральную Азию: США не допустят возникновения в Евразии новой сверхдержавы

13.08.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Бердымухамедов предложил построить инновационный город

09.08.2019
V.Panfilova, NG
Атамбаева взяли штурмом

08.08.2019
K.Karabekov, Ъ
Бывший президент Кыргызстана ушел в оборону

07.08.2019
V.Panfilova, NG
В Кыргызстане началась золотая лихорадка

02.08.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Ташкент выдаст Бишкеку $100 млн.

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней