Грузияда Россияны жактаган талапкер жеңишке жетишти
пятница, 5 октября 2012 г. 8:04:26
Грузия үчүн жаңы доор келатат, аткени ал Россия менен жакындашууну каалайт

Бул - грузин демократиясы үчүн даңазалуу, бирок мурдагы Советтер Союзунун өлкөсүн он жылга жакын убактан бери башкарган адам үчүн оор күн.
Стратегиялык жактан маанилүү болгон мурдагы Советтер Союзунун республикасында биринчи жолу бийлик төңкөрүштүн жардамы менен эмес, эркин жана таза шайлоо аркылуу өткөрүлдү.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин 2003-жылы бийликке келген жана өзгөчө таңкалыштуу адам болуп эсептелген Грузиянын президенти Михаил Саакашвили өзүнүн жеңилгенин мойнуна алыш үчүн телевидениеден чыгып сүйлөдү.
Ал шайлоонун алдын-ала жыйынтыктарынан соң Грузиянын парламентинде «Грузин кыялы» коалициясы артыкчылыкка ээ болгонун айтты. Ал ошондой эле жаңы өкмөттү калыптандыруу маалында тоскоолдук кылбаганга убада берди.
Көрүнүп тургандай, анын партиясынын шайлоодо жеңилип калышы ал үчүн оор сокку болду, анткени бул саясатчы бийликке тогуз жыл мурда болгон «розалар ыңкылабы» аркылуу келген.
Авторитаризм менен адам укуктарынын бузулуп жатышы боюнча дооматтар, мындан тышкары грузин абактарында жаткандар адамдык жана жыныстык зомбулукка кабылганы тууралуу өткөн айда пайда болгон тири укмуштай видеокадрлар Саакашвилини грузин калкынын колдоосунан ажыратты.
Саакашвили Грузияны Европа Биримдигинин жана НАТОнун курамына киргизүүнү абдан каалаган тилеги 2008-жылы Грузия менен кыскача согуш жүргүзгөн Россиянын кыжырын абдан кайнаткан. Азыркы учурда Грузиянын жаңы өкмөтү үчүн жогоруда аталган союздарга кирүү анча деле маанилүү эмес.
Грузиянын жаңы өкмөт башчысы келерки жылы Саакашвилинин ыйгарым укуктарынын көп бөлүгү өтө турган, 1990-жылдарда Россияда байлык топтогон 56 жаштагы миллиардер Бидзина Иванишвили болот. Иванишвили өз байлыгын темир кендерин, банктарды, дары-дармек препараттарын иштетүүгө жана кыймылсыз мүлккө жумшаган. Ал Грузиянын кыштактуу батышында чоңойгон.
Азыркы учурда Иванишвили «Forbes» журналынын тизмегинде дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде 153-орунду ээлейт жана анын активдери кичинекей Грузиянын ички дүң өндүрүмүнүн жарымын түзөт. Анын эксцентристтик табити жеке менчик зоопаркында бир нече зебра жана башка экзотикалык жаныбарлар менен кошо кармаган бир нече тоос куштарды жактырат.
Көп миллиондук искусство чыгармаларынын коллекциясы, анын ичинде Пикассо, Гилберт менен Джордждун, ошондой эле Рой Лихтенштейндин эмгектери Лондондун коопсуз жайларында сакталып жатат, ошол эле маалда картиналардын таптак көчүрмөлөрү Грузиянын борбору Тбилисидеги бийик айнек ак сарайга коюлган.
Шайлоо алындагы түйшүктүү жарыш маалында Грузиянын өкмөттүк аткаминерлери аны «Грузияны Россиянын таасир аймагына кайтарыш үчүн Европадан, НАТОдон жана АКШдан жүз бурууну каалап жатат» деп айыпташкан. Ошондой эле сынчылар Иванишвилини «Грузиянын Батышты жактаган жетекчилигин кулатуу максатында Кремлдин кутумуна катышкан» деп күнөөлөшкөн.
Өз кезегинде Иванишвили бул дооматтар калп экенин айткан. CNN булагы менен болгон маегинде ал Москва менен жөн гана бузулган байланыштарды калыбына келтирүүгө аракет кылып жатканын жана Батышка далысын салууга эч кандай ниети жок экенин билдирди.
«Кремль менен болгон мамилелерди калыбына келтирүү - биздин негизги милдетибиз жана биз буга жетиш үчүн колдон келген аракеттерди жасайбыз», - деп айтты ал. «Адегенде биздин НАТО жана Европа боюнча мамилебиздин стратегиясы Россияга коркунуч жаратпаганына жана анын кызыкчылыктары менен карама-каршы келбегенине Кремлди ынандырышыбыз зарыл», - деп кошумчалады ал.
Өз кезегинде Москва көз карандысыз мамлекет катары тааныган жана Грузиянын эки сепаратисттик аймагында дагы эле танктары турган Кремль грузин парламентинин шайлоо маалында унчукпай олтурду.
Эми гана Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев комментарий бере баштады. «Эгерде бул жыйынтыктар иш жүзүнө ашып кала турган болсо грузин саясий ландшафты ар түрдүүрөөк болмокчу», - деди ал россиялык ММКларга. «Биз жаңы өкмөттүн келишине кубанабыз, анткени бул грузин парламентине жоопкерчиликтүүрөөк жана алда канча конструктивдүү күчтөр келет дегенди түшүндүрөт», - деп белгиледи ал.
Эгерду Грузия менен Россия байланыштарды калыбына келтирип, ошол эле учурда өткөн он жылдагы жетишкендиктерин сактап калса, андан грузин демократиясына чын эле даңазалуу күн келди.

Мэтью Ченс
CNN, 4-октябрь, 2012 –жыл
Которгон
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Грузия Россия Мэтью Ченс
Другие материалы раздела:
Комментарии
карс kg


Публикации Авторов:

23.05.2020
"Ritmeurasia"
В Минздраве Таджикистана сообщили, сколько человек вылечились от COVID-19

21.05.2020
V.Panfilova, NG
В Бишкеке может произойти олигархическая революция

19.05.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Таджикистан поставил региональный рекорд по смертности от COVID-19

18.05.2020
"Tengrinews", KZ
"Про сезон можно забыть". Отдохнут ли летом казахстанцы на Иссык-Куле?

15.05.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстан могут поделить на зоны полевые командиры

12.05.2020
"Tengrinews", KZ
"Обещают повесить": консул Кыргызстана попросил защиты у МВД России - СМИ

12.05.2020
"Ъ"
Кыргызстан попросил Россию снизить цены на газ

12.05.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Ташкент, несмотря на риски, выбрал ЕАЭС

08.05.2020
P.Leonard, EuAs
Токаев откусил кусок бутерброда Назарбаевых

04.05.2020
"Kursiv"
Какая из столиц Центральной Азии самая неудобная для пешеходов

03.05.2020
V.Panfilova, NG
Президент Казахстана лишил дочь Назарбаева поста спикера

02.05.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Казахстан ищет выход из конституционного кризиса

01.05.2020
"Tengrinews", KZ
Правительство Кыргызстана обвинили в "плагиате" постановления у Казахстана

01.05.2020
"Afghanistan.ru"
США приписывают идею сделать из «Талибана» аналог ЧВК

29.04.2020
V.Panfilova, NG
Узбекистан решил усилить Евразийский экономический союз

29.04.2020
"Asia +"
Коронавируса в Таджикистане нет. Кто заполнил все больницы?

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней