Өзбекстан өзүнүн Интернет пайдалануучуларынан коркот
вторник, 2 октября 2012 г. 23:13:09
Өзбектер режим Интернетти катуу көзөмөлгө алып жатканына нааразы

Бишкек, Кыргызстан. Самир Интернетке кирген кезде ал өзүнүн веб-дарегин жашырганга аргасыз, себеби өзүнүн өкмөтүнүн куугунтугунан өзүн коргош керек жана расмий үгүттөн качыш керек.
«Мен жактырган бардык сайттарга кириш үчүн веб-проксини колдоном... Чындыкты жазган жана талкуу жүргүзгөн сайттын баары блоктолуп коюлган. Прокси болбосо мен болгону баары кубанып жана бактылуу жашап жаткандай болгон расмий жаңылыктарды гана окумакмын»,-дейт биздин башка маектештер сыяктуу эле атын гана атагысы келген Самир.
Эми маалымат катуу көзөмөлгө алынган, ал эми өкмөтү дүйнөдө Интернет эркиндигин абдан катуу бузуучу болуп эсептелген Өзбекстанда прокси алуу дагы кыйыныраак болуп бара жатат.
Эл аралык «Freedom House» укук коргоо уюму өкмөт жол берген тартип бузууга мониторинг жүргүзүп, Өзбекстанга быйылкы жылы чыгарган баяндамасында «эркин эмес» деген баа берген. Калктын Интернетке кирүү эркиндигин баалай турган долбоор боюнча Өзбекстан 100 пункттун арасында 77 катарда орун алган, ал долбоор боюнча нөл пункту Интернетке эң эле эркин кирген мамлекеттерге коюлат.
Байкоочулар Өзбекстанга чет элдик инвестиция тартуу боюнча өкмөттүн өнөктүгүн дагы көңүлгө алган эмес. Мамлекет Ташкентте уюштурган маалымат жана коммуникациялар жумалыгында Өзбекстандагы интернет-журналистика жана социалдык түйүндөр сыяктуу багыттагы долбоорлор сунушталды. Көргөзмөгө Индиядан, Израилден, Түштүк Кореядан, Испаниядан, Россиядан жана АКШдан программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар, интернет-провайдерлер жана веб-компаниялар катышты.
Ошого карабай көргөзмө залдар көрүүчүлөрдүн санын көбөйтүш үчүн иш-чарага катышууга аргасыз кылып алып келген студенттер менен мамлекеттик кызматкерлерге толгонун байкоочулар айтышты.
«Биздин университет Ташкенттеги башкы көргөзмө комплексинин жанында жайгашкан», - дейт Өзбекстандын улуттук университеттин журналистика факультетинин студенткасы Феруза. «Өкмөт качан болбосун көргөзмө өткөргөн сайын биздин декан ал жакка массовка керек болгон үчүн барышыбызды талап кылат. Бирок ал жакта кызыксыз».
БУУнун санарип өнүгүү боюнча комиссиясынын маалыматына таянсак, Өзбекстанда жашаган 28 миллион адамдын 30% жакыны Интернет пайдаланат. Бул пайыз Тажикстанга, Түркмөнстанга жана Казакстанга караганда жогору, бирок 5,5 млн. калктын 45 пайызы Интренет колдонгон Кыргызстанга салыштырмалуу аз.
Өзбекстандын өзүнүн жашоочуларынын айтымында, өкмөт Интернеттин бардык артыкчылыктарын колдонууга дайыма тоскоол болот. «Менин өзүмдүн «Friend.uz» деп аталган жеке блогум бар болчу», - дейт сайтында өлкөдөгү бюрократия тууралуу сын комментарийлерди жазган ташкенттик блогчу Михаил. «Аны көп жыл иштеттим, июнда мени полицияга чакырышты. Мага өзүмдүн блогумда Өзбекстанды шылдыңдаган маетерилдарды жарыялап жатасың деп айтышты. Бир ай бою мени суракка чакырып, түрмөгө олтургузабыз деп коркутушту. Акыры сайтты жабууга аргасыз болдум».
Мамлекетти келекке кылды деп айыптагандан тышкары, Интернет пайдалануучуларды «порнографиялык» мүнөздөгү материалдарды жайгаштырып жатасыңар деп күнөөлөшөт. Бирок айрымдардын айтымында, бул айыптоолор бийликке кереги жок сайттарды жабууну акташ үчүн пайдаланылат.
Ташкенттин үй кожойкеси Динар форумда өз ара мамилелер тууралуу маселелерди талкуулаганы үчүн бийликтин «курмандыгы» болгонун айтат. «Мен популярдуу болгон форум түздүм», - дейт 32 жаштагы Динар. «Мени полицияга чакырып, форумумдагы темалардын бири секске арналганын айтышты жана форум порнографияны жайылткан сайттардын категориясына кирет дешти. Мени түрмөгө камайбыз деп коркутушту жан акыры соңу пара берип араң кутулдум», -дейт ал.
Байкоочулардын пикиринде, Өзбекстандын бийлиги кыязы, нааразылык акциясын моблизациялаш үчүн социалдык түйүндөр колдонулган «араб жазынан» соң, социалдык түйүндөр тууралуу абдан тынчсызданып жатышат окшойт.

Руби Рассел
«Washington Times», 1-октябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Өзбекстан Интернет Руби Рассел
Другие материалы раздела:
Комментарии
opel


Публикации Авторов:

02.04.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстан возвращается к президентскому правлению

01.04.2020
"Nezavisimaya gazeta"
COVID-19 пока не добрался до Таджикистана и Туркменистана

28.03.2020
"Oreanda.ru"
В Казахстан из России пытались вывезти 11 тонн антисептика

26.03.2020
V.Panfilova, NG
Страны ЦА спасают свои экономики

25.03.2020
"Kazinform"
Заболевший коронавирусом в Жамбылской области недавно прибыл из Кыргызстана

24.03.2020
V.Panfilova, NG
Пандемия Атамбаеву не помогла выйти на свободу

23.03.2020
"EADaily"
Несмотря на карантин, вирус расползается по всему Казахстану

19.03.2020
L.Kopjasarova,"Cabar"
Казахстан намерен реформировать госполитику в сфере межнациональных отношений

19.03.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Евразийский союз шатает от коронавируса

17.03.2020
V.Panfilova, NG
МИД Таджикистана сделал выговор Госдепу США

12.03.2020
V.Panfilova, NG
Назарбаев поделился с Путиным опытом политического долголетия

11.03.2020
"Ukraina.ru"
Псевдорелигиозные джамааты в Кыргызстана укрепляются на фоне коррумпированности муфтиев – Грозин

11.03.2020
"Vedomosti.ru"
BBC: семья Назарбаева оспаривает арест своей недвижимости в Лондоне

10.03.2020
"Afghanistan.ru"
Перспектива параллельных инаугураций в Афганистане вызвала скептическую реакцию талибов

09.03.2020
Z.Karajanov (R E-A)
Казахстан свяжет себя с соседями соглашениями по общим рекам

09.03.2020
"Eurasianet.org"
Узбекистан отказывается от госзаказа на хлопок

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней