Саакашвили «кайдан-жайдан чыккан немеге» уттуруп жиберди
среда, 3 октября 2012 г. 13:26:26
Михаил Саакашвили жеңилгенин моюнга алат

Силер Грузияда болгон жалпы элдик шайлоодо жеңишке жеткен грузин миллиардери Бидзина Иванишвили тууралуу эмне деп айсаңар дагы, анын тамашакөйлүгү жок деп эч качан айта албайсыңар. «Силер Гилберт менен Джорджду билесиңерби?»,-дейт ал Тбилисидеги өзүнүн «айнек» штаб-квартирасында лондондук сүрөтчүлөр тарткан чоң картинанын жанында туруп. Андаң соң ал бул картинаны алдына туруп сүрөткө түштү. Картинадагы чакырыктардын биринде «Say Fuck Off to Rich Bastards» («Жетесиз байларды алыс кубалагыла») деп жазылган.
Окуялардын күтүүсүз бурулушунда Иванишвилинин коалициясы президент Михаил Саакашвилинин жана анын «Бирдиктүү улуттук кыймылынын» (БУК) үстүнөн жеңишке жетишти. Сурамжылоонун жыйынтыктары БУК шайлоону утат деп көрсөтүп жаткан. «Жана биз бул жыйынтыктарга ишенгенбиз», - дейт президент Саакашвилинин таң калган жардамчысы.
2-октябрдын түш жарымында Саакашвили жеңилгенин мойнуна алыш үчүн экранда пайда болду. Иванишвилинин «Грузин кыялы» коалициясы тууралуу ал: «Бул коалициянын көз карашы менен мен дагы эле таптакыр келишпей турганымды жакшы билесиздер. Биздин ортобузда терең пикир келишпестик бар жана биз алардын көз караштары туура эмес деп эсептейбиз. Бирок биздин өлкөдөгү демократия ушундай иштеп жаткандыктан грузин эли чечимди өз алдынча кабыл алат. Жана бул биз урматтай турган нерсе», - деди. Ал өзүнүн кыймылы оппозицияга кете турганын айтты.
Балтика боюндагы өлкөлөрдү кошпогондо бул эң сонун окуя. Оппозиция Саакашвилини диктатор жана автократ деп күнөөлөп келген, бирок эми анын партиясы бийликти колдон чыгарды. Жаңы парламенттик шайлоодон жыйырма күн өткөндөн кийин жаңы парламент Кутаиси шаарына чогулат. Андан соң жаңы өкмөт түзүлмөкчү.
Президентке жакын булак «Грузин кыялы» парламентте 84 орунга ээ болгон кезде, БУК 66 орунду алат деп күткөнүн айтат. Саакашвили өз милдетин дагы бир жыл аткармакчы. «Бул болсо, - дейт мурдагы билим министри, азыркы академик Гиа Нодиа, - эми партиялар кызматташууга мажбур болот деген сөз, бирок алар ошенте алабы - бул башка маселе».
Грузиядагы шайлоо алдындагы өнөктүк түйшүктүү болду. Өткөн айда кишилерди түрмөдө сабап жана кыйнап жаткан видео пайда болгон соң, Иванишвилинин партиясын ийгилик жылоолоду. Бирок БУК буга окшогон видео монтаждалган деп эсептейт.
2012-жылдагы америкалык «Форбс» журналынын тизмесинде өз байлыгын Россиядан топтогон Иванишвили дүйнөдөгү эң бай адамдардын арасында 153-орунду ээлеген. Анын байлыгы 6,4 млрд. АКШ долларына бааланат жана бул Грузиянын 2011-жылы 14,37 млрд. долларды түзгөн ички дүң өндүрүмүнүн жарымына жакын.
Көп жылдар бою Иванишвили ал тургай чиркөө менен искусствонун негизги колдоочусу болгонуна карабай, Грузияда эл аны таптакыр билген эмес. Бирок бир жыл мурда өлкөдөгү саясий жагдайга кекиртегинен тойгон Иванишвили «өлкөнү мыкты башкара алам» деген чечимге келген. Өзү журналисттерге айткандай, өлкөнүн өкмөтү «советтик өкмөткө окшош». Ал «Россияга салыштырмалуу адам эркиндиги абдан эле начар», - деп айтты.
Иванишвили «Грузин кыялы» аттуу блок жана алты партиядан турган коалиция түзгөн. Партиялар андан акча алып, Саакашвилини жек көргөнүн эске албаганда, жалпы эч нерсеси жок. Партия башчыларынын көбү да бири-бирин жаман көрүшөт, айрымдарына Иванишвилинин өзү да жакпайт.
Саакашвили 2003-жылдагы «розалар ыңкылабынан» соң бийликке келген. Тогуз жыл өтпөй мурдагы талкаланган советтик республикадан жаңы мамлекетке айлануу менен өлкө таанылгыстай өзгөрдү. Саакашвилини жана анын кесиптештерин Грузия башынан кечирген оң жыйынтыктар үчүн баалагандар аз. Көпчүлүгү «өлкө авторитардуу болуп калды жана тогуз жыл бийликте олтуруу тууганчылык үчүн жетишерлик, байлар аз, ал эми катардагы адамдардын жашоосу кыйын» деп эсептешет.
2008-жылы Грузия андан бөлүнгөн эки аймак: Абхазия жана Түштүк Осетия үчүн болгон чатакта Россиядан жеңилип калган. БУК өзүнүн миллиарддаган байлыгын топтоп келген Россия менен болгон мамилелерди оңдоо тууралуу айтып жаткан Иванишвилини Кремлдин так текеси деп билдирди. Өзүнүн жеңиштен кийинки сөзүндө Иванишвили НАТОго кирүү анын максаты экенин айтты. Сөз сүйлөрдүн алдында ал анын биринчи чет элге чыккан иш сапары Вашингтонго багытталышы мүмкүн экенин айтты. «Тышкы саясат боюнча эч кандай талаш жок. Бул Европа, Евроатлантикалык интеграция жана НАТО. Башка альтернативалар болушу да мүмкүн эмес», - дейт ал.
Саакашвилинин тарапташтары «бул Батышты тынчтандырыш үчүн гана айтылган кооз сөздөр» деп таптакыр ишенбей турушат. Алар «Украинанын президентигине Батышты жактаган талапкер болуп чыккан Юлия Тимошенко 2010-жылы шайлоодо жеңилген соң, жаңы президент Виктор Янукович дагы ушундай сөздөрдү айткан» деп белгилешүүдө. Эми НАТОго жана Евробиримдикке интеграциялануу бери дегенде азыр, Украина үчүн маанисин жоготуп койду. Ал эми Юлия Тимошенко түрмөдө олтурат.
Кетип жаткан өкмөттүн министри Эта Ткешелашвили «НАТОго кирүүгө ниеттенип туруп Иванишвили Россия менен жакшы саясий мамилелерди колго ала турганын элестетиш кыйын» дейт. Дагы бир кетип жаткан министр Торнике Гордадзе: «Жолборсту тынчтандыруунун жакшы жолу - ал сизди жутуп коюшуна мүмкүнчүлүк беришиңиз» дейт. Россиянын президенти Владимир Путин 2008-жылы президент Саакашвилини «чатынан» аскысы келгенин айткан.
Шайлоонун так алдында жеңилип калган тарап өзүнүн жеңилишин мойнуна албагандыктан келип чыга турган туруксуздук тууралуу апыртылган коркунучтуу кептер айтылып жаткан. Бирок андай болгон жок. Эми Грузия парламенттеги күчтүү оппозиция менен жашашы керек, ошодой эле жалпы тил табыша албаган президент менен өкмөт башчынын «биргелешкен турмушун» башынан өткөрүүгө тийиш. Батыш демократиясы үчүн бул катардагы көрүнүш. Бирок Грузия - бул таптакыр башка дүйнө.

«Economist», 2-октябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Саакашвили Иванишвили шайлоо
Другие материалы раздела:
Комментарии
купить авто в бишкеке


Публикации Авторов:

24.02.2020
"Zakon.kz"
Казахстан пожалуется на Кыргызстан в ВТО

24.02.2020
"Eurasianet.org"
Туркменистан: маскируя реальность - обзор событий

24.02.2020
A.Yuldashev (A+)
Бишкек и Душанбе договорились обменяться 23 гектарами земли

23.02.2020
“Review.uz”
Узбекистан разместит у себя серверы Google, Facebook и Yandex

21.02.2020
"UzReport.uz"
Сингапурская компания предложила Ташкенту сотрудничество по переработке отходов

21.02.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызы вытолкали из страны китайского инвестора

19.02.2020
V.Panfilova, NG
Таджики объявили своей Баткенскую область

17.02.2020
"Zakon.kz"
В Узбекистане признали, что мирных жителей в Андижане расстреляли правительственные войска

17.02.2020
"Asia plus"
Жители села Сомониён: «Если отдадим наше село, Чоркух высохнет»

13.02.2020
G.Ivanova (Iz)
Свято место: почему США возвращаются в Центральную Азию

13.02.2020
"Eurasia.expert"
ЕАБР профинансирует масштабный инфраструктурный проект в Казахстане

12.02.2020
V.Panfilova, NG
Туркменистан укрепляет границу с Афганистаном

11.02.2020
"Nezavisimaya gazeta"
К-Т. Токаев уволил силовиков

10.02.2020
V.Panfilova, NG
Погромы в Казахстане покрывали госорганы

06.02.2020
V.Panfilova, NG
Душанбе не спешит в Евразийский союз

06.02.2020
"RIA Novosti"
В Москве умер сын экс-президента Кыргызстана, сообщили СМИ

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней